Линктер

шаршемби, 21-август, 2019 Бишкек убактысы 02:19

Агартуучунун армандуу тагдыры


Репрессияга туш келген мугалимдердин дагы бири Айтбай Чолпонбаев болгон.

Эртелеп билим алып, сабатсыздыгын жоюп, совет бийлигинин тушунда эл агартуу иштерине жигердүү катышкан инсанды алгач эки жылга, кийин он жылга эркинен ажыратып, алыскы Архангелскиге айдап жиберишкен.

Өпкө оору өлтүрүп тынды

Айтбай Чолпонбаевдин он жылдык абак «Одиссеясы» айыкпас өпкө оорусун ээрчите келген. Айылына кайткандан кийин сүзөктөгөн дартына карабай бир топ жумуштарда иштеп, бирок алышкан оору аны жарыкчылыктан эртелеп алып кеткен. Айтбай Чолпонбаевдин тагдыры Түп районунун Токтоян айылынан чыккан Шертай Субановдукуна окшошуп кетет. Шертай Субанов да мугалимдик ишке жан-дилин берип иштеп аткан чагында башы кайнаган шорго кабылган. Айтбай Чолпонбаев Архангелскиден ала келген дартынан оңоло албай, эртелеп бу жарыкчылыкты таштап кетти. Ал тууралуу радио материалды даярдоодо белгилүү тарыхчы окумуштуу Жумагул Байдилдеевдин эмгегин пайдаландык.

Айтбай Чолпонбаев Көлдүн тескей тарабындагы Тоңдун Туура-Суу айылында 1904-жылы жарыкка келген. Зээндүү, билим алууга куштар бала совет бийлиги келгенче эле молдолордон кат-сабатын ачуга жетишкен. Орус колониялык бийлигинин тушунда Көл менен Чүй боорунда билим алууга куштар балдар көп болгон. Антишке татар, башкырдын жаңы усулду жайылткысы келген агартуучуларынын аракети, жергиликтүү элдин билим алууга кызыгуусу себепкер болгон. Кыргыздын өзүнүн арасынан деле азыноолак билимдүү агартуучулар чыгып, алар жайлоого чейин барып балдарды окутушкан. Совет бийлиги келгенге чейин эле жазгыч акындардын китептери чыгып, карапайым калк арасында билим алуунун зарылдыгы пайда болгон.

Айтбай Чолпонбаевдин эртелеп сабатын ачууга жетишкендиги анын тубаса акылынын тунуктугунун, зээндүүлүгүнүн натыйжасы болчу. Анын ата-энеси кандай кишилер экени, эртелеп билим алышына кандай шарттар негиз болгону тууралу маалымат жок. Албетте, арабча кат таанып алышынын пайдасы тийип, кийин совет бийлиги элдин сабатсыздыгын жоюу өнөктүгүн баштаган кезде Айтбай кыска мөөнөт мугалимдер курсун аяктап мектепте иштеп калган. Ошо 20-жылдары Алматыдагы мугалимдерди даярдоочу окуу жайын бүтүргөн. Жаш, билимдүү кадр ал кезде аз, ошондон ага Көл кылаасынын бир топ жерлеринде жаңы мектеп ачуу, балдарга билим берүү милдеттерин жүктөшүп, Жети-Өгүздө мектеп мугалими, директору, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Айтбай Чолпонбаев мугалимдик иштин кызыгында жүргөн чагында репрессиянын кишенине түшкөн. Түшкөндөн кийин андан кутулуп чыгыш мүмкүн эмес эле. 1937-жылдын 4-февралында камакка алынып жарым жылдан кийин Кыргыз ССР Жогорку сотунун атайын коллегиясынын чечими менен эки жылга эркинен ажыратылган. Эч кандай күнөөсү же айыбы жок абакка түшүп калганына нааразы болгон мугалим ал кездеги адат боюнча акыйкат издеп «улуу Сталинге, Кремлге» кат жазган. Советтик бюрократиянын колуна түшкөн ал кат кайра эле Фрунзеге, анан да кадимки «үчилтикке» келип түшкөн. Совет өкмөтү «эл душмандары» менен контурларды, троцкийчи, бухаринчилерди, чет элдик агенттерди, алашордочуларды, социал-туранчыларды тергеп-соттоодо укуктук процедуралары узакка созулчу соттук териштирүүлөрдү кыскартып, «үчилтик» деген жексур системаны ойлоп тапкан болчу. Алар анан Сталинге кат жазчу билимдүү мугалимдин эки жылына дагы 8 жыл кошуп он жылга алыска абакка кесип ийишет. «Аңгектен качсаң дөңгөккө» демекчи, адилеттик издегендин акыры ушундай болду. Ал кезде репрессиянын арааны ачылып, жолунан чыккандардын текши баарын күнөөсү барбы-жокпу, эч нерсесине карабай мойсоп турган. Иштин минтип теңирден тескери кетерин билгенде Айтбай Чолпонбаев деле адилеттик издеп Москвага кат жазбайт беле, ким билет. Адилеттик издөө ошентип он жылга көбөйүп, алыскы Архангелскиге, Медвежьегорск портуна абак мөөнөтүн өтөөгө жөнөтүлгөн.

Ачкалыктан күнүгө 20-30дай адам өлүп, бу жарыкчылык менен коштошкондордун өлүгүн деңизге ыргытып, ачкалыктан абактагылар мышыкка чейин тутуп жешкендерин ал кийин Бурул деген кызына айтып берген экен. Тирүүнүн азабы 1946-жылга чейин созулган. Өкүмдар Сталиндин тушунда мунапыс, саясий куугунтукка туш келгендердин жаза мөөнөтүн жеңилдетип кыскартуу деген гумандуу мамиле болгон эмес. Ошондон улам эч кандай күнөөсү жок Айтбай Чолпонбаев он жылга жакын отурган. Түрмөдөн жапжаш жигиттин ордуна айыккыс өпкө дартына чалдыккан бир сөлөкөт чыккан. Анан ал жөө-жалаңдап бир жыл дегенде тууган жерине келген.

«Эл душманы», «контур» деп камалгандардын үй-бүлөсү, жакындары көргөн азап-тозокту айтып отурса өзүнчө узун сөз. Айтбайдын эки уулу ал Архангелскиде түрмөдө жаткан чагында каза болуп, чоң кызын таякелери алып кетишиптир. Бурул деген кызы менен калган аялы азап-тозоктун баарын көтөрүп, оорулуу күйөөсүн тосуп алган. Ал кезде көпчүлүк «эл душмандарынын», «контурлардын» аялдары атайын түрмөлөрдө кармалчу, балдарын жетимдер үйүнө өткөрүп ийишчү.

1947-жылы айылына келгенден кийин Айтбай Чолпонбаев кызына башынан өткөн оор окуялардын айрымдарын сыр кылып айтып берчү экен. Түндүктүн сөөк какшаткан суугунда кантип өлбөй калганын, башынан кандай окуялар өткөнүн, азапка чыдабай жанын кыйгандарды, оорчулукту көтөрө албай өлүп калгандарды, алардын сөөгүн жерге жашырыштын ордуна деңизге таштаттырышканын, уктаса түшүнө кирчү, жөн отурганда кылт этип эсине түшчү азаптарды айтчу экен. Көргөн-билгенинин баарын, албетте, ачыкка чыгара алчу эмес. Кийин Сталиндин көзү өтүп, кандуу бийликтин каары азыноолак жумшарганда миллиондорду жок кылган кылмыштуу иш жайында ачык кеп болгон жок. Айтбай ата өзүнүн акталганын, анын аракетинде эч кандай кылмыштын болбогонун билбей бу жарыкчылыктан кете берди.

Абактагы адам чыдагыс кыйноо

«Эл душманы» болуп абакка түшкөндөр кандай азап-тозокко туш келгенин Айтбай атанын кесиптеши Шертай Субанов «Туюктагы муң» китебинде келиштире жазып берди. Бул Айтбай Чолпонбаевге окшоп ак жеринен азапка малынгандардын арман-күйүтү, тирүу кезинде кирип чыккан тозогу. Ошол китептен бир эпизод:

«Мен эмнени айтаарымды билбейм.

Жерге талп этип жыгылдым. Андан кийин эмне болду сезбей да калдым.

- Айта-а-сың. Эл душманы. Сенин байланыштарынды моминтип тез эле айттырабыз - деп, колундагы баштык менен эки далымдын ортосуна урду. Эки көзүмөн от чыгып, башым деңгирей түштү. Жерге талп этип жыгылдым. Андан кийин эмне болду сезбей да калдым. Ортодо канча убакыт өткөнүн билбейм. Эсиме келип, көзүмдү ачсам тапчанда жатам. Суу сурадым. Волчоктон бирөө тиктеп туруптур. Эшикти ачып, бир орус кароолчу жигит менин жаныма келди.

— Суу, суу — деп кайталадым. Ал шарт бурулуп чыгып кетти. Эт бышымдай убакыттан кийин капуста сорпо алып келди. Эки далым көтөрүлбөйт.

Ошол эле түнү мени кайрадан суракка алып барышты. Бул сапар кеңседе бир эле НКВД отурган экен. Баягы баштык столдун үстүндө жатат. Кийин ойлоп көрсөм ал баштыктын ичин кум менен толтуруп коюшкан экен.

— Эй ит, мен сени жибектей кылып жумшартам — деп, баштыкты столдон ала калып бетиме такай, «Чыныңды айт!» — деп, кулагымды тундура бакырды.

Анан эки колу менен мени муунта кармап, жерге көтөрүп чапты. Ичиме удаа-удаа үч-төрт ирет тээп жиберди. Мен өзөрүп, оозу-мурдуман кан атып, эсимден танып жатып калдым. Бул сапар да канча күн жатканымды билбейм. Түн ортосу экен. Эсиме келээримди күтүшкөнбү, айтор ошол түнү куралчан эки НКВД мени короого чыгарып, төбөсү жабык автомашинанын үстүнө түртүп салып, сыртыман бекитип салышты. Ошо замат машина от алып жөнөдү.

Мени кайда алып баратканы белгисиз. Бир кыйла убакыт жүргөндөн кийин машина токтоду. Эшик ачылып, мени машинадан сүйрөп түшүрүп, бир чай кайнатымдай туруп калдык.

Кайда келгенибизди билбейм. Эшик жымжырт. Бүткүл аалам катуу уйкуга батып, мемиреп жаткандай.

«Чолпон жылдызы - кыргыз элинин жылдызы» дешчү экен бабаларыбыз.

Тынчтыкты сүрүп, батыш тараптан таң шоокуму желип өттү. Мен көктү тиктеп , кудайдан бир ырайым күткөнсүп, телмирип турдум. Жылдыздар жаңы эле суюлуп, туш тарапка чачырап кеткендей. Ошондо бала кезимде мал жайып жүрүп, атамдын бир нече ирет айткан сөздөрү эсиме түштү. «Чолпон жылдызы - кыргыз элинин жылдызы» дешчү экен бабаларыбыз.

«Чолпон жылдызы чыккан таңда кыргыздын иши оңолот экен. Бул жылдыздын чыгышын көрүп, аны тоскон адам да ал күнү бактыга бөлөнөт». Мына ошол учурда мен эмнегедир атам айткан таң жылдызынын чыгышын күттүм».

Айтбай Чолпонбаев да ушундай кыйноону башынан кечирген, өлбөштүн амал-аргасын кылып колунан келген аракетин жасаган. Катаал мезгил, катаал заман. Шертай Субанов менен Айтбай Чолпонбаев экөө тең мугалим, дүйнөдөгү эң гумандуу кесип ээлери. Билим алсам, жаңы муунга жакшы тарбия-таалим берсем дегенден башка ою жок, иштин кызуусу менен жүргөн чагында кайсы бир караниеттердин жалган арызынан же коопсуздук кызматкерлеринин кандай да болсо «эл душмандарын» табуу аракетинен улам кандуу капканга туш келип калгандар.

Айтбай Чолпонбаевге кандай айып коюшканы, эмнеге аны эки жылга кесип салышканы тууралуу маалымат деле жок. Шертай Субановдуку болсо белгилүү, «эл душмандарынын китебин - Касым Тыныстанов, Сакен Сейфуллин, Боогачынын ырларын балдарга окуткан» деп айып коюшкан. Ал кезде кыргыз тилинде алардан башка авторлордун китеби деле жок болчу. Айтбай Чолпонбаевдин жок жерден эки жылга кесип ийишин туура көрбөй адилеттик издеп Москвага, тике эле Кремлге жазган катын шылтоо кылып дагы сегиз жыл кошуп коюшу ошол учурдун катаал чындыгы болчу. Ошол катаал учурдун бир көрүнүшүн Шертай Субанов минтип эскерет:

«Мен эптеп полду таянып, төрт аяктап турдум.

- Айбан! Кол кой деп жатам! Тирүү калам десең, кол кой! Койбосоң, бу жарык дүйнө менен коштошосуң, сен ушуну түшүнүп жатасыңбы, канчык? - деп, желкеге дагы бир урду.

Анан кулагымдын түбүнө:

Отурган экөө тура калып, эки чыкыйыма эки тапанча такады.

- Мен кимге айтып жатам, кол кой, кол кой! - деп бакырды. Кулагым дүңгүрөп, бут алдымдагы пол көчө баштады. Отурган экөө тура калып, эки чыкыйыма эки тапанча такады. Үчүнчүсү ызырынып, сөөмөйүн көзүмө кезеди.

- Сен угуп жатасыңбы? Кол кой деп жатабыз! Эй бөрүнүн тукуму, антисовет, улутчул, эл душманы угуп жатасыңбы, же таптакыр эле дүлөйсүңбү? — деп үчөө жаалап, туш тараптан чыгып орус тилинде сөгүп киришти.

Мен эч оозанбадым. Тунжурап тура бердим да, ичимден эми бир сабаса өлүп калам. Бу киши жегичтер минте берсе мени соо койбойт. Ажалым келсе өлөрмүн, азабы келсе көрөрмүн, булардын да бир күнү эсеси чыгар. «Миң күнкү бейиштен, бир күнкү жарыкчылык» дегендей, үстөлдүн үстүндө жайылган кагаздарды кармалай баштадым. Аркамда турган үчөө тамекисин күйгүзүп, шыпылдап колума калем кармата коюп, кагаздарды ирети менен менин алдыма суна баштады.

Көзүм тумандап, тулку боюмду тер басып, колум калчылдады. Кагаздардын бардыгы орус тилинде, эмне жазылганын билбейм. Окуп да беришкен жок. Айтор, сөөмөйү менен көргөзгөн жерине кол коё бердим. Баш-аягы он чакты кагазга кол койдум».

Бул 1937-жылдын 20-майы экен. Айтбай Чолпонбаевди 1937-жылдын 4-февралында камакка алышып, 9-декабрда он жылга эркинен ажыратышкан. Анын көргөн азап-тозоктору ушундай. Кол койдуруш үчүн камактагыларга адам чыдагыс кыйноо көрсөтүшкөн. Бул жагынан советтик түрмө, лагерлердеги кыйноо фашисттик туткундагылардан эч айырмасы жок болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG