Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жыйыны болбой калды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 26-апрелдеги жалпы жыйыны болбой калды. Парламенттин басма сөз кызматы муну күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорлорунун авторлору жүйөлүү себептерден улам жыйынга катыша албаганы менен байланыштырды.

Ушундан улам 26-апрелде каралчу маселелер 27-апрелде өтө турган жыйындын күн тартибине бириктирилди. 27-апрелде биринчи ар кандай маселелер болот. Андан кийин 10 мыйзам долбоору каралат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана айрым депутаттар ушул күндөрү Орусияда расмий иш сапары менен жүрөт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган. Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, үч депутаттык топ бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG