Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Өзбекстанда кыргызстандык сиам эгиздерди бөлүү операциясы жасалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандык дарыгерлер кыргызстандык ымыркай сиам эгиздерди бөлүү операциясын ийгиликтүү өткөрүшкөнүн 19-январда өзбек Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, өтө татаал деп мүнөздөлгөн бул операцияны бир ай мурда өлкөнүн тажрыйбалуу дарыгерлер тобу жасады, ымыркай кыздардын абалы туруктуу, аларды жакын арада үйүнө чыгарышат.

Эм кыздардын апасы, Ош шаарынын тургунуна былтыр 31-майда Бишкекте кесардык ыкма менен операция жасалганы, анда 29 апталык ымыркайлардын жалпы салмагы 1600 грамм болгону, кийин наристелердин ата-энеси өзбекстандык дарыгерлерге кайрылышканы маалым болду.

Кыргызстанда 2021-жылы 1387 эки эм, 15 үч эм төрөлгөн. Былтыркы жыл боюнча расмий маалымат жарыялана элек. (RK)

XS
SM
MD
LG