Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын 100% акциясы мамлекетке өтөт


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

“Кумтөр Оперейтинг компани” жабык акционердик компаниясынын 100% акциясы мамлекеттин менчигине өтөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы 25-апрелде кабарлады.

Маалыматка ылайык, өкмөт бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда жана алардын долбоордук компаниясы “Кумтөр Оперейтинг Компани” болот. Ушундан улам ишкананын акцияларына мамлекеттин ээлик кылуу зарылчылыгы келип чыкканы айтылат. Ошентип, өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик “Кумтөр Оперейтинг компанинин” акционери болуп калат.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” компаниясы 1992-жылы макулдашууга кол койгон. 1993-жылы “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасы түзүлүп, 1996-жылы алтын өндүрүлө баштаган. Ошол учурда “Кумтөр Оперейтинг Компани” Кумтөр долбоору боюнча башкаруучу компания болчу.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишиминен кийин “Кумтөр Оперейтинг компанинин” 100% акциясы “Кыргызалтын” ишканасына өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG