Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:18

Түркия миграция саясатын катаалдаштырды


Түркия.
Түркия.

Түрк бийлиги быйыл үч айда эле 28 миңдей чет өлкөлүк депортациялаганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү оогандыктар жана пакистандыктар экени айтылууда.

Cерепчилер 14-майга белгиленген президенттик шайлоодон улам Анкара чет өлкөлүктөрдү "тазалоо" иштерин тыкыр көзөмөлгө алганын белгилеп жатат.

Үч ай кармоочу жайда жаткан Азамат

Кыргызстандык Азамат Түркиянын Стамбул шаарына 2020-жылы барып, сатуучу болуп ишке орношкон. Туруктуу жашоого уруксат алуу үчүн керектүү документтерди чогултуп, тапшырганы менен ага виза чыккан эмес.

Коронавирус пандемиясы учурунда учак каттамдары токтогондуктан, Кыргызстанга кайта албай Стамбул шаарында мыйзамсыз иштей баштаган. Ал эки жарым жылда бир канча жолу полициянын текшерүүсүнө кабылган.

"Акыркы төрт-беш айдан бери катуу текшере баштады. Буга чейин деле текшерүүлөр болчу, бирок полицияга "визамдын мөөнөтү өтүп кетти, кетип баратканда жазамды төлөп, анан чыгам" десем коё берчү. Айрыкча кыргызстандык экенибизди көрүшкөндө, "биз бир тууганбыз" деп полиция кызматкери деле орой мамиле кылчу эмес".

Миграция департаменти. Измир шаары. 2016-жыл.
Миграция департаменти. Измир шаары. 2016-жыл.

Азамат 2022-жылдын аягында полиция кызматкерине кармалып, оболу Стамбулдагы чет өлкөлүктөрдү депортациялоо борборуна, андан кийин ноябрда Эрзурум шаарындагы борборго которулган.

"Эрзурум деген шаар Стамбулдан 1700 чакырым алыста экен. Ал жерге төрт автобус толо чет өлкөлүктөр бардык. Ошондо мага үч жолду сунуштады. Бири жыл ушул жайда калсаң, кийин чыгарыласың" дешти. Экинчиси - сотко кайрылып, адвокат жалдашым керектигин айтышты. Ал эми үчүнчү жолу - депортация экен. Анда "бир жума ичинде депортациялана турган чет өлкөлүктөргө кошулуп, мекениңе кетесиң" дешти. Эрзурумдагы чет өлкөлүктөрдү кармоочу жайда менден мурда барган түркмөнстандык жигиттер бар экен, алар "жыл аяктап калды, декабрда мунапыс чыгып калышы мүмкүн, күтүп тур" дешкенинен калып калдым. Кармоочу жайдын талаптары катаал болгону менен шарттары жаман эмес экен. Бир гана телефон колдонууга уруксат жок, бирок таза, үч маал тамагын берет дегендей. Ошентип ноябрь, декабрь, январь айы өттү. Бирок амнистиядан кабар жок. Адвокат жалдайын десем эч ким кепилдик берген жок. Анан депортацияга макул болууга туура келди. Ошентип быйыл февралда Кыргызстанга келдим".

Азамат учурда Кыргызстанда соода менен алектенүүдө. Ага беш жылга Түркияга кирүүгө тыюу салынган.

Депортация борборлорунда 450дөй түркмөнстандык бар

Ал эми 12-апрелде "Адам укуктары боюнча Түркмөн Хельсинки Фонду" уюму ушул тапта Анкарага жакын “Чанкыры” депортация борборунда жүздөй, Ван шаарында 139, Эрзурумда 200дөй түркмөнстандык кармалып турганын жарыялады.

Аннадурды Хажиев.
Аннадурды Хажиев.

Укук коргоочу Аннадурды Хажиев "Азаттыкка" билдиргендей, Түркияда депортация борборунда түркмөн жарандары айлап чечим күтүп отурушат.

"Түркмөнстандык мигранттар кыргыз же өзбек мигранттарга салыштырмалуу Түркияда кептелип калды. Анткени элчилик менен консулдук алардын тагдырына кайдыгер карап, такыр байланышпайт. Түркмөнстандык мигранттар, укук коргоочулар, жада калса түрк бийлигинин мыйзамсыз жүргөндөр тууралуу каттарына элчилик жооп бербейт. Ойлосоңуз, эгер үч депортация борборунда эле 450дөй түркмөн кармалып турса, мындай борборлор Түркия боюнча ондоп саналат. Анда кеминде миңдей түркмөн жараны учурда жардамга жана колдоого муктаж", - деди түркмөнстандык укук коргоочу.

Белгилей кетсек, эки өлкө ортосундагы 15 жылдык визасыз режим маалында Түркия түркмөнстандыктар арасында эмгек миграциясы үчүн эң популярдуу багыт болуп калган. Көз карандысыз булактардын маалыматында ал жакта бир миллиондой түркмөнстандык бар. Бирок былтыр сентябрда Түркия расмий Ашхабаддын өтүнүчү менен түркмөн жарандарына визасыз режимди жойгон.

Укук коргоочулар бул эреже Түркияда иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизип жатканын айтып келет.

Ал эми миграция боюнча серепчи Мурат Эршахин учурда айрыкча туристтик визаны алуу таңкыстыгы мигранттар арасында чоң маселеге айланганын "Азаттыкка" айтты:

Мурат Эршахин.
Мурат Эршахин.

"2022-жылдын февраль айынан бери түрк бийлиги өлкөгө келип, отурукташкан ар бир чет өлкөлүктөн негиздеме сурап атат. Муну мыйзамсыз миграцияны алдын алуу менен түшүндүрүүдө. Биринчи жолку туристтик визага документ тапшырган чет өлкөлүктөрдүн дээрлик баарына берилбейт. Буга чейин туристтик визасы болгондор эптеп узартып атышат. Эмгек визасын алууда эч кандай маселе көрө элекпиз", - деди ал.

Быйыл 1 миллион 300 миңден ашык чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинен каттоодон өткөн. Алардын 25 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында 3 миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштейт. Иш бергендер болсо мигранттарга эмгек визасын ачтыруудан кооптонот. Өзгөчө үй кызматтарында же тейлөө кызматында иштеген мигранттар эмгек визасын алганда кыйналып келет.

Анталияда иштеген кыргызстандык Таалайгүл буларды билдирди:

"Документтер туура болсо эч ким эч нерсе дей албайт экен. Мыйзамсыз иштеп коркуп жүргөн да туура эмес. Эч кимге доомат арткан жокпуз. Өзүбүз иштейбиз деп келгенден кийин мыйзамдарга так болуу мигранттардын өздөрүнө эле жакшы деп ойлойм".

Кыргызстандыктардын Түркиядан эмгек визасын ачтыруунун эки жолу бар. Биринчиси - Түркиянын Бишкектеги элчилигине документтерин тапшырып, алар уруксат бергенде келе алат. Экинчиден, Түркиянын ичинде кеминде алты айлык туристтик визасы бар кыргызстандыктар эмгек визасына тапшыра алат. Түркияга барган кыргыз жарандары 90 күн визасыз жүрө алат.

Шайлоо алдындагы текшерүү

Соңку күндөрү түркиялык басылмалар өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр мигранттарды "тазалоо" иштери башталганын утур-утур жазып жатат. Муну менен катар 14-майда өтө турган президенттик шайлоо алдында Түркияда мыйзамсыз чет өлкөлүктөргө кысым күч алды.

Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү оогандыктар жана сириялыктар экени айтылууда.

Башкы прокуратура. Стамбул шаары.
Башкы прокуратура. Стамбул шаары.

Мигранттар менен тыгыз иш алып барган Мурат Эршахин айрыкча Сирия жана Ооганстандагы согуштан качып, Түркияга кирген качкындардан улам Анкара миграция саясатын өзгөртүүгө мажбур болуп жатат деп эсептейт.

"Шайлоо жараяны башталгандан бери чет өлкөлүктөр тыкыр текшерилүүдө. Айрыкча сириялык жана ооганстадык качкындарга каршы социалдык тармактагы чакырыктар жергиликтүүлөр арасында чоң талкуу жаратууда. "Чет өлкөлүктөр келип, биз жумушсуз калдык" деген сыяктуу түшүнүктөр жайыла баштады. Түрк бийлиги мындай маанайды басаңдатуу үчүн мыйзамсыз жүргөн бардык чет өлкөлүктөрдү топтой баштады. Депортациялана тургандардын баарын чартердик каттам менен мекенине кайтарып атат. Эң аянычтуу катмар - түркмөнстандыктар. Анткени пандемия учурунда депортация борборундагы жаткан чет өлкөлүктөргө амнистия жарыяланган. Кармалган түркмөнстандыктар ошондой чечим чыгып калышы мүмкүн деп күтүп жатышат. Бирок азыр кырдаал такыр башкача. Амнистия жок. Алы жеткендин баарын мекенине кайтарууда".

Президент Режеп Тайып Эрдоган эки жыл мурда өлкөдө мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирген.

Президенттик шайлоодо Эрдогандын оппоненти, оппозициячыл альянстын лидери Кемал Кылычдароглу "биз сириялыктарды жана ооганстандыктарды мекенине жөнөтөбүз, демографиялык түзүлүштүн өзгөрүшүн каалабайбыз" деген.

Жергиликтүүлөрдүн сириялык качкындарга нааразылыгы 2021-жылы күч алган. Анда баш калаа Анкаранын Алтындаг районунда сириялыктар менен жергиликтүүлөр мушташып, 18 жаштагы түркиялык жигит каза болгон. Окуядан кийин аймакта кырдаал курчуп, сириялык качкындардын дүкөндөрү ташбараңга алынган.

Ал эми Түркиянын Миграция департаменти быйыл үч айда эле 28 миңдей чет өлкөлүк депортациялаганын билдирди. Алардын дээрлик көпчүлүгү ооганстандык жана пакистандыктар экени айтылууда. Расмий статистикада 18 273 чет өлкөлүк депортация борборунда кармалып турганы да айтылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG