Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар кайра эвакуацияланды


Бишкектеги мектептердин биринин окуучуларын эвакуациялоо учуру. 20-апрель.
Бишкектеги мектептердин биринин окуучуларын эвакуациялоо учуру. 20-апрель.

Бишкек шаарында бир катар мектептерге 26-апрелде эртең менен бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар сыртка чыгарылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы №90, 63, 62, 4, 33, 17, 59, 62 мектептерде, ошондой эле жеке менчик “Рифал” жана Oxford билим берүү мекелеринин окуучулары эвакуацияланганын кабарлады.

Бишкекте 18-20-апрель күндөрү да бир катар окуу жайлардын жана мектептердин имаратына бомба коюлганы тууралуу кабар түшкөн. Мындан улам бардык имараттардагы адамдар эвакуацияланып, сапёрлор барган. Текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат коюлбаганы маалым болгон.

Бул маселе Жогорку Кеңештин жыйынында да көтөрүлүп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары Айбек Шаменов билдирүү тараткандарды аныктоо мүмкүн болбой жатканын айткан. Анын сөзүнө караганда, электрондук катты жөнөткөн аккаунт Орусия же Украинанын аймагында катталган деген маалыматтар бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG