Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Эрдогандын оппоненти шайлоого катышуудан баш тартты


Мухаррем Инже.
Мухаррем Инже.

Ушул жекшембиде Түркияда өтө турган президенттик шайлоого аттанган Мухаррем Инже талапкерлигин алганын кабарлады. Ал шайлоого үч күн калганда атайын жыйын өткөрүп, мындай кадамды шайлоо өнөктүгү учурунда кадыр-баркына шек келгени менен түшүндүрдү.

"Мен 45 күндөн бери туруштук берип келем. Бирок акыр-аягы талапкерлигимди алып салууну туура көрдүм, мен муну өлкөм үчүн жасап жатам" деп билдирди Инже.

14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Буга чейин төрт талапкердин аты каттоодон өткөн. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөттү. Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. "Мамлекет" партиясын жетектеген Мухаррем Инже жана теги азербайжандык, парламент депутаты Синан Оган.

2018-жылы өткөн президенттик шайлоодо Инже Эрдогандын эң негизги оппоненти катары шайлоо аттанган. Анда аны оппозициячыл Улуттук-республикалык партия көрсөткөн. 59 жаштагы Инже шайлоодо 31 пайызга жакын гана добуш алган.

2021-жылы Мухаррем Инже "Мамлекет" партиясын негиздеген. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG