Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Нарын: Милиционердин өлүмү боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында милиция кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 20-январда билдиргендей, кызматтык иликтөө жана тергөө жүрүүдө.

Окуя 18-январда Нарын шаарында болгон. 36 жаштагы милициянын капитанынын сөөгү үйүндө жипке асынган абалда табылган.

Милиция бул окуяны суицид деп атоодо. Маркумдун денесинде күч колдонуу белгилери аныкталбаганы маалымдалды. Ата-энеси жана жакын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартып, эч кимге доосу жок экенин билдиришти.

Каза болгон адам жергиликтүү милицияда он жылдан бери кызмат өтөп келгени, кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасында бөлүм командири болуп иштеп жатканы, артында үч баласы калганы белгилүү болду. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG