Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Түрк премьери коррупциялашкан деп "айыпталууда"


Эрдоган анын уулу менен телефондо сүйлөшкөнүн угууну "купуялуулукка жасалган чабуул" катары айыптады.
Эрдоган анын уулу менен телефондо сүйлөшкөнүн угууну "купуялуулукка жасалган чабуул" катары айыптады.

Режеп Тайип Эрдоган шейшембиде парламенттеги өзүнүн башкаруучу “Акыйкаттык жана Өнүгүү партиясынын” мүчөлөрүнө кайрылып, уулу менен телефон сүйлөшүүлөрүнүн жашыруун жаздырылганын катуу айыптады.

Оппозиция болсо андан коррупцияга байланышкан бул жаңжалдан кийин отставкага кетүүнү талап кылды.

Түрк өкмөтүнүн башчысы Режеп Тайип Эрдоган уулу экөө кантип миллиондогон евро акчаны бекитүүнү сүйлөшкөн делген телефон сүйлөшүүлөр жазылган аудионун таркап кетишин катуу айыптады.

Анкарада парламентте АК партиясына сүйлөгөн сөзүндө ал: "Бул – Түркия республикасынын премьер-министрине каршы чыккынчылык менен жасалган чабуул, - деди. - Мен өзгөчө белгилеп айткым келет – бул Режеп Тайип Эрдоганга же АК партиясынын лидерине эмес, Түркиянын өкмөт башчысына каршы жасалган зөөкүр чабуул".

Эрдогандын билдирүүсү Түркияда өкмөт коррупциялык айыптоолор менен байланышкан соңку жаңжалды кантип басуунун жолун таппай, баш катырып турган чакта жасалууда.

Оппозициялык "Улуттук Аракет" партиясынын лидери Девлет Бахчели ачыкталган телефон сүйлөшүүлөрүн “акылга сыйгыс” деп сүрөттөп, сот органдарын окуяга кийлигишип, аны кылдат иликтөөгө үндөдү.

Түркиядагы башкы оппозициялык Республикалык элдик партия дүйшөмбүдө кечинде чукул жыйын өткөрүп, Эрдогандан отставкага кетүүнү талап кылды.

Эрдоган өзү ага жана айланасындагыларга каршы коррупция боюнча айтылып жаткан айыптоолор алдыдагы шайлоолорго байланышкан каралоо экенин айтат. Түркияда келерки айда жергиликтүү кеңештерге шайлоо, ал эми августта президенттик шайлоо өтмөкчү.

"Биз соңку окуялардын баарына карата мыйзамдуу аракеттерди көрөбүз. Биз бул инциденттердин баарын эске алабыз, - деди премьер. Буга көз жумуп койсок, өлкөбүздө бир да үй-бүлөнүн купуялыгы, бир да мамлекеттик сыр сакталбай калат".

Ушул аптанын башында интернеттеги Youtube сайтында түрк премьери өзүнүн уулу менен сүйлөшкөн делген аудио-тасмалар коюлган. Декабрда жаздырылып алынганы айтылган ал сүйлөшүүлөрдө Тайип Эрдоган антикоррупциялык операция тууралуу уулуна сүйлөйт. Ага үйдөгү бар акчаны тууган-туушкандарына бөлүштүрүп салууну буйруйт. Кийинчерээк уулу атасына аткарылган иш тууралуу отчет берип, акчанын негизги бөлүгү үйдөн чыгарылып кеткенин, “азыр болгону 30 млн. евродой эле калганын" айтат.

Түркиянын маалымат каражаттары жазышкандай, полиция өлкөдөгү саясатчылар, журналисттер жана чиновниктерди, белгилүү инсандарды кошкондо, жалпысынан жети миңдей кишинин телефонун акыркы бир нече жылдан бери угуп келгенин жазып жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG