Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:04

Эгемендик туусу жоопкерчиликтүү турумубузду күтөт


1992-жылы 3-мартта айтылуу Жогорку Кеңеш Кыргызстандын постсоветтик доордогу туусун кабыл алган. Тарыхчынын блогу.

Эгемендиктин символдорунун бири

Постсоветтик Кыргыз Республикасынын даңазалуу парламенти эгемен мамлекеттин жаңы туусун расмий кабыл алган күн жана ага чейинки даярдыктар жүрүмү алигиче эсимден кетпейт.

Бул кабыл алынган долбоордун авторлору (Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков) тууралуу мүлдө кыргыз журту билет. Алардын ичинен таланттуу сүрөтчү Бекбосун байке жана идеялары оргуштаган педагог, маркум Сабыр байкени мурдатан билчүмүн.

Оболу бул туунун долбоорунун жалпы түсү кызыл эмес, көгүлтүр болчу. Түгөлбай Сыдыкбек уулу жазган жана кыйла жылдар коммунисттик цензура жарыялабай келген “Көк асаба” романы, 1991-жылы апрелде уюшулган “Асаба” кыймылынын (кийин – саясий партиянын) көк түстүү желеги – тарыхый эстутумдун бир көрүнүштөрү катары эл эсинде кала берет деп ойлойм.

Жогорку Кеңеште депутат Төлөгөн Касымбек уулу баш болгон топ көк жана көгүлтүр түскө каршы чыгышып, бул түс айрым аймактарда аза күтүү белгиси болот, деген жүйөөлөрүн келтиришти да, долбоорду өткөрбөй коюшту (коңшу Казакстан кийин бул түстү татынакай эле өз улуттук желеги үчүн тандап алды).

Анан алиги чыгармачыл топ өз долбоорунун кызыл түстөгү вариантын алып келишти да, ушул түс депутаттардын басымдуу көпчүлүгүнө жагып, ошентип, 1992-жылы 3-мартта мамлекеттик жаңы туу кабыл алынды.

Бул туунун мааниси жаатында басмадан чыккан жана онлайн энциклопедиядарда жана окуу китептерде байма-бай жазылып жаткан маалыматты да сунуштай кетели:

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кызыл түстө. Туунун ортосуна алтын түстөгү бирдей өлчөмдө кырк нур болуп чачыраган Күнгө окшош төгөрөк курчоо жайгаштырылган. Бул төгөрөктүн ичинде Кыргыз боз үйүнүн түндүгү кызыл түстө берилген”.

Күн жана нур чачыраган төгөрөк курчоонун диаметрине салыштырмалуу анын ичиндеги боз үй түндүгүнүн диаметри жаркыраган төгөрөктүн диаметринин жарымын түзөт.

Туунун жалпы кызыл түсү – эгемендикке ээ кылган эрдиктин жана каармандыктын символу жана кылымдар карыткан баатырдык эпосубуздун негизги каарманы – хан Манас көтөргөн туунун ажайып түсү; ал эми мейкиндикке жар сала жаркыраган алтын түстөгү Күн – тынчтыкты, бакыбаттыкты, байлыкты чагылдырат. Күндүн алкагынын ичиндеги кызыл түстөгү боз үй түндүгү болсо – үй кутунун, очоктун, көчмөндөр цивилизациясынын артыкчылыктуу жактарын башка коңшу цивилизациялардын жетишкендиктерине айкалыштырып, муундан муунга өткөргөн мурастуулуктун символу.

Жалпы дүйнө мейкиндигинде жалбырттаган жана өз ара бир төгөрөк тилке болуп ширелишкен кырк нур – кыргыз улутунун миңдеген жылдар бою ар кыл этносторду жана урууларды курап, ынтымакка жетишкендигин жана эгемен, бирдиктүү Кыргыз мамлекетин кайрадан калыбына келтиргендигин, өлкөбүздөгү жалпы жарандык ынтымакты тастыктайт.

Мен Бекбосун байке сыяктуу айрым авторлорду “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысы катары маекке чакырдым. “Азаттык” алардын үнүн дүйнө коомчулугуна жеткирди.

Эгемен Кыргыз өлкөсүнүн туусу жана аны даңазалаган “Азаттык” бири-бирине эриш-аркак болду да калды.

Кыргызстандын ыйык энбелгиси жарандардан эмнени күтөт?

Бул эгемендик туусу БУУ, ЮНЕСКО ж.б. уюмдарда да, дүйнөдөгү кыргыз элчиликтеринин үйлөрүндө да, элдик ыңкылаптардын майданында да, Эверест, Жел-Айдар, Хан-Теңири, Килиманжаро ж.б. чокуларында да, дүйнөлүк чемпионаттардын жайларында да, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында да, диаспоралык курултайларда да, космосто да желбиреп, мамлекеттик көз каранды эместикти жана демократиялык идеалдарды сактоого карата элибиздин эркин даңазалап келет.

Бул туу азыркы жарандарыбыздан саясий жоопкерчиликти да күтөт. Айрым эскичил коммунисттер жана мурдагы советтик тоталитардык коомду эңсөөчүлөр эгемендиктин кадырын, мамлекеттик туубуздун чакырыгын аңдабай келишет.

Айрым саясий жактан сабатсыз замандаштарыбыз кыргыз улуту сыяктуу эле өз эгемендигин коргоп жаткан украин элинин 2014-жылдан бери Украинанын айрым аймактарын убактылуу каратып алган путинчил баскынчыларга каршы согушунун маани-маңызын аңдабастан, “Вагнер” жоочулар тобунун курамында адилетсиз тараптын согуш аракеттерине катышып, сөөктөрү четинен Ала-Тоого кайтарылып жатат.

Кыргыз туусу азыркы муундардан тарыхый жоопкерчиликти да талап кылат.

Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Азамат Алтай, Дооронбек Садырбаев, Казат Акматов жана башка бабаларыбыз эгемендикти көз карегиндей сактагыла, деп осуят калтырышкан.

Бул эгемендик Тайлак баатыр, Ормон хан, Молдо Исак Асан уулу (Полот хан), Канаат хан Ыбыке уулу, Мөкүш Шабдан уулу, Эшенаалы Арабай уулу, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдыракманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Жанузаков, Жаныбек казы Сагынбай уулу, Рахманкул хан Жапаркул уулу, Ысак Монуй уулу, Кубанычбек Нурбеков жана башка бабаларыбыздын үмүтү болгон.

Кыргыз туусу азыркы муундардан айдыңдык жоопкерчиликти да талап кылат.

Биз санарип жана интернет дүйнөсүндө эгемендик үчүн зор салым кошкон бардык ата-бабаларыбыз тууралуу так жана кеңири маалыматтарды чөлкөмдөгү башка элдердин да ушундай залкар инсандары тууралуу маалыматтарга айкалыштыра жарыялашыбыз керек.

Канчалаган таланттуу уул-кыздарыбыз илим, технология, көркөм өнөр, маданият жаатындагы эл аралык сынактарда жана башка жаратмандык ийгиликтери менен кубантып жатышат. Алардын айдыңдык ийгиликтери да Кыргыз туусун ажарлантат.

Кыргыз туусу атуулдук ынтымакты талап кылат.

Миңдеген жылдарды карыткан “Манас” эпосундагы “курама жыйып, журт кылдым” деген сөздүн мааниси – кыргыз улуту өз бооруна нечендеген тарыхый коңшуларын кысып, алардын өкүлдөрүн да мамлекет жараны катары ынтымакка тарта билгендигин даңазалаганында.

Айрым көөдөнү сокурлар азыркы тапта да ар бир атуулдун уруусун лупа, микроскоп менен карагысы келишет. ДНКларды изилдеген жаңы генетикалык илимий табылгалар көрсөткөндөй, байыркы кыргыздардын урпактары Евразиянын көп чөлкөмдөрүндө жайылган жана азыркы кыргыздарга да көптөгөн тарыхый коңшулардын өкүлдөрү жуурулушкан.

Ал эми жарандык биримдик тагдырлаш болгон бардык мекендештерибизди этностук, диний, расалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө эч карабастан, Кыргыз жараны деген ынтымакка ширелтүү жүрүмүн пайда кылды.

Кыргызстандын азыркы расмий саясаты демократиялуу, көп этностуу коомубузду жарандык ынтымак аркылуу өнүктүрүүгө багытталгандыгы тууралуу сөздөрдү угуп келем жана ушул нукка атуул катары канааттанам.

Туубуздагы жалбытттаган кырк нурду бириктирип турган сызык – дал ушул жалпы жарандык ынтымагыбыз деп билем.

Туу күнүбүз кут болсун!

Редакциядан:

Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG