Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:57

Эрдоган кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды


Эрдоган кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Эрдоган кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

25-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара шаарында Түркиядагы жер титирөөдөн кийин куткаруу иштерине жардам берген чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) министрликтин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүнов Түркиянын Мамлекеттик медалын ал эми Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаев Ардак грамота алганын билдирди.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерине катышып урандылардын арасынан сегиз адамды тирүү куткарып, каза болгон 198 кишинин сөөгүн табышкан.

Түркия менен Сириянын чектеш аймагында 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллдык жер титирөө дагы кайталанган.

Расмий Анкара зилзаланын курмандыктары 50 миңден ашканын билдирген. Сирияда 6 миңдей адамдын өмүрү кыйылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG