Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Борбор Азия-Кытай: каржылык колдоо, визасыз режим


Кытайдын жана Борбор Азиянын лидерлери Сиань шаарындагы саммитте. 19-май, 2023-жыл.
Кытайдын жана Борбор Азиянын лидерлери Сиань шаарындагы саммитте. 19-май, 2023-жыл.

Кытайдын лидери Си Цзинпинь Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же төрт миллиард долларга жакын каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя берерин жарыялады. Адистердин баамында, муну менен Кытай адатта Орусиянын таасиринде турган аймактын лидерлигин өзүнө алгандай болду. Саммитте президенттердин бири дагы Шинжаңдагы мусулмандардын маселесин көтөргөн жок.

19-майда Кытай лидери Си Цзиньпин жана Борбор Азия лидерлери бири-бирин колдоого багытталган Сиань декларациясына кол коюшту.

"Бул саммит биздин кызматташуубуз үчүн жакшы башталыш болуп берди. Биздин чогуу-чаран аракетибиз менен Борбор Азиянын жана Кытайдын алакалары толкунду жиреген кемедей болуп алдыга жылып, алты өлкөнүн өнүгүүсүнө жаңы дем берип, аймактагы туруктуулук менен тынчтыкка өбөлгө болоруна ишенем", - деди Си.

Кытай Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же 3,8 миллиард доллар каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя бере турган болду. Талдоочулар белгилегендей, Орусия Украинадагы согушка алаксып жаткан чакта Кытай аймактагы таасирин артырууда.

Саясат талдоочу Галия Ибрагимованын пикиринде, Кытай пандемиядан кийин тышкы саясатында активдүү арыш таштагандай:

"Тактап айтканда, Кытай бийлиги эми бир гана экономикалык эмес, саясий маселелерде дагы өз көз карашын эч тартынбастан билдирүүдө. Ал эми бул жолку жолугушуунун тарыхый жагын айтсак, бул Украинада согуш жүрүп жатка маалда өткөн жаңы форматтагы саммит. Мурда мындай форматтагы жолугушуу АКШ менен Борбор Азиянын ортосунда бар болчу. АКШ менен Кытайдын алакасы учурда канчалык чыңалып турганын билебиз. Анан эмнеге ушундай форматтагы саммитти булар да өткөрсө болбосун".

Си ошондой эле эки күндүк саммиттин алкагында чөлкөмдөгү мамлекеттерди Кытайга мунай менен газ экспортунун көлөмүн көбөйтүүгө, энергетика жана өзөктүк энергетика тармагы боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды.

Сиань шаарында өткөн саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы саясий байланыштарды бекемдеп, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө жана коопсуздукка коркунуч жараткан чакырыктарга каршы турууда бирдиктүү чара көрүүгө кызыкдар экенин айтты.

"Коронавирус пандемиясынын кесепети, орус-украин жаңжалына байланыштуу кайсы бир өлкөлөрдүн санкция киргизүү тууралуу коркутуулары биздин мамлекеттердин экономикасына кыйла эле негативдүү таасирин көрсөтүп жатат жана көрсөтүшү мүмкүн. Мунун баары калкыбыздын экономикалык бакубаттыгын камсыздап, коопсуздукту, анын ичинде энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө аракеттерибизди бириктирүүнү талап кылат", - деди Жапаров.

Ошол эле маалда Борбор Азиянын бардык мамлекеттери Бээжинден миллиарддаган насыя алган. Алардын ичинен Казакстан тогуз миллиард доллар карызы менен биринчи орунда турат. Ташкент Бээжинге төрт миллиард доллар бересе. Бишкектин карызы 1,78 миллард доллар. Коңшуларына караганда азыраак болгону менен бул Кыргызстандын сырткы карызынын карызынын 39% түзөт. Тажикстандын карызы бир миллиард долларга жакын. Ал эми Түркмөнстандыкы канча экени белгисиз. Бул өлкөнүн бийлиги карызы болсо да аны эч качан ачык жарыялабайт.

Кытайдын лидери Си, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын жетекчиси Сердар Бердымухаммедов "Борбор Азия-Кытай" саммитин эки жылда бир өткөрүп турууну макулдашты. Мындай форматтагы кийинки жыйын 2025-жылы Казакстанда өтмөй болду.

Ал эми 18-майдын кечинде Си Цзинпинь менен биринчи айым Пэн Лиюань Борбор Азия лидерлерин салтанаттуу иш-чарада тосуп алды. Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин ондогон бийчи Тан династиясынын доорун эске салган шоу тартуулашты. Дал ошол доордо Кытай менен Борбор Азиянын алакасы эң тыгыз болгонун тарыхый булактар тастыктайт.

Козголбогон темалар, визасыз режим

Ошол эле маалда Борбор Азия лидерлеринин бири дагы Шинжаңдагы мусулмандардын маселесин көтөргөн жок. Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери маалым. Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, андай лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп атайт.

Саммиттин алдында президент Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзинпинь бир катар макулдашууга кол коюшту. Алардын арасында визасыз режим тууралуу келишим да бар.

Документке ылайык, казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күн (жалпысынан 180 күндүн ичинде 90 күн) визасыз жүрө алышат.

Келишимге кол коюлуп жаткан маалда Алматыда визасыз режимге каршылык билдирип чыккан активисттерди полиция кармап кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG