Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Милиция Бишкектеги мектептерде жардыргыч зат табылбаганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги окуучулар эвакуацияланган айрым мектептерде эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, маалымат түшкөн мектептерди саперлор текшерип чыгышты.

20-январь күнү эртең менен Бишкек шаарындагы беш мектептин окуучулары, бардык кызматкерлер бомба коюлганы тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланган. Мындай маалымат №33, №63 мектеби жана "Илим", "Сейтек STEM", Айтматов атындагы лицейге келген.

Тигил же бул жерде жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар буга чейин да жашыруун айтылып, адамдар эвакуацияланып, бирок кийин ал жалган экени аныкталган окуялар болгон.

Кыргызстанда "бомба коюлду" деп жалган маалымат тараткандарга Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси, тактап айтканда, "Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" айыбы боюнча кылмыш иши козголот. Анда айып пул төлөп, кара жумушка тартуу же үч жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жазалар каралган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG