- Мына, быйыл автоном облус Кыргыз АССРи болуп кайра түзүлгөнүнө 100 жыл толду. 1926-жылы 1-февралда түзүлгөн экен. Эгемендикке 35 жыл болот. XX кылымдын башында кыргыздар мамлекеттүүлүктү тикелөөнүн түрдүү жолдорун изденген экен. Үркүндүн алдында эле кан көтөрөбүз десе, кийин “автономия”, “республика” дегенге умтулуптур. Ошолордун башында ким турду деген суроодон баштайлы.
- Суроого жооп берердин алдында бир жалпылап айта кетейин. Тарых деген өтө татаал нерсе. Азыркы учурда буга баары эле кийлигишип алды. Математиги деле, физиги деле, экономисти да тарых жазууда. Эми тарыхтын көпчүлүккө көрүнбөгөн жаман жагы дагы бар. Менделеев түзгөн элементтердин мезгилдик тутумунда уу заттар абдан көп эмеспи. Тарыхта ого бетер көп. Бирөөнү мактантат, бирөөнү чөктүрөт, уялтат, сыймыктандырат. Ар бир элдин тарыхында ушундай жагдайлары бар. Бул деген тарых. Ошондуктан “муну аттап кетели”, “муну көрсөтпөйлү” деген туура эмес. Аны ошол боюнча кабыл алып, сабагын алышыбыз керек. Тарых - окуп үйрөнүп, сабагын алыш үчүн гана.
Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:
ХХ кылымдын башы аябай татаал мезгил болуптур. Анын үстүнө документтер дагы өтө көп. Окуяларга абдан жыш, оор мезгил. Анан ошондогу алдыңкы катарда жүргөндөр ушундан кантип чыгабыз дешкен, элди ойлошкон. Бул Төрөкул Жанузаковдун (1904-1921) мисалында жакшы көрсөтүлөт. Анын атасы колунда бар киши болуп, Төрөкулду Меркедеги окуу жайда (Мерке орус-тузем окуу жайы) окуткан. Окуп билим алмайын өспөй турганын жакшы түшүнгөн. Орусиянын оторчулук доорунда көпчүлүк кат-сабаттуу кыргыздар Верныйдан (Алматы), Ташкенттен, Олуя-Атадан окушкан. Кожомурат Сарыкулаков (1892-1918), Абдыкерим Сыдыков (1889-1938) ошентип билим алган. Баары кийин жакшы түшүнүк алып чыгышты. Анан калса айрымдары Орусиянын оторчулук доорунда жергиликтүү канцелярияда иштеп баштаган. Мисалы, Төрөкул Жанузаков дагы ошолордун бири. Булардын көбүнүн таржымалы окшош.
Ошол маалдагы акыбалды баары жакшы түшүнүшкөн, билим алуу зарыл экенин аңдашкан. Төрөкулдун тууганы, кийин кайнатасы болуп калган Алымбек деген манап “билим албасак жашай албай калабыз, жок болуп кетебиз” деген мааниде айткан экен.
Төрөкул 1903-1907-жылдары Меркеде окуйт. Казактын мамлекеттик жана саясий ишмери Турар Рыскулов менен чогуу окушкан. Турар Рыскулов жетим өскөн бала экен. Каникул сайын Таласка Төрөкул Жанузаков менен чогуу келчү дешет. Эскерүүлөрүндө экөө чогуу келгенде төөгө китеп жүктөп келишкени айтылат. “Балдарды окуткула” деп, айылына атайын молдо жалдаган. Балдар билим алуусу керектигин өтө жакшы түшүнгөн, агартууга аракет кылган.
- Сиздин Төрөкул Жанузаков тууралуу макалаңызда 1917-жылы “Бирлик туусу” гезитине жарыяланган “Кыргыз боорлорума” деген кайрылуусун келтирипсиз. "Өзүбүз аракет кылбасак, же кыргыз бар деп бирөө айтпаса, эскерилбей, сыртыбыздан бирөө сатып жиберип, бирөөнүн колунда кул болуп кетербиз” деп жазыптыр.
- Бул Жанузаковдун 1917-жылы күзгө жуук жарыяланган макаласы. Мунун алдында Ташкентте канцелярияда иштеген. Турар Рыскулов Ташкенттин генерал-губернатору Владимир Павлович Колосовскийдин кызы Татьянага үйлөнгөн. Окууну бүткөндөн кийин Төрөкулду дагы Ташкентке ала кеткен. 1910-1912-жылдары экөө тең ошол жакта иштеген. Ошондон улам кырдаалдын баарын түшүнгөн. Жергиликтүүлөр жакырчылыкка батып, өтө оор турмушта жашарын көргөн. Ошол себептен башында “теңдик келди”, “азаттык келди” деп кыйкырып жатат. “Бирлик туусуна” биринчи Төрөкул Жанузаков менен Ашымбек Алымбековдор “Ак калпактуу кыргызга” аттуу макала жарыялаган. Анда “Орусияга караган бардык калкты 160 миллион десек, съездге 800 өкүл шайланышы керек. Анын ичинде ак калпактуу кыргыздын шыбагасына эгер саныбыз эки миллионго жетсе, он өкүл тиет. Ферганада 13 болуш, Жети-Сууда 20 болуш, Сыр-Дарыяда 13 болуш кыргыз бар. Ташкентке кишиңерди жибергиле, ар болуштан бирден-экиден келсе деле болот. Карала турган маселе көп. Азыр эң керектүүсү – кыргыз тилиндеги гезит чыгаруу. Азыр биз казак туугандарыбызды минип отурабыз” деп, Бүткүл орусиялык уюштуруу курултайына делегат шайлоого кыргыздардын дайын турушун жана эне тилинде гезит чыгарууга чакырык салышкан. Сиз айтып жаткан “Кыргыз боорлорума” деген макаласы аябай катуу жазылган. “Манаппыз деп эле көрпөдө дардайып отурасыңар” деп катуу айтылган. “Башкалар бизге караганда акылдуу болуп жатат, билимдүү болуп жатат. Петербургга чейин барып маселе көтөрүүдө. Биз болсо эзүүдөн чыга албай жатабыз” деп чыркырап жазат. “Эчтеке кылбайбыз, жалкообуз” деген мааниде мисалдарды келтирет. “Бала ыйлабаса эмчек кайда? Келгиле, биз деле бирдеме кылалы. Казактар борборго депутат шайлап жатат. Өзүбүздүн оокатыбызды өзүбүз кылалы” деп жазат. Бул гезит араб ариби менен Казакстанда чыгып турган.
Октябрь ыңкылабына чейин “эзүүдөн кантип кутулабыз, канткенде жакшы жашайбыз” деген ойдо жүрүшкөн. Бирок “ушундай бир мамлекет түзөлү” же “өзүбүзчө бөлүнүп кетели” деген ой келе элек болчу. Октябрь ыңкылабынан кийин бийликке келген большевиктер биринчи эле Тынчтык жөнүндө декрет кабыл алышат. Эртеси Жер жөнүндө декрети жарыяланат. Үчүнчү күнү эле Орус империясына караган Чыгыш мусулман элдерине эркиндик берет. Бул кабар телеграф аркылуу тарап, бардык жерлерде басылып чыккан. Эл андан кабардар болуп, “эркиндик берилет, өзүбүзчө болот экенбиз” деп ойлошту. Ошого аракет кыла башташты. Төрөкулдун жазганы дагы ошондон болуп жатпайбы. “Өзүбүзчө мамлекет кылалы, ойгонолу! Келгиле, өзүбүздүн таламыбызды талашалы” деп жатат. Себеби башкаларды көрдү да. Казактар “Алаш мамлекети” дегенди түзүүгө 1917-жылдан кийин дароо эле аракет кылышкан. Жети-Сууну толук кошобуз деген сүйлөшүүлөр жүргөн. Ал эми Кыргызстандын түштүк аймагы Сырдарыя облусу менен Фергана облусуна, Олуя-Атага караган. Бул жактарда дагы өзүнчө ар кандай жыйындар болуп, Ташкентте чогулуп, “Түркстан” деп түзөбүз деп чыгышкан. Төрөкул ушул жакка кошулган. Борбор эркиндик берип жатса, булар мамлекет түзүп жатышат да. Көптөгөн жыйын, курултайлар чакырылган. Чогулуп алып эле кол көтөрүп, “келгиле, ушундай жашайлы” деп, эл болсо ар кимисин ээрчий берген. Бирок маселе акыр-аягы келип, “кандай мамлекетте жашайбыз” дегенге такалган. Ошол себептен партиялар чыгышып, эсерлер, большевиктер өзүнчө, ким айтса эле эл ошону ээрчиген мезгил эле. Төрөкулдун макаласы ушундай кырдаалда жазылган.
- Төрөкул Жанузак уулу 1916-жылдагы Үркүндү иликтөөгө дагы аралашкан турбайбы...
- 1916-жылы август айынын башында көтөрүлүш башталганда Пишпек уездинин Беловодск участкасында жашаган 517 кыргыз көтөрүлүшчүлөргө кошулбай тургандарын айтып, бир жерге убактылуу жашырып турууну суранып, приставка кайрылышат. Башка жумуш менен бир жакка кетип бара жаткан пристав, аларды кыштактын дыйкандарына тапшырат. Алар болсо кыргыздардын бирин калтырбай кырып салган. Окуянын чоо-жайын аныктаган Төрөкул Жанузаков иликтөөнүн жыйынтыгын Түркистан комитетинин мүчөлөрү М. Тынышпаев менен О. Шкапскийге жиберет. Беловодскилик дыйкандар ал окуя үчүн катуу жазаланмак. Ошондуктан дыйкандардын сөзүнө ишенип, анын калп-чынын териштиргиси келбеген Д. Фурманов (1919-1920-жылдары Түркистан аскер кеңешинин Жети-Суудагы ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий бөлүмдүн жетекчиси болгон) тескерисинче Төрөкул Жанузаковго терс мүнөздөмө берип, аны ашынган шовинист катары сүрөттөйт. Муну менен тим калбай, ошол эле Олуя-Ата уездинен Карабай Адылбеков деген бирөөнү таап келип, Төрөкулду жаман атуу кылууга аракет кылышат. Ошентип Төрөкулду совет бийлигинин душманы кылып көрсөтүшкөн. Совет доорунда Төрөкулдун ысымы аталбай калышынын башкы себеби дагы ушул.
- Түркистан АССР түзүлдү, анын Аткаруу комитетинин төрагасы теги казак Турар Рыскулов (1894–1938), орун басары Төрөкул Жанузаков болуптур. Андан кийин эмне болуп басмачылык кыймылына өтүп кетти?
- Фурманов айтып жатпайбы, “Жанузаковдун үстүнөн даттанышкандан кийин аны менен сүйлөштүм ” дейт. “Камакка ала турган болгондо Ташкенттен тез арада бошот деген телеграмма келди. Ошондо Турар Рыскулов экөө байланышта экенин түшүндүм. Буга алым жетпейт экен деп, кое бердим” дейт. Кийин Бакуда курултай өтөт. Мунун алдында Төрөкул Жанузаков Ташкент шаарында чыгуучу “Коммунист” гезитине 1916-жылдагы кыргыздардын көтөрүлүшү, анын мааниси жана тарыхы жөнүндө айтып берет. Оторчулук катаал саясаттын кесепеттери ушуга алып келгенин жазган. Бакуда өткөн курултайга эки миңден ашык делегат катышып, кыргыз-казактан 47 киши барган. Төрөкул Жанузаков курултайда Түркистан делегациясынын атынан улуттук мамлекетти курууга байланыштуу аткарыла турган чукул маселелер боюнча кеңири баяндама жасаган.
1920-жылы 1-8-сентябрда Баку шаарында өткөн Чыгыш элдеринин курултайы туралуу Ахмед Зеки Велиди Тоган (1890-1970) төмөнкүдөй эскерет: “Чындыгында курултайды уюштуруу идеясы мага таандык болчу. Биринчи жолу мен бул сыяктуу форумдардын максатка ылайыктуулугу жөнүндө Башкортостандын Москвадагы өкүлчүлүгүндө түрк лидерлери Жемал Паша менен Халил Пашага айткан элем. Бирок курултайды уюштуруу Сталин жетектеген Улуттар комиссариатынын жана Мусулман коммунисттеринин Борбордук бюросунун колуна өтүп кетти. Курултайды даярдоо жана өткөрүүнү Г. Зиновьев менен К. Радек колго алган. Мен ал учурда качкын абалында элем. Бакуга келеримди болжогон чекисттер камакка алууга даяр турушкан. Баку, Астрахан, Дербент, Красноводск жана башка жерлерде Валидовду кармоо үчүн ЧК үч жүздөй агент даярдап койгону бизге белгилүү болчу. Бул агенттердин көпчүлүгү мени таанычу. Биз аны менен бирге Казакстан жана Өзбекстандын делегациясы кимдерден турганын, ошондой эле кайсы поездге отурарын билгенбиз. Бул поездди мен Ашхабаддын батыш тарабындагы Вами деген чакан станцияда күтүп тургам. Жүк ташуучу поездден түшүп, ошол поездге кирерим менен биринчи вагондон Турар Рыскулов менен Жанузаковду таптым” деп жазган.
Ахмед Зеки Велиди Төрөкул Жанузаков менен кандайча таанышып калганын мындайча эскерет: “1914-жылы мен Ташкент шаарында жаштар уюштурган театр жана кечелерге көп барчумун. Ошондой кечтердин биринде кыргыздардын билимдүү адамдарынын бири Ибрагим Жанузаков (кээ бир изилдөөчүлөрдүн пикиринде Ахмед Зеки Велиди Төрөкулдун атынан жаңылып Ибрагим деген) менен кездешип калдым. Мунун алдында кыргыздын дагы бир интеллигенти, манасчы Сарыкулаков менен таанышкан элем. Биздин тааныштыгыбыз бир осол окуядан улам башталган. Студенттердин ашканасына кирсем, ичимдикке кызып калган эки студент отуруптур. Бириничсинин бети сепкил, экинчисинин өңү сары кыргызчабы же казакчабы адепсиз сөздөрдү сүйлөп жатыптыр. Мен ашпозчуга: “тигилерди токто дегин, болбосо мага башка орун таап бер” дедим. Алар сөгүнүп киришти. Мен сепкил бетке карап: “Кет десе, ит деле кетет, Алманбет калмак эмне кетпей атат?” дедим. Манастан алынган ушул сөздү уккан сепкил беттүү ордунда катып калды. “Кечир, сен кимсиң, кайдан келдиң, Манасты кайдан билесиң?” деди. Ошентип эстерине келди. Ошондон тааныштык. Мен тууралуу билет экен, китебимди да окуптур. Эртеси күнү ашканага келгенде дагы ошол кыргыз жигит кечирим сурады. “Манас” тууралуу аңгемелештик. Сөз Кожомурат Сарыкулаков жөнүндө болуп жатат. Ал 1911-жылы Верный (Алматы) шаарындагы эркек балдар гимназиясын күмүш медаль менен бүтүрүп, Киев шаарындагы Ыйык Владимир университетинин медицина факультетине кабыл алынган. Бирок каражаттын жетишсиздигинен окуусун уланта албай, 1914-жылы Казан университетинин юридика факультетине кирген”.
Андан аркы эскерүүлөрүндө: “Ташкент калаасынан мага Абубакир Диваев (белгилүү чыгыш таануучу, фольклорчу, лингвист-түрколог) ХІХ кылымда араб тамгасы менен жазылган, Радлов тарабынан жарыяланганга такыр окшобогон дастандын башка бир нускасын берген. Тамгаларыны көбү өчүп, калыбына келтирүү мүмкүн эмес эле. Сарыкулаковдун айтканына караганда накта манасчынын оозунан жазылып алынган нуска экен. Ал нуска менин колумда сегиз жыл сакталып жүрдү. 1920-жылы Бакуда өткөн Чыгыш калктарынын съездинде Жанузаков аны менден убактылуу сурап алып, бирок ал бир жылдан кийин Ферганада Кеңеш өкмөтү менен кармашта каза тапты. Ошентип Жанузаковдогу кол жазма жоголду. 1924-жылдан Кеңеш өкмөтү дастанды өз саясатына ылайыктап басууну колго алды. Менин колума тийген Түркистандагы ал нуска, орустар басып аларда мурун, Кокон хандыгынын тушунда жазылган, 60 миң сап боло турган. Сарыкулаков экөөбүз бул эл мурасын араб алфавитинде жарыялоону ойлоп жүргөнбүз. Жанузаковдун максаты да ошол эле. “Манасты” биргелешип жарыялайлы деген оюбуз ишке ашпай калды”.
Жанузаков Зеки Велидини көп уккан. Ал киши өзүнчө бөлүнүү идеясын жактаган. Кыскача айтканда, алардын көз карашы пантүркизм болгон. Жанузаковго Москвага барып иштөөнү дагы сунушташкан. Бирок ал курултайдан кийин кайра эле Ташкентке келген. Ошол мезгилде Абдыкерим Сыдыков дагы адегенде эсерлерге кошулуп, кийин большевиктерге өткөн. И.Арабаев, И.Айдарбековдор деле ушундай жолдорду басышкан. Бирок баарысында “кандай кылып жакшыраак жашайбыз” деген мүдө болгон. “Балким, автономия менен жакшыраак жашайбыз”, “түрктөр өзүнчө мамлекет болсок жакшы жашайбыз” дегендей ойлорду ээрчишкен. “Кор болбой, колония болбой эркин жашайлы” дешкен, бирок ошого кандай жол менен барабыз дегенге көз караштары ар башка болгон.
- Жанузаков тууралуу изилдөөлөр жетиштүү болдубу? Тарыхтагы ордун, ал жашаган доорду туура чечмелеп жаза алдыкпы?
- Тарых деген бүтпөйт экен да. Бир нерсени жазсаң, экинчиси чыгат. Кандайдыр бир деңгээлде изилденди. Бирок ошол кезде ал киши эмнени ойлоду? Кандай идеяларга сугарылды? Кандай мүдөөнү көздөдү? Ушул жөнүндө айтып, аягына чыгыш кыйын го дейм. “Тарыхты ким өзгөрттү? Наполеонбу же Чыңгыз ханбы?, - деп суроо салат бирөө. Жок, - дейт экинчиси. Эч кимиси өзгөртпөйт, тарыхты тарыхчылар эле өзгөртүп жатат” дейт эмеспи. Анын сыңарындай кандай көз карашта карайсың? Кантип чечмелеп жазасың, маселе ошондо. Толук баа берүүгө такыр мүмкүн эмес. Мисалы, совет доорунда эмне себептен Жанузаков тууралуу сөз кылышкан эмес. Идеологияга туура келген эмес. Азыр ал тууралуу айтып, жазып жатышат. Мунусу жакшы, бирок анын заманы эскирип кетти. Ошол заманда көп катачылыктар кеткен. Бул жөнүндө көп изилдөө, эмгектер жарыяланып келет. Мисалы, Зайнидин Курмановдун бул доор тууралуу жакшы эмгеги бар. Анан дагы дагы бир маселе, ошол мезгилдерде “эркиндик” дегендердин көпчүлүгү падышалык акимчиликте кызмат кылышкандар. Заман өзгөрүлүп, падыша бийлиги кулаганда эле дароо ошого өтүшкөн.
- Ошентип бул киши “басмачылык кыймылга” барды. Анан алар кандай кабыл алды, кимдер менен болду, ошол жагын айтып бериңиз.
- Төрөкул Жанузаков өзүнүн жазган катында минтип айтат: Кытайдан кайра мекенине келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча иштеп жүргөндө мага куугунтук башталды” дейт. Большевиктер кугунтук кылып жатат да. Карабаев деген бирөө арыз жазат. “Мен күнөөсүн мойнуна коюп берем. Бул жылкы уурдап кеткен. Кармап келгиле, мен анын бетине коюп берем” дейт. Ал киши кийин качып кетип, таппай калышкан. Карабаев деген өзүнүн эле туугандарынан экен. Ушул сыяктуу жалган фактыларды таап чыгышып, Жанузаковду жок кылууга аракет кылышкан. Ал ошол мезгилде элди ээрчите алган, лидерлик сапаты күчтүү болгон. Ошондуктан анын артынан жүргөн тыңчылар “баланча жерге барып сүйлөдү”, “эл муну колдоп жатат” деген маанидеги маалыматтарды берип турушкан. Чүйдө, Ысык-Көлдө көп жолугушууларды өткөргөн. Эл чогулган жыйындарда топ жарып, сүйлөп турган. Өтө чечен болгон. Ошентип жүрүп кара тизмеге илинген. “Муну жок кылыш керек”, “камакка алууу керек” деген аракеттер башталганда Кытайды көздөй качмак болуп, Ош тарапка жөнөйт. Кетмен-Төбөдөн өтүп келип, басмачылардын колуна түшүп калганын өзү жазган. "Эки-үч ай жаттым ошолордун колунда" дейт. Анан алардын өзүнчө мамлекет түзөлү деген мүдөсүн түшүнгөнүн, бирок алардын күрөшү чачкын экенин көрүп, алардын башын бириктирүүгө бел байлаганын жазган.
“Силер чачкын экенсиңер, жеңилесиңер. Андан көрө, келгиле биригели” деген. Ошол кезде Мадаминбектин эле колунда 30 000 аскери болгон экен. Төрөкул Жанузаков Көр Шермат (Шермухаммадбек) тууралуу дагы жазат. “Шермат көр” деп жазыптыр да, ошонун колуна түшкөн экен. “Ошолордун сүйлөшүп отуруп, көндүрөйүн дедим” дейт.
1921-жылы августта Бухарада Түркистан улуттук интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү тарабынан “Түркистан Улуттарынын Биримдиги” деген уюм уюшулган. Самаркандда өткөн жыйында анын уставы жана Түркистандын туусу бекитилген. Түркистандын көз карандысыздыгын жарыялаган бул уюмдун программасын, уставын жана башка документтерин иштеп чыгууда Төрөкул Жанузаков өзгөчө ролду ойногон. Бул тууралуу Ахмет Заки Валиди Тоган өзүнүн эскерүүсүндө: “Тууну түзүүдөгү комиссиянын ишине Мунаввар Кари, мен, Жанузаков жана башка бир нече адам катышканбыз. Ага негиз кылып, XI кылымдагы Махмуд Кашгаринин эмгегиндеги селжуктар менен карахандардын туусун алдык. Улуттук туубуз кызыл түстө болгон, биз аны Тимур жана Тимурлар доорундагы кол жазмаларда сакталып калган миниатюралардын негизинде иштеп чыкканбыз”, - деп жазган. Ошентип Төрөкул Жанузаков Фергана өрөөнү большевиктердин колуна өткөндөн кийин басмачыларды бир колго баш ийдирүүгө мүмкүн эместигине көзү жетет.
1921-жылы 10-октябрда, басмачылардын катарында болуп калышын колго түшкөнү менен түшүндүрүп, совет бийлигинин органдарына мунапыс сурап кайрылган. Анан аңгыча болбой “басмачылардын арасында жүрөт”, “басмачылар менен минтип жатат” деп, анын үстүнөн билдирүүлөрдү жөнөтүп турушкан. Бүткүл Союздук ЧКнын Түркистандагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Ташкент ЧКсынын башчылыгына Яков Христофорович Петерс (1886 - 1938) келет. Жанузаков тууралуу билдирүүлөрдү ага жөнөтүп турушкан. Аны кармоого буйрук берилген. Жанузаков бир жолу кармалып, айласын таап качып кеткен. Аягында “муну атып салыш керек” деген чечимге келишкен. Атайын жок кылып койгон дгене ойго түртөт. Анткени эл ээрчип кетет деп коркушса керек. Мисалы, Казы Чоко уулу деген болгон. Болуш болуп турган убагында. Аны элдин баары уккан, арытнан ээрчиген. Большевиктер барып айтса укпайт, ал барса эле эл айтканын аткарат. Ошол себептен кадырлуу, мартабасы бийик кишилердин баарын жок кылууга аракет кылышкан.
Ошентип Төрөкул Жанузаковдун көзүн тазалоо тууралуу чалгын кызматына тапшырма берилет. Аны аткаруу үчүн Түрк фронтунун Ферганадагы аскер бөлүгүнүн командачысы Д. Е. Коновалов таланып-тонолуп бүткөн Базар-Коргон кыштагына чалгын жасап турууну Никольское айылынын тургуну Ф. Т. Масловго тапшырып, аны Анжиян, Ош аскер штабынын контрчалгындоо бөлүмүнүн кызматкери П. М. Богомоловго тааныштырат. 1921-жылы январда Богомоловдун катышуусу менен Фергана фронтунун штабы Парпи корбашынын куралдуу күчтөрүн жок кылуу боюнча атайын аскердик планды иштеп чыгат. Ошол учурда Парпи өзүнүн жанына 300-400дөй адам калтырып, калганын Исраил корбашы, Төрөкул Жанузаков жана Анжиян Ревкомунун мурдагы төрагасы С. Тухтабековдун башчылыгында Майлы-Сай өрөөнүнө жөнөткөнү тууралуу кабар түшөт. Ошол замат Кызыл Армиянын жетекчилери Парпи корбашыга каршы 5-атчандар полкун аттандырат. Өзгөчө айыгышкан салгылашуулар Избаскент, Базар-Коргон, Массы жана Сакалды айылдарынын жанында жүрөт. Ушундай оор салгылашуулардын биринде, 1921-жылы февралда Кара-Жантак айылына жакын жерде Парпи корбашы жамбашынан оор жаракат алып, көп өтпөй каза болот. Исраил корбашы Кетмен-Төбөгө, Көр-Шермат Алай өрөөнүн карай ооп кетет. Чекисттер адегенде Исраил корбашынын 75 жаштагы атасын барымтага алып, Төрөкул Жанузаковду кармап берсеңер бошотобуз деп убада кылышкан. Исраил корбашы кеңешме болот деген шылтоо менен Жанузаковду Арсланбабга чакыртып, ал жерден колго түшүрөт. Совет айылындагы Богомоловго жөнөтөт. Аны жеткирип бара жаткан Абдуллажан корбашынын тилин таап, Төрөкул жолдон качып кетет. Артынан түшкөн чекисттер 1921-жылы октябрдын аяк ченинде аны кайра кармап, милиция отрядынын коштоосу менен Жалал-Абадга жөнөтүшөт. Жолдо Акман айылына жакын жерден Төрөкулду коштоп бара жаткан отряд Батырбек корбашынын тосотуна кабылып, атышуу башталып, ошол убакта качууга аракет кылган Төрөкул окко учкан.
- Ошондо 28 гана жашта болуп калабы?
- Ооба. Жаш кезинен эле чечкиндүү болуп, айткан сөздөрү таамай, кайрылуулары, жазгандарын окуп, ээрчибей коё албайсың. Мисалы, биз ошол кезде жашап калсак, замандаш болсок, экөөбүз деле анын артынан ээрчип кетмекпиз.
- Жанузаковду архивден канчалык изилдей алдык?
- Саидакбар Агзамхожаевдин “Түркистан мамлекетинин курулушу” (Туркистон мухторияти) деген китеби бар. Жанузаков тууралуу ошонун эмгегинде берилет. Бул киши билинбей эле калмак. Адегенде өзбектер жазып чыгып, кийин казактар бизден экен деп жазышты. Ошондон кийин ысымы белгилүү болду. Андан кийин Жанузаковдун тууганы Кемелбек Кожомкулов маалыматтарды таап, макалаларды жазды. Андан кийин Жунушалиев архивдерди казды.
- Ошондо биз кайсыл мезгилден тарта бул киши жөнүндө сөз кыла баштадык?
- 2000-жылдардан кийин башталды. Кийин эле сөз кыла баштадык.
- Көрүнбөй, билинбөй калган ушул сыяктуулар көп болушу мүмкүнбү?
- Ошол мезгилдерде көп эле чыгышкан да. Булар ошол кезде кандай мамлекет курууну билишкен эмес . “Бөлүнүп кесек эле болду” деп турушкан. Андан ары кантип улантып кетиши жөнүндө программасы болгон эмес. Жанузаков деле жазып жатпайбы, “көрпөнүн үстүндө курсагын чедирейтип отурат” деп “Кыргыз боорлорума” деген макаласында. Чынында ал мезгилде кыргыздарда чечкиндүү бирөө чыгып, элди уюштуруп, “келгиле, өзүбүзчө мамлекет бололу” деген киши болгон эмес окшойт. Кыргыздардын кайдыгерлиги дейбизби, кол шилтеп койгон кенебестиги дейбизби, ушуга бир мисал айтайын. Тилекматтын Мамырбай деген баласынын архивде сакталып калган эскерүүсү бар. Минтип айтат: “Ысык-Көлдө Корольков деген уезд начальниги бар эле. Ошол 1905-жылы келип айтты: "Кыргыздар, силердин тузуңарды татып, чайыңарды ичип калдым эле. Жакында жер берилмей болуп жатат. Силер арыз жазып, кайрылып жер алып калгыла. Болбосо орустарга бергени жатат. Көп берилет экен. Ошондой кылгыла” деди”, -дейт Мамырбай. Ал өзү билимдүү, окуган киши да. Анан элге келип, жыйын кылат. “1905-жылы күздө мен жыйын кылып, сүйлөдүм” дейт. “Балтабай деген бар” деп, мурда болуш болгон бир топторун айтат. “Анан ошондо жер бөлүнө турганын айтсам, “бирдеме болсо биз эмне Текесте бош жер жатса, ошол жакка кетип калабыз” деп, баары көңүлдөнбөй койду. Анан ошону менен 1906-жыл келди, жанагы жер ченегичтер, көлдүн айланасын жерди ченеп киришти. Жети-Өгүздүн үстү жагы, Караколго чейин бүт жерлер бөлүнүп, кыргыздар албай калды” дейт. Липенка, Богатировка деген айылдар ошондо түшкөн.
- Сизден ошону сурайын, XX кылымдын 20-жылдарында “өзүбүзчө мамлекет болсок” деген кыргыздын ошол кездеги элитасы пайда болуп жатпайбы. Жалпы элдин жагдайы кандай болгон?
- Эл кандай болгонун Мамырбай айтып жатпайбы. Ушул кырдаалдан кантип чыгабыз деп, ким келсе эле ээрчий берген да. Мисалы, эсерлер келет “антебиз-минтебиз” деп, анархисттер келет “биз бизге бийликтин кереги жок, падышасыз эле өзүбүз жашайбыз” деп, большевиктер келет. Эл аларды ээрчий берген. Сабатсыздык деген ушул да, Төрөкул Жанузаков кейип жатканы ушу. Кокон автономиясынын түзүлүшү, ошол кездеги жыш окуялардын баары буларга сабак болгон, ошону түшүнүшкөн. Ошол себептен жаңылыштыктарды кетирсе дагы аракет кылышкан. Кол кушуруп олтуруп калбай, “минтип олтурсак таланып өлөбүз, жок болуп кетебиз. Кыргыз деген ат калбайт” деп, күйүп-бышкан. Тоолуу облус түзүү маселесин коюшат. “Биз өзүнчө элбиз” дешкен. Эл байкуш “мындай болобуз, тигиндей болобуз” дегендин баарын ээрчиген. Ар биринин артында колдоп, аларга ишенгендер болгон.
- Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыковдор менен Төрөкул Жанузаковдун жолу кесилишкенби? Бири-бирин жакшы билишкенби?
-Ооба, жакшы билишкен да. Абдыкерим Сыдыков экөө жакын тууган. Төрөкул Жанузаков Ашымбек Алымбековдун карындашына үйлөнгөн. Бирок кайра эле Алымбек манап менен үч атадан кошулган тууган. Алымбектин атасы Акылбек, Акылбектин атасы Бошой. Бошой менен Байсеит бир тууган. Байсейит баатыр Төрөкулдун бабасы. Атасы Жанузак, чоң атасы Шекербек, бабасы Байсейит. Булар Канай бий, андан Түлөберди баатырдан тарагандар. Төркул Жанузаковдун кайнагасы Алымбектин уулу Ашимбек Олуя-Атада большевиктер партиясында инструктор болуп иштеп жүргөн. Ал Жанузаковдун үстүнөн арыз жазган. “Ушундай тополоң чыгарып жатат”, “басмачылар менен уюшуп жүрөт” деп арызданган. Эмне себептен артынан арыз жазганын аныктай албадым. Балким, Төрөкул Жанузаков менен карындашы ажырашып кеткенби? Анысын тактай албадым. "Менин эң башкы душманым Ашимбек. Ошол мени каралап жүрөт” деп Төрөкул Жанузаков өзү дагы жазат да.
-Ушу киши жөнүндө жалпак тил менен түшүнүктүү кылып, китеп чыгарып коюш ниети барбы?
- Канча кишилер айтылбай жүрөт, канча кишилер эскерилбей, чоң эмгектерге татыктуу кишилер калып жүрөт. Мына, Иманаалы Айдарбеков жөнүндө Зайнидин Курманов “Биринчи” деген жакшы китеп жазды. Бирок мындай эмгек аябай көп убакытты талап кылат. Төрөкул Жанузаков эле эмес, аябай көп чыгаан кишилер болгон.
- Өзүңүз айткандай туура чечмелеп, кемчилиги болсо анысын айтып, эмнеден ката келтирсе мунусун белгилеп жазуу керектир.
- Ооба. Биздин мурунку тарыхчылардын көбү оңой темаларды алып алышып, илим жакташып, мындайлардан качып жүрүштү да. Азыр көңүл буруп жатышат, жакшы. Бирок эми азыр көп нерселер калып жатат. Келечекте жакшы тарыхчылар чыгат. Архивдер электрондук вариантка өтүп жатпайбы. Демек, изилдеш жеңилирээк болуп калат. Мындай иштер талаада калбайт. Сөзсүз чыгат мунун баары. Ошол доордо мамлекеттүулүк боюнча ишенимдүү көз караш, ошого көзү жеткен, “ушундай болобуз” деген киши болбоптур. Сабаттууларынын көбү орус-тузем мектебинде окушкан. Ал жерде “баш ийдирүүгө” негизделген, ошол маанидеги окутуу болгон. Эгерде кандайдыр бир тажрыйба болуп, айталы Маркстын “Капиталын” же башка көтөрүлүштөр тууралуу окуп, билишкенде “бийлик ушундай болот экен” деп балким түшүнмөктүр. 1991-жылы эгемендик алгандан кийин биз да кыйналдык го. Дароо багытыбызды таап кете албай, тигини айттык, муну айттык. “Швейцария болобуз” дедик. “Сингапур” болуп кеттик, ушу сыяктуу эле ал доордо дагы тажрыйба болгон эмес.
- Жанузаков катышкан окуялар, ошол доордогу адашуу, жаңылуулардын бардыгынын сабагы кандай болду?
-Ушунун баары сабак, сөзсүз сабак болушу керек да. Ошону талдап үйрөнүп, мектептен бюаштап жакшы түшүндүрүп, жеткиришибиз керек. Орусча айтканда, мунун баары практика да. Жалаң эле көтөрүлүштөр эле эмес, адамдын жашап өткөн өмүрүнүнүн дагы өрнөгу, сабагы бар. Тарыхтын сабагын гана алышыбыз керек, болду. Так жана туура сабак болуш керек. Так айтып жүрсөк, ошонун баары сабак болот. Анан эле жанагыдай бурмалап, жамандай берсек, анда ал бирөөнү ызалантат.
(Маек айрым кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрүңүз)
Шерине