Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:34

Аба ырайы: Күн жылый баштайт


Нарындагы Ара-Көл көлү. Иллюстрациялык сүрөт.
Нарындагы Ара-Көл көлү. Иллюстрациялык сүрөт.

21-январда Кыргызстандын аймагында кар жаабайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5;

Ысык-Көл кылаасында түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…5;

Нарын аймагында түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -11…-16 градус болот.

​21-январда борбор калаа Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүз -1…+1° градусту түзөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG