Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Түркия: тымызын тирештин эпкини


Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган (оңдо) маданият министри Омер Челик менен Анкарадагы салтанатка баратышат. 18-декабрь, 2013-жыл
Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган (оңдо) маданият министри Омер Челик менен Анкарадагы салтанатка баратышат. 18-декабрь, 2013-жыл

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган акыркы күндөрдөгү коррупциялык чатакты “кара өзгөйлөр” уюштурду деп эсептейт. 21-декабрда жемкорлукка тиешеси бар деп шектелип, 24 адам камакка отургузулган.

Алардын арасында ички иштер жана экономика министрлеринин уулдары, ошондой эле чоң банктын башчысы бар. Эрдоган камакка алууларды “кутум” катары сыпаттап, полиция жана сот мекемелерин андай кадамга “көкүтүүгө” тиешеси бар деп, чет жерлик дипломаттарды күнөөлөдү. Бирок алар кайсы өлкөдөн экенин айтпады.

21-декабрда камалган бардык 24 адам коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган ошол эле күнү Самсун провинциясында өз тарапкерлери алдында сүйлөп, жемкорлукка байланыштуу камакка алууларды чет элдик дипломаттардын “көкүтүүсү” менен жасалган иш сыягы сыпаттады:

- Акыркы күндөрү, таң калычтуусу, элчилер кээ бир бузуку аракеттерге аралашты. Мен аларга бул жерден кайрылам: бул силердин ишиңер эмес. Эгер силер өз вазийпаңардан чыгып кетсеңер, биздин өкмөттүн юрисдикциясына өтүп кетесиңер. Биз силерди өз өлкөбүздө кармабайбыз. Эгер түрк элчилери силердин өлкөңөрдө мындай оюндарга аралашса, бизге билдиргиле. Силерге аларды артка айдоонун кереги жок. Биз аларды токтоосуз чакырып алабыз.

Эрдоган бирок дипломаттар кайсы өлкөлөрдөн экенин айтпады.

Студенттер "АК партиясы элди карактоодо", "Университеттердин студенттери партияны жооп берүүгө чакырат" деген ураандар менен демонстрация өткөрүшүүдө. "Халк банкынын" Стамбулдун Бешикташ районундагы бөлүмүнүн алды, 19-декабрь, 2013
Студенттер "АК партиясы элди карактоодо", "Университеттердин студенттери партияны жооп берүүгө чакырат" деген ураандар менен демонстрация өткөрүшүүдө. "Халк банкынын" Стамбулдун Бешикташ районундагы бөлүмүнүн алды, 19-декабрь, 2013
Камалгандардын ичинде ички иштер министри Муаммер Гюлердин уулу Барис Гюлер, экономика министри Зафер Чаглаяндын уулу Каан Чаглаян бар. Алар менен кошо мамлекеттик "Халк банкынын" төрагасы Сулейман Аслан жана ирандык ишкер Реза Зерраб да абакка отургузулду. Теги азербайжан Зеррабдын Түркиядан Иранга миллиарддаган доллар алтынды мыйзамсыз сатканы жана Иранга каршы эл аралык эмбаргону бузганы айтылат.

Полициянын билдиришинче, Сулейман Асландын үйүнөн бут кийимдин кутусуна катылган 4,5 миллион доллар табылган. Аслан өзү акчаны медреселерге соопчулукка бергени сактап жүргөм деп актанды.

Экономика министри Зафер Чаглаян, “Файнэншл Таймс” гезитинин жазышынча, ирандык бизнесмен Реза Зеррабдан 300 миң долларлык саат пара алган деп да шектелүүдө.

Мамлекетик заказдарды курулушта бөлүштүрүүдө ар кандай көз боёмочулуктарды жасашкан деп шектелип, экология жана шаарды пландоо министри Эрдоган Байрактардын уулу да тергөөчүлөргө сурак берди. Байрактардын баласы менен анын «чөнтөктөштөрү»: курулуш магнаты Али Агаоглу жана Стамбулдун бир районунун акими Мустафа Демирге, прокурордун чечимине ылайык, шаардан сыртка чыгып кеткенге уруксат жок. Демир Түркияны 2002-жылдан бери башкарган "Адилеттик жана өнүгүү" партиясынын мүчөсү.

Премьер-министр Эрдоган өкмөт мүчөлөрүн коргоого алды жана коррупцияга байланыштуу ишти иликтөө абдан зор кылдаттыкты талап кыларын эскертти:

- Айыптоону иликтөө адилеттик үчүн керек. Ал өкмөттөн кимдир бирөө, же сот органдарынан, же АК партиясынын мүчөсү болушу мүмкүн. Биз бардык чараларды жасайбыз. АК партиясы өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөшүү үчүн келди.

Режеп Тайып Эрдоган камакка алууларга жооп ирети Ички иштер министрлигинде «тазалоо» жүргүздү. 17-декабрдан бери полициянын 67 мартабалуу офицерин кызматтан четтетти. Аларды өкмөт башчы "кызмат абалын натуура пайдаланды, премьердин чөйрөсүндөгү адамдарга байланыштуу тергөө жөнүндө мага кабарлаган жок",- деп күнөөлөдү.

Эртеси 22-декабрда Стамбулда коррупцияга каршы миңдеген адамдар катышкан демонстрация өттү. Полиция демонстранттарды көздөн жаш агызчу газ атып таратты.

Талдоочулар байкагандай, жемкорлукка байланыштуу азыркыдай чоң масштабдагы чат
Таанымал улама Фетхулла Гюлен жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган
Таанымал улама Фетхулла Гюлен жана премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган
акка премьер-министр Эрдогандын жакын чөйрөсү биринчи жолу түздөн-түз «малынууда». Түркиялык серепчилердин боолгошунча, өлкөнүн өзүнөн башка эл аралык коомчулуктун да көңүлүн бурдурган ызы-чуунун чыгышына Эрдогандын өкмөтү менен көрүнүктүү улама Фетхуллах Гюлендин ортосундагы тирешүү себеп болду. Гюлен «Хизмет» коомдук кыймылына таандык мектептерди жабууга каршы. Ал узак жылдардан бери АКШда жашаганы менен Түркиядагы саясатка таасири күчтүү.

Пенсильвания штатындагы Лихай университетинин профессору Генри Баркейдин айтымында, Эрдоган дайыма кризистен кийин кадимкидей бутуна туруп кетчү. "Бирок азыркы коррупциялык чатактан кийин мурдагыдай кубаттуу жана кадыр-барктуу боло албайт",-, деди профессор Баркей.

XS
SM
MD
LG