Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Түркия: президенттик шайлоодо Эрдоган жеңди


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркиянын жарандары биринчи жолу президенттик шайлоодо түз добуш берди. Эрдоган шайлоодо 52% добуш менен жеңгени жарыяланды.

Түркиянын шайлоо комиссиясынын төрагасы Сади Гювен премьер- министр Режеп Тайип Эрдоган президенттик шайлоодо 52% добуш менен жеңгенин жарыялады.

Алгачкы түз добуш берүү аркылуу өткөн шайлоодо Эрдоган жетиштүү добуш топтогонуна байланыштуу экинчи айлампа болбойт.

Түрк маалымат каражаттарынын кабарлашынча саналган добуштардын 52% Эрдоган алса, Ислам кызматташтыгы уюмунун мурдагы баш катчысы Экмеледдин Ихсаноглуну шайлоочулардын 38,5% колдогон. Тынчтык жана демократия партиясынын төрагасы Селахаттин Демирташ 9,8% добуш жыйнай алды.

Кыргыз президенти Эрдоганды куттуктады

Түркияда иш-сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев кечээ өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Эрдоганды эл алдында түркчө куттуктады.

- Түркия 12 жыл мурда башка өлкөлөрдөн карыз сураган чабал өлкө болчу. Эми башка өлкөлөргө жардам берген өлкөгө айланды. Мунун баары Түркиянын лидери Тайип Эрдогандын реформаларынын жемиши,- деди Атамбаев Анкарада чогулган калың эл алдында.

Атамбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп жатканда Эрдоган анын жанында туруп, калың эл сүрөөнгө алып турду.

Түркия республикасы негизделген 90 жылдан бери президентти парламент шайлап келген.

Атамбаев Эрдоганды жеңиши менен куттуктады

Эрдоган шайлоого катышарын кеч айтты

Талдоочулар арасында Эрдоган президент болуп шайланса, Конституцияны өзгөртүп, бардык бийликти президент Путиндей өз колуна топтойт, Түркияда авторитардык жана күчтүү борборлоштурулган бийликти орнотот деген көз караштар айтылып келет.

Байкоочулар Түркияда калк экиге бөлүнүп калганын, биринчиси Эрдоганды жактагандар, экинчиси ага каршы чыккандар экенин белгилешет. Эрдоган атайлап элди экиге бөлүп, базасын күчтөндүрүп жатат дегендер да бар.

Президенттике талапкер 2003-жылдан берки премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган шайлоодо жеңсе, Конституцияны өзгөртүп, президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтөөрүн айтып келет. Эрдогандын мындай пикири коомчулукта чочулоону жаратууда.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, шайлоонун башкы фаворити, учурдагы премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган акыркы кездери коррупцияга байланыштуу бир нече чиновниктин камалышы менен өз жактоочуларын жоготуп алган кези. Ушундан уламбы шайлоо астында эгер утулуп калса, саясаттан кетерин жарыялады.

Эрдоган шайлоого катышаары тууралуу көпкө айтпай жүрүп, ал жетектеген Адилеттүүлүк жана өнүктүрүү партиясы муниципалдык шайлоодон жеңген кезде гана талапкерлигин койду. Учурда ал саясий өнөктөшү, учурдагы мамлекет башчысы, буга чейин саясаттан кетерин жарыялаган Абдулла Гүлдүн ордун ээлөөгө умтулуп жатат. Буга чейин бийликти сактап калуу үчүн башкаруучу партиянын негиздөөчүлөрү Эрдоган менен Гүлдүн орун алмашары айтылган. Бирок өткөн жайда Таксим аянтына чогулган демонстранттар бийликтин буйругу менен суу бүркүгүч жана көздөн жаш агызчу газ менен таратылган соң эки лидердин ортосуна жарака түштү. Анда президент премьер-министрдин дарегине ачуу сын айткан эле.

Демирташты улутчулдар жактырбады

Байкоочулардын баамында 41 жаштагы Селахаттин Демирташ калктын жакыр катмарына, жаштарга жана коомдогу орто топко таянат.

Түрк республикасынын тарыхында биринчи жолу күрттөрдүн өкүлү Селахиттин Демирташ шайлоого катышты. Бул өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн ээлеген түркиялык күрттөр арасында колдоого ээ болду. Анткен менен бул кабарды түрк улутчулдары жактырбоо менен кабыл алып, шайлоо астында атайын каршылык акцияларын өткөрдү. Алардын пикиринде, Демирташ президент болуп калса, Түркиянын биримдигине коркунуч келиши ыктымал.

Демирташты күрттөрдүн түрк парламентинде салмагы бар Тынчтык жана демократия партиясы президенттикке көргөзгөн. Көп балалуу үй-бүлөдө туулган бул лидер Түркиянын түштүк-чыгышында иштеп, күрттөрдүн укугун коргоп чыкканы үчүн соттолуп, кийин кайра акталган.

- Эгер күрт талапкер жеңип чыкса, анда бул Түркия үчүн чоң жеңиш болот дейт, - Стамбулдагы дүкөндөрдүн биринин ээси Ахмед.

Ахмеддин айтымында, бийлик узак жылдардан бери эле күрттөрдү “түрктөштүрүү” саясатын жүргүзүп, эне тилинде сүйлөөгө тыюу салып, каршылык көргөзгөндөрүн камап келет.

- Демирташ адам укугу жана демократия эмне экенин билет. Ал ар кайсы партия өкүлдөрү менен сүйлөшүп, тил табышууга көнгөн жана түрк султанына айланып, бардык саясатты колго алган Эрдогандан айырмаланып тынч мамиле түзө алат, - деп ишенет Ахмед.

Түрк оппозициясындагы ажырым

Түрк оппозициясынын арасында азыр ажырым күч. Башкы оппозициялык партиялар учурда Түркиядагы Ислам кызматташтыгы уюмунун мурдагы генералдык катчысы Экмеледдин Ихсаноглунун талапкерлигин колдоодо. Бирок айрым бир элдик республикалык партиянын өкүлдөрү талапкердин басып өткөн жолунан улам күмөн санап турушат. Ихсаноглу диний университеттин бүтүрүүчүсү жана буга чейин түрк коомчулугунда исламды бекемдөөгө колдоо билдирип келген.

Түркиянын Юстиция министрлигинин кызматкери, социология илимдеринин доктору Кудрет Артыкпаевдин айтканына караганда, Ихсаноглу динге жакындыгы менен башка талапкерлерден айырмаланат. Ал Республикалык элдик партия менен Улуттук аракет партиясынын орток талапкери.

Ихсаноглу дагы президенттин ролун өзгөртүүнү кааларын айтып келет. Ал мамлекет башчынын саясий жашоого жигердүү катышуусун орунсуз деп эсептейт.

Көз карандысыз журналист жана жазуучу Нехат Генч талапкерди “светтик имам” деп атады:

- Ихсаноглу элге жакын болуу керектигин айтып, шайлоо кампаниясы учурунда шайлоочулар менен көзмө көз жолукту. Элдин көптүгүн жактырып, стадиондорду толтурган Эрдогандан айырмаланып ал тоолуу райондордогу калктуу пункттарга чейин барды. Ал айрым бир бийликке келгиси келген диний чөйрөнүн өкүлдөрү менен да жолукту. Мындай талапкердин чыгышы түрк оппозициясындагы келишпестиктен кабар берет.

Нихат Генч оппозициянын башкы талапкери башкаруучу партия жүргүзүп жаткан өлкөнүн учурдагы саясий курсуна олуттуу таасир эте албасын өкүнүү менен белгиледи.

Түркиянын айрым жашоочулары учурда палестиндердин жана Хамас террористтик уюмунун шайлоого колдоо билдиришине, түрк бийлигинин Сирия чатагына кийлигишкенине, миңдеген сириялык качкындардан Түркиянын ири шаарларына толушуна жана бул көйгөйдү чечүүгө аракеттин жоктугуна нааразы.

XS
SM
MD
LG