Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Арстанбектин мурасы, Саманчин жана Ташкен китеп казынасы


А.Навойи атындагы улуттук китепкана. Ташкент, Өзбекстан.
А.Навойи атындагы улуттук китепкана. Ташкент, Өзбекстан.

Жаш илимпоздор Ташкен менен Алматыдагы архивдердин жана китепканалардын корлорун ырааттуу изилдеши зарыл. Тарыхчынын блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Өзбекстан менен Казакстандагы архивдер гана эмес, кол жазма фонддору (корлору) жана китепканалары да кыргыз таануучулар үчүн мол казына.

Өзбекстанда сакталып калган (бизде таптакыр жок кылынган же карапайым окурман түшүл, илимпоздордон да жашыруун сакталган) кыргызча китептерди эле эске алсак, тизме кыйла узун болчудай.

Маселен, 1983–88-жылдары Ташкенде окуп жүргөнүмдө Алишер Навойи атындагы мамлекеттик китепканадан жана Өзбекстан Илимдер академиясынын илимий китепканаларынан Бишкекте ал кезде таптакыр жок болгон (же, балким, КГБнын гана жашыруун китеп кампасында сакталып калган) айрым китептерди тапкан элем.

Арасында, маселен, Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун 1916-жылкы көтөрүлүшкө чейин эле жарык көргөн кыргызча тарых китеби (арап арибинде) бар эле. Анын 1913-жылы "Мухтасар тарых-и кыргызиййа" (Кыргыздын кыскача тарыхы”), 1914-жылы "Тарых-и кыргыз шадманиййа" (“Шабданга арналган Кыргыз тарыхы”) деген аталыштарда кыргызча жазган эмгектери Уфадагы (Өфө) басмадан арап арибинде таш басма (литографиялык) китеп болуп жарык көргөн.

Илимий темам башка нукта болгонуна (орто кылымдар менен чектелгендигине) карабастан, XX кылымдагы бул китептерди ээн-эркин отуруп, толкунданып окугандыгым, анча-мынча конспект кылып көчүргөнүм эсимде.

Тазабек Саманчиндин макаласы

Ташкенде сакталган таберик китептердин арасында М. И. Богданова, Ө. Жакишев, Т. Саманчин, К. А. Рахматуллин жазган “Кыргыз адабиятынын очерктери” деген китеп да бар (Фрунзе: Кыргызмамбас, 1943. – 279 бет). Бул жыйнактын А. Навойи атындагы китепканадагы шифри: №4–747/3.

Аталган жыйнактагы Тазабек Саманчиндин (1909–1979) “Зар заман адабияты” деген макаласы ал жазган “Колония доорундагы адабият” бөлүмүнө (125–177-беттер) киргизилген.

Блогдо кыргыз “заманчыларга” арналган дал ушул макаланын айрым маалыматтарына (конспектиме ылайык) өзгөчө токтолуп кетмекчимин.

Анда автор Т. Саманчин тарабынан Балбай, Маймыл сыяктуу “багынбаган эрлердин” айрымдары атылып, айрымдары Шиберге сүргүнгө айдалганы тууралуу да эскерилет.

Бул макалада Т. Саманчин теңир-тоолук даңазалуу акын Арстанбек Буйлаш уулунун (1824–1878) ырларынан падышалык оторчулардын зулумдугу жөнүндөгү төмөнкү үзүндүнү да келтирет:

Ченчи келди, жерди алды,

Бөөдөн туулган керди алды.

Мен-менсиген эрди алды,

Кача турган жайды алды,

Таластан чапты Маймылды,

Баатырсынган эрлериң

Сибирь жол көздөй кайрылды... (125-бет).

Мындагы “Маймыл” сөзүн оболу дароо аңдай алган жокмун, анткени 1985-жылга карата колго тийген тарых китептеринен ал киши тууралуу жетиштүү маалымат жокко эсе эле.

“Кайра куруулар” доорунда жазуучу Кеңеш Жусупов агайыбыз дагы бир тыюу салынган автордун – кыргыз тарыхчысы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин “Кызыл Кыргыз тарыхы” кол жазма эмгегинин бир нускасын таап, четинен “Ала-Тоо” журналына, кийин, эгемендик жылдарынын башында “Кыргыздар” түрмөгүнө үзүндүлөрүн жарыялай баштады.

Тарыхчы Белек Солтоноев солто уруусунан чыккан бул Маймыл баатыр тууралуу учкай жаза кеткен. Көрсө, Маймыл Ажы уулу дагы Жанкарач сыяктуу эле падышалык баскынчылардын Чүйгө басып кирип келишине нааразы болуп, 1862-жылы күзүндө Таласка чегинген, кийин Олуя-Ата (азыркы Тараз) шаарында оторчул орус бийлиги тарабынан мерт кылынган баатыр бабабыз экен.

Совет доорундагы жалпылама тарых эмгектеринде болсо Байтик Канай уулу Кокон хандыгына каршы чыкса эле, автоматтык түрдө солто уруусу толук Орусияны жактап калган, дегендей түшүнүк жасалма жайылтылып келген болчу.

Б.Солтоноев “Кызыл Кыргыз тарыхы” китебинде мындай деп жазат:

“...бугу кыргызынын (оруска) карап кеткенине башка кыргыздар нааразы болгон. Алматыдан орус аскерин чакырып келип, Байтиктин Бишкектеги өзбек менен солтону караткандыгына “оруска карабайт элек” деп нааразы болуп калган солто дагы көп болгон. Маселен, жайылдан Ажынын уулу Маймыл. Муну Олуя Атадан улук Биденский чыгып келип, кармап барып өлтүргөн.”.

Кыргыз манаптары Жангарач, Маймыл жана Тынаалы бийлеген солто уруусунун бир бөлүгү орус бийлигине баш ийүүнү, Орусия карамагына камчы менен кирүүнү калабай, Таластын төрүнө конуш которгон учуп, Жаңгарач ал түтүл орусиялык баскынчы аскерлерге каршылык көрсөтүү максатында бир нече миң жигиттен турган кошуун курагандыгы 1990-жылдардан кийин ачык жазылууда.

1863-жылы Верныйдагы оторчулар Токмокко войсковой старшина Бутаковдун казак-орустар кошуунун Кеминди чалгындоону шылтоолоп жөнөткөн. Бутаков Токмокко солтонун кадыр-барктуу манаптары Байтик, Корчу, Макеш, Шайдылда, Жаңгарачтын жакын тууганы Өзбек Бошкой уулун, сарыбагыштардан Менде менен Мырзаалы Жантай уулун чакыртат. Аталган манаптардын баарын Бутаков казак-орустардын коштоосунда Верныйга айдатып барып, кыйла күн барымта, аманат катары кармап турган. (Мында да эч кандай ыктыярдуу кошулуу маанайынын изи жоктугу маалым. Эгерде 1861-жылы Бишкек чебинин башчысы Рахматулла Байтиктин уулун мазактап койбосо, Байтик Канай уулу деле Орусияга каршы чыга бермек. Ансыз деле ал Кастектеги орусиялык баскынчыларга каршы салгылашуу маалында кокондуктар тарабында болгон).

1864-жылы жазга жуук солтонун чоң манабы Жангарач көз жумгандан кийин манап Маймылдын тобу падышалык орус оторчуларына каршылык көрсөтүүнү уланта берди. Көп өтпөй падыша аскерлеринин колуна түшүп, Орусия мамлекетинин өтө коркунучтуу душманы катары атууга кеткен.

Арстанбектин ыр мурасындагы “Таластан чапты Маймылды” деген бир гана сүйлөм ушунчалык кеңири түшүндүрмөнү талап кылат.

Арийне, бул түшүндүрмөнү биз постсоветтик эгемендик доорунда гана ээн-эркин жазып жатканыбызды дагы баалай алышыбыз зарыл. Маркум тарыхчы Токторбек Өмүрбеков менен жазган китептерибизде бул баатыр тууралуу учкай эскерип жүрдүк.

Тээ 1980-жылдардын ортосунда Ташкенде ушул саптарды өзүмө көчүрүп жаткан чагымда “советтик коммунист цензорлор жалпы кыргыз окурмандарына кыянаттык менен тыюу салып койгон таберик эстеликти окуп жатам” деген сезим бүткүл дене боюмду дүркүрөткөн болчу.

Баса, Т. Саманчиндин 1943-жылкы макаласында Арстанбекке таандык ырлардын биринде “орус” сөзү коммунисттик цензуранын айынан “аскер” деп алмаштырылып салынган. Анын ордун уйкаштыгына карап оңой эле аныктап коюуга болот:

Алда кандай капырай,

Алматыдан аттанып,

Аскер келе жатыр ай!

Узун чөптүн баарысын,

Оруп келе атыр ай!

Кыска чөптүн баарысын,

Коруп келе жатыр ай! (138-бет).

Т. Саманчин “эптеп китепке бул макалам жарыяланып калса, акылдуу замандаштар кайсы сөз алмаштырылгандыгын илгиртпестен таба алат”, деп үмүт кылса керек. Мында “орус” сөзү орус элин эмес, падышалык оторчул баскынчыларды белгилеп жатат. Мисалы, орус адабиятында жана киносунда деле 1941-жылы немистер кол салды, деп жазылып, көрсөтүлүп келет, бирок германдык нацисттерди немис эли катары жалпылоого болбостугун да калайык мыкты билет. (Советтик чалгынчы Рихард Зорге деле немис тектүү болгон. Андан тышкары Николай Францевич Гастелло, генерал-майор Сергей Сергеевич Волкенштейн, Вольдемар Карлович Венцель, партизан башчылары Александр Герман, Роберт Клейн ж.б. немистер Советтер Союзунун Баатырларынан болушкан).

Бирок Арстанбектин ыр сабындагы “орус” сөзүнө карата 1943-жылы шектенүү менен мамиле жасалгандыгы да көрүнүп турат.

Кыстара кетсек, жазуучу Эсенбек Медербеков (1936–2003) агайыбыз деле 1986-жылы чыккан “Кызыл жалын” романында советтик цензураны адаштыруу үчүн айрым тарыхый инсандардын ысымдарын өзгөртүп жазган эмеспи. Анын замандаш окурмандары романда ким тууралуу сөз болгонун санжыраларга таянып жаземдебей таанып алышкан болчу (Медербеков Э. Кызыл жалын: Тарыхый көркөм баян. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 228 б.).

Акын Арстанбек Буйлаш уулу (Бойлош уулу; 1824–1878).
Акын Арстанбек Буйлаш уулу (Бойлош уулу; 1824–1878).

Т.Саманчин шилтеме кылган ыр саптарынан айгинеленгендей, акын Арстанбек падышалык оторчуларга мукурап баш ийип калган өз замандаштарына да өзгөчө кейиген:

Каптаган тузду көтөргөн,

Көлүк болду элибиз.

Башка чапса былк этпес,

Өлүк болду элибиз. (139-бет).

Акын Арстанбек Чыгыш Теңир-Тоодо жана Кашкарда цин-манчжур баскынчыларына каршы көтөрүлүш жасаган элдин жаңы жетекчиси Жакыпбек Бадөөлөт (Мухаммед Якуб Бек Бадаулет, 1877-жылы өлгөн) менен казак жана кыргыз элдери баш кошуп, оторчуларга каршы биргелешип күрөшүүсү керектир, деген ойду да айткан.

Казак, кыргыз биригип,

Бата кылып алсак бейм.

Кашкардагы Бакдөөлөт,

Ата кылып алсак бейм. (138-бет).

Бадөөлөт жана кыргыздар тууралуу учкай кеп

Кокон хандыгынын ордо саясатын хандын атынан багыттап калган башкы төбөл болгон айтылуу кыргыз аскер башчысы Алымкул аталык Асан бий уулу 1831-жылы туулган жана 1865-жылы май айында Ташкенди орусиялык оторчулардан коргоону жетектеп жаткан маалда ага ок жаңылып, жарааттан өлгөн.

Алымкул өзү өлөөрдөн саал мурда, 1864-жылы, карамагындагы аким жана колбашчы Жакыпбек Бадөөлөттү Кокон хандыгынан Кашкарга согушка аттандырган. Кашкардын беги (кыргыз-кыпчактын тору айгыр уругунан) Сыдыкбек оболу Кокон хандыгынын төбөлү, жалпы аскер башчы, кыргыз Алымкулга цин-кытай баскынчыларына каршы эгеменчил күрөшкө аскердик көмөк сурап кайрылган болчу.

Кашкардагы антициндик кыймылга колдоо көрсөтүү үчүн Алымкул аталык сопулук топтордун таасирдүү өкүлү Бузурук кожону (айтылуу Жааңгир кожонун уулун) жиберген жана аны коштоп жүрсүн деп колбашчы Жакыпбекти да аттандырган.

Алар Кашкарга келгенде, Сыдыкбек бийлик тизгинин Бузурук кожого өткөрөт, бирок көп узабай Жакыпбек Кашкардагы бийликти Бузурук кожодон тартып алган жана бир аз жылдардан кийин цин-манчжурдук Кытайдан эгемен болуу үчүн күрөшкөн аймактарды бириктирип, “Жетишаар” деген жаңы мамлекетти негиздеген. Бул мамлекет Жакыпбек өлгөн 1877-жылы ички ыйкы-тыйкыдан улам ыдырап кеткен.

Түндүк Кыргызстанда падышалык Орусиянын аскерлерине каршы 1868-жылга чейин айбат көрсөткөн Үмөтаалы Ормон-хан уулу менен Осмон датка Тайлак баатыр уулу да Жакыпбек Бадөөлөт менен тыгыз байланыш түзгөн.

Мурдагы Кыргызстан Компартиясынын жетекчиси Т. Усубалиевдин “Түндүк Кыргызстан Орусияга 1963-жылы эле ыктыярдуу кирген болчу” деген Кремлге жагымпоздук маанайдагы жасалма жобосун 1868-жылга чейин Түндүк Кыргызстанда Орусияга каршы куралдуу күрөш жүргөндүгү тууралуу тарыхый маалыматтар четке кагат.

Ал эми Түштүк Кыргызстан 1876-жылы гана Полот хандын (Молдо Исак Асан уулунун) куралдуу көтөрүлүшү кандуу басылган соң, Орусия тарабынан толук каратылып алынган. Абдылдабек Алымбек уулу сыяктуу эгеменчилер Ооганстанга чегинген. Мургап кыргыздары болсо 1895-жылга карата гана Орусиянын карамагында болуп калган.

Айрым советтик тарыхчылар бугу уруусунун айрым өкүлдөрү 1855-жылы падышага букара болууга ант бергенин эскеришет, бирок ошол эле уруунун чыгаан өкүлдөрү, маселен, Балбай баатыр Эшкожо уулу, оторчуларга каршы чыккандыгын, акыры оторчулар Балбай баатырды Текесте качып жүргөн жеринен алдап колго түшүрүшүп, ал 1867-жылы Верный (Алматы) шаарында падышалык абакта өлгөнүн, бугу уруусунун айрым топтору Орусиянын букарасы болуудан баш тартып, Кулжанын Текес аймагында кала беришкенин ачык айтышчу эмес. Себеби бул фактылар бугу уруусу ынтымактуу түрдө кыргыз элинин атынан 1855-жлдан тартып эле Орусиянын букарасы болуп калган деген расмий жоромолду жокко чыгармак.

Орусиялык саякатчылар жана оторчул аскер башчылары да бугу уруусунун жана башка кыргыздардын өкүлдөрү сөз жүзүндө падышалык букаралыкты кабыл алган менен иш жүзүндө падышалыкка карата көз каранды эмес турумда болууда, деп иренжип жазган учурлар бар.

Айтмакчы, Тазабек Саманчин жогорудагы (1943-жылы жарык көргөн) макаласында “заманачы” делген жазгыч акын Молдо Кылыч Шамыркан уулунун чыгармачылыгына да астейдил кайрылып, анын ырларынан Үмөтаалы Ормон-хан уулунун Кашкарга чейин чегинип согушкан учурун чагылдырган саптарды да үзүндү катары келтирет:

Кокондуктун кандары

Тактысынан айрылды.

Үмөтаалы баатырың

Качып барып Кашкарга,

Нечен жылда кайрылды. (157-бет).

Кийинчерээк Т. Саманчин Молдо Кылыч тууралуу өзүнчө китеп жарыялады (Саманчин Т. Молдо Кылыч. 1949. – 200 бет). Бул эмгек да Ташкендеги китепканада сакталуу.

Жогорудагы макаласында “Элдин Балбай сыяктуу багынбаган эрлери” деп жазуу менен бирге, Тазабек Саманчин карапайым калайык арасындагы падышалык оторчулукка каршы чыккандарга карата сый-урматты чагылдырган.

Маркум тарыхчы Анварбек Хасанов сыяктуу агайларыбыз дайыма дарстарында жана китептеринде В.И.Лениндин “Орусия – бул элдердин түрмөсү” деген сөзүнө шилтеме кылышып, падышалыкка каршы улуттук боштондук көтөрүлүштү прогрессивдүү окуя болгон, деп жактоого умтулушканы жадыбызда.

Бул илимпоздор деле жаш чагында Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылычтын ж.б. чыгармаларынын цензурага илинбеген саптарын далай ирет окушканы менен, кийинчерээк аларды ачык коргой албай калышкандыгы да – тарых чындыгы.

Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, “улуу орус эли идеясы” ого бетер тамыр жайып, СССРдин жана Кыргызстандын Компартиясынын идеологдору “биздин элдерибиз камалган падышалык түрмө Британиянын Индиядагы абагынан алда канча жакшыраак, прогрессивдүүрөөк болчу” деген жаңы ырга өтүшкөн.

Оторчул Орусияны жымсалдап актоого багытталган бул сталинчил жаңы идеологиялык ыр Советтер Биримдигинде, анын ичнде Кыргызстанда жаңы жазалоолорго жол ачкан.

Ошентип, жогорудагы сыяктуу Орусиядан эгеменчил ойлорду тайманбастан чагылдырган илимпоз Тазабек Саманчин өзү да 1949-жылдан тартып коммунисттик цензуранын кылтагына илинет.

Цензурачылар анын “Манас” эпосун изилдөөсүнөн жана Молдо Кылыч тууралуу жана башка илимий эмгектеринен кынтык табышып, ал 1950-жылы жазыксыз жерден сталинизмдин абагына түшкөн.

Аны менен кошо манас таануучулар Ташым Байжиев менен Зыяш Бектенов да жазыксыз жерден абакка кесилишкен. Т.Байжиев ГУЛагдын абагында жүрүп мезгилсиз набыт кеткен.

Сталин өлгөндөн эки жылдан кийин, 1955-жылы абактан бошонуп келгени менен илимпоз Т. Саманчин татыктуу айдыңдык жумушка орношо албастан, өмүр бою “кара тизмеде” кала берген. Далай мурдагы кесиптештери аны менен жолугушуудан жаа бою качышкан.

Т. Саманчиндин чыгармалары да “кара тизмеде” болгон, китепканалардан жыйнап алынган, ошондуктан бул макалада сөз болуп жаткан жыйнакты биз Бишкектен эмес, Ташкенден таап окуп, маашырланганыбыздын сыры – дал ушул кейиштүү жагдайга байланыштуу. Ташкендеги китепканачылар тыюудагы кыргыз тилиндеги китепке анчалык кырды бычак болушкан эмес (аларлын окурмандары өзбек тилиндеги тыюу салынган китептерден кол жуушкан).

Коңшулардын жана жаңы муундагы тарыхчылардын саамалыктары.

Баса, айрым кремлчилерге кошулуп дүрбөп, “СССРге кайра кайтабыз” дегендер бабаларыбыздын мурасына тыюу салган, далай айдыңдарды репрессиялаган сталиндик доорго да кайткысы келип жатабы? деп эрксизден суроого туура келет.

Андан көрө өз Атажуртубуздун эгемендигин чыңдообуз, бүгүнкү Өзбекстандагыдай эле өтмүштөгү окуяларды, жашырылып келген тарых барактарын айгинелеп, тарыхыбызды жаңыча жана калыс таразалоону улантуубуз абзел эмеспи.

Азыркы тапта Өзбекстан менен Казакстанда XIX кылымдагы боштондук кыймылдары, 1898-жылдагы Анжыян көтөрүлүшү, чөлкөмдөгү 1916-жылкы көтөрүлүш, 1917-жылдагы Алаш Ордо, Түркстан автономиясы, 1918–1942-жылдардагы басмачылык кыймылы тууралуу калыс изилдөөлөр байма-бай жарыяланып жатат, бул коңшу өлкөлөрдө мурдагы жашыруун архивдик маалыматтар том-том болуп жарык көрүүдө.

Ушул кылымдын башында, маселен, Өзбекстанда сталиндик репрессиялардын курмандыктарына арналган бир нече музей ачылды. Казакстанда да сталиндик курмандыктарды эскерген заманбап музейлер негизделди.

Эми “Ата Бейит” комплексин биз 1991-жылдан тартып биринчи болуп түздүк деп көп мактана бербестен, чөлкөмдөгү ошол тарыхты жаңыча таразалап жаткан кубаттуу толкунду Кыргызстанда дагы жаңы усулда, жаңы булактарга жана маалымат технологиясына таянып, ырааттуу улантышыбыз керек.

Арийне, уучубуз да куру эмес. Сталиндик курмандыктарды эскерүү жаатында “Эсимде” коомдук долбоору (жетекчиси Элмира Ногойбаева) жана З.Курманов, А.Кубатова, Б.Абдырахманов, Г.Абдалиева, Ж.Байдилдеев, Ж.Бөтөнөев, Г.Алагөз сыяктуу бир катар тарыхчы илимпоздор жакшы саамалыктар баштоодо.

Ошентсе да...

Мурдагы КГБнын Бишкектеги архиви азыр дагы көптөгөн изилдөөчүлөр үчүн кулпуланып турат.

Өз архивин дагы жарым кылымга жапкан Путиндин режими го түшүнүктүү, элдик ыңкылаптардын далайын баштан кечирген Бишкектегилер эмнеге мурдагы КГБга таандык архивди алигиче кулпулоодо?

Жок дегенде 1953-жылдан (Сталин өлгөндөн) мурдагы фонддордун материалдарын изилдөөчүлөр үчүн эч тоскоолсуз ача беришпейби?

Айтор, аткарыла элек иш чачтан көп.

Кыскача жыйынтыктасам, Өзбекстандын Ташкент шаарындагы жана Казакстандын Алматы шаарларындагы архивдер менен китепканаларды жеринен изилдөө үчүн алатолук жаш илимпоздорго системалуу колдоо көрсөтүү зарыл. Бул тууралуу президенттик кеңсеге караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов да чакырык жасап келет.

Жок дегенде ачык турган архивдер менен китепканалардын корлорун изилдеп туралычы...

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG