Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

Таластагы көтөрүлүш: кулакка тартуу, басмачылык жана “кызыл кыргын”


ГУЛАГ (ред. Главное управления лагерей – СССР учурундагы жазалоочу орган), коллаж.
ГУЛАГ (ред. Главное управления лагерей – СССР учурундагы жазалоочу орган), коллаж.

1930-жылдары Кыргызстандын Талас аймагында көтөрүлүш болуп, эл кулакка тартуу саясатына жана башка басым-кысымга каршы чыккан. Бул окуянын арты эмне менен бүткөн жана анын кесепети кандай болгон? "Куугунтук курмандыктары" подкастында кулакка тартуу жана басмачылык кыймылдардын чыныгы себеби жана анын оор кесепеттери, миңдеген кишилердин бейажал кыргыны тууралуу кеп кылабыз.

Талкууга коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору Талант Разаков жана “Азаттыктын” редактору Заирбек Бактыбаев катышты.

- 1929-жылы Совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, бөтөн жерге айдаптыр. Эгемендик алганыбызга баш-аягы отуз жылдан ашканы менен кыргыз элинин тарыхындагы бул каргашалуу окуяга тарыхый да, укуктук да толук баа берилбей келе жатат. Маселен, Казыбек Казалчы деген ат менен белгилүү болгон акын Казыбек Маматемин уулун Жогорку Соттон былтыр гана акташты. Талант агай, колумда өткөн жылы интернетке жарыяланган сиздин макала турат. Анда ошол кулакка тартуу саясатына куралдуу каршылык көрсөткөн Таластагы окуя тууралуу сөз болгон экен. Мурда-кийин тарыхнаамада бул эмнегедир эскерилбептир.

Талант Разаков: Ошол кезде коопсуздук тармагында иштеп аткан болчумун. Ошол эле учурда Кыргыз-Славян университетинде аспирантурада окуп калдым. Мен биздин комитеттин архивинде үч жыл иликтөө жүргүздүм. Мына ошондо басмачылык, репрессия темаларын абдан тыкыр изилдеп чыктым. Ошол макаламда Талас кантону боюнча мисал келтирип жазганмын. Бул жөнүндө эч жерде айтылган эмес экен.

1931-жылы элдин нааразычылыгы күчөгөн. Анткени 30-жылдары Казакстанда ачарчылык болгон, миңдеген казак туугандар Ошко чейин жөө-жалаңдап келишкен. Ата-энеси өлүп, жетим калган балдарды канчалаган кайрымдуу адамдар асырап алган. Ошондой бир алаамат заман болгон. Ошондой катаал мезгилде биздин жетекчилик (Жусуп Абдырахманов) акылдуулук кылып, элибизди аман алып калгандыгы тууралуу айтып жүрөбүз.

Талант Разаков, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору
Талант Разаков, коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөнүн автору

Жогору жактан келген "мынча кишини кулакка тартасың" деген буйрук баарына бирдей болгон да. Талас кантонунда да, Нарында деле, Ошто деле, Көлдө деле ошондой болгон. Мени таң калтырганы, Ат-Башыдагы бир кишинин үч жылкысы, он кою эле бар экен. Ошол кишини да кулак деп айдап ийишкен. Анын бала-чакасы да кошо айдалган. Ушундай кайгылуу окуяларды мен Талас облусунун кантонунун мисалында бергенмин. Архивдик материалдарды карап көрсөм, бир эле 10-айылда (ал кезде айылдарга номур коюлчу экен) кой, эчки, уй, жылкы болуп 3300дөй мал бар экен. Бир жылдан кийин 890дой эле калыптыр. Себеби ал малды тартып ала башташкан. Эч кандай компенсация төлөнгөн эмес, төлөнмөк турсун, ээлерин кулакка тартып, сүргөнгө айдай башташкан. Бул кулактарды тап катары жойдук деп, маалымат бериш үчүн керек болгон.

Ал кезде аталыштары бүт орусча болчу, Кара-Буура Рыковский, Талас шаары Дмитриевка деп аталган. Дмитриевкада орус мужуктары жашаган. Ошол Дмитриевкага бир күнү түн жамынып бир киши чаап келип: "Сактангыла! Жалпы эл көтөрүлүп жатат, түрмөгө кол салат. Совет бийлигине, активдерге чабуул болот!" деп кабарлап кетет. Милицияда иштегендер, советтик, партиялык кызматкерлер баары чогулуп, куралданып даяр турушат. Чаткалда бир отряд жүргөн экен, "бизге чабуул болгону жатат, силер тияктан келгиле, биз бул жактан тособуз" деп, аларга да кабар беришет. Чаткалдан Кызыл Аскердин отряды жардамга шашат, ал эми бул жактагылар түндөсү козголуп келген элди ок атып тосуп алышат. Мындайды күтпөгөн эл качып-бозуп жөнөйт. Түрмөдөгүлөрдүн анча-мынчасын бошотуп кетишет.

- Сиз бул жерде 50 кишини бошотушкан деп жазган турбайсызбы.

Талант Разаков: Ооба, ал кишилердин көбү жанагы кулак аталып, бейкүнөө камалгандар болгон да. Кылмышкер болушса, бошотушмак эмес. Көтөрүшчүлөр азыркы Бакай-Ата районунун аймагына, Үрмаралга качып барышат. Үрмаралда алардын курал-жарак жасаган устаканасы болгон экен деген божомол бар. Архивдик материалдар боюнча ошол кармашта 118ден ашуун киши ок тийип өлгөн. Бир канчасы жарадар болгон. Талас өрөөнү боюнча миңдей киши соттолуп кетет. Алардын ичинде кулакка тартылгандар да болсо керек.

Мындай киши кулак аталат деп, "кулак" деген сөздүн мааниси так аныкталган эмес. Мен жазган макалада Чойбек Укуев деген киши: "Менин 240 коюм, 26 жылкым, 1 төөм бар эле" деп айтып жатат.

"Мунун баарын уюштурган Жунусаалы Калпа деген болгон. Ал киши өзү Чымкентте турган. Чымкенттен бул жакка келип, элди совет бийлигине каршы чыккыла деп уюштуруп кеткен" дешкен. Аталган козголоң кулактардын эле чыгуусу эмес, жалпы элдик көтөрүлүш катары мүнөздөлгөн.

- Демек, ошол учурда жалпы совет бийлигине каршы чыккан көтөрүлүш катары мүнөздөлгөн экен да?

Талант Разаков: Ооба, ошондой мүнөздөлгөн. Бул тополоң совет бийлиги тарабынан өтө кооптуу көрүнүш катары кабылданып, атайын отряд келген. Отряд Үрмаралдын башына чейин барып, жанагы күмүш жана башка кен байлыктарды казган жерлерди, шахталарды тинтип качып жүргөн көптөгөн кишилерди кармаган. "Силер курал-жарак жасап жатат экенсиңер" деп, жалган жалаа жаап бир канчасын атып салышкан. Дагы бир бөлүгү соттолуп кеткен.

Негизи нааразычылык элди талап-тонмойдон келип чыккан. "Кулаксың" деп туруп эле элдин мал-мүлкүн тартып ала берсе, ал кантип жашамак эле? Архивдик материалда жанагы Укуев деген киши жайлоого чыкканы үчүн эле 1400 сомго жакын төлөгөндүгүн айтып жатат. Отурган журту үчүн төлөгөн, мал жайганы үчүн төлөгөн. Ошентип, элди кыса бергенде нааразычылык өтө күчөгөн.

Элдин кыйраткан деле курал-жарагы болгон эмес экен. "Трёхлинейка" деп коёт, 3-4 ошондой куралы болгон экен. Калганы ата-бабадан калган, аңчылыкка колдонуп жүрүшкөн кара мылтык болуптур. Ошондой 30-35тей түтөтмө мылтык мергенчилерде болсо керек. Эми жанагы кулак аталгандардын жанагынча мал-жаны болгондон кийин аларды өздөрү карап-баккан эмес да. Алардын кызматкерлери болгон. Кол кабыш кылган тууган-уругу болгон. Ал тигилерге эмгек акы төлөгөн, баккан. Бай эчтеке бербесе эле анын коюн кайтара бербейт да. Демек, алар да ошонун тарапкери болуп чыгышат.

Жогоруда биз сөз кылган Укуев деген киши "мен сексен койду союп, колунда жокторго тараттым" деп айтып жатат. Алгандын бермеги бар дегендей, аларда ыраазылыгын билдириш үчүн тилектеш болуп койсо керек. Жүр деп чакырса, барып койгон болушу мүмкүн. Жалпы элдин чыдамы кетип, акыркы чекке жеткенде жарылган. Калыссыздык, адилетсиздик жүз бергенде чыдабай каршы көтөрүлүү биздин ата-бабаларыбыздын тарыхында илгертен болуп келген көрүнүш экен. Бул дагы чоң нааразылыктын бир түрү, куралдуу да болуп жатат. Мыйзамсыздыкты, элге зордук-зомбулук кылгандарды жок кылуу максатында да козголушкан да. Түрмөдөгүлөрдү эмне үчүн чыгарабыз деп атышат? Алар көбөйүп, жабылып каптамак да.

Бүгүнкү күндө биз ушул сыяктуу тарыхыбызды билишибиз зарыл. Ошол каргашада каза болгон ата-бабаларыбызды эстеп жүрүүгө тийишпиз. Алар кыргын салган эмес, эч кимди өлтүргөн эмес. Болгону түрмөдө жаткандарды чыгарабыз деп келишкен. Бирок бийликтегилер аткан. Канча киши өлтүрүлгөнүн айтышкан эмес. Менин изилдөөм боюнча 118 киши каза болгон. Үрмаралга чейин кууп барып атышкан. Отрядга элдин баары басмачы көрүнө берген да. Алардын териштиргенге убактысы болгон эмес. Бир четинен ата берген.

Подкастты бул жерден угуңуз:

- Кесиптешим Заирбек Бактыбаев да Таластагы биз сөз кылып жаткан айылдардын биринде туулуп-өскөн. Заирбектин чоң аталарынын ошондогу окуяларга тике тиешеси бар экен. Заирбек, азыр элдин эс тутумунда ошол окуялар барбы жана ал окуялар кандай из калтырып кеткен?

Заирбек Бактыбаев: Ал окуялар элдин эс тутумунда азыр да бар. Мен кичине кезимде эле ушул окуялар тууралуу үзүл-кесил угуп калчумун. Менин чоң атамдын аты - Анарбек, Анарбектин атасы – Мамбет. Ошол Мамбет аталган окуяларга түздөн-түз катышкан экен. Негизги окуялардын чордону жана уюштуруу иштери жанагы Үрмарал, Беш-Булак, Ак-Дөбө деген айылдардын жака-белинде жүз берген тура. Тийген кесепети тууралуу айта турган болсок, менин чоң атам ошол окуялардан кийин качууга аргасыз болуп, Аксыга качып кетиптир. Анткени таякелери Аксыдан болот экен. Аялын Айсулууну да, эмчектеги баласын да кошо ала кетет. Ошол жакта эки-үч жыл туруп, бул окуялар кичине унут болгондо кайтып келген экен. Бул эми менин чоң атамдын тагдыры. Бирок мен жакындан бери сураштырып көрсөм, бул окуялардын кесепети чоң эле болгон экен. Туш-тарапка качкан кишилердин ичинен 30-40 жылдан кийин гана туулган жерине кайткандар да болуптур.

Мен жакында эле ушул окуялар жөнүндө Шабдан уулу Ысмайыл деген киши менен сүйлөштүм. Анын атасы ошол козголоңго түздөн-түз катышкан экен. Ал биринчи жолу болуштун тууганы деп соттолуп, 1924-жылдары абактан качып кеткен экен. Ал эми төрт-беш жылдан кийин аталган көтөрүлүшкө катышыптыр. Ал кишинин атасынан уккандарын жаздырып келдим эле, ошону угуп алып, анан кепти улантсак.

Заирбек Бактыбаев жана Шабдан уулу Ысмайыл. Таластын Үрмарал айылы.
Заирбек Бактыбаев жана Шабдан уулу Ысмайыл. Таластын Үрмарал айылы.

Ысмайыл Шабдан уулу: Мен 66га чыктым. Атамдардын, бабаларымдын бизге калтырган аманатын силерге айтып берейин. Силер да кийинки муунга жеткиргиле. 1928-жылдары Талас өрөөнүндө элдик көтөрлүш болгон. Эл өзүнөн-өзү эле түп көтөрүлө козголуп, көтөрүлүш болгон деп ойлошот. Жок, андай болгон эмес. Үрмарал айылы менен Ак-Дөбө айылынын ортосунда Мырзаалынын коргону деген жер бар. Ошол жерде Таластын ар бир айылынын өкүлдөрү чогулуп жыйын өткөрүшкөн экен. Жер ортосу деп, келген журтка кыйын болбосун деп, ошол жерди тандашыптыр. Анан коргондун ичинде да конокторду жайгаштыра турган шарттары бар экен. Боз үй тигилип, келген конокторду өзүнчө сыйлап, аттарга жем, чөбүн да камдашыптыр. Кызмат кыла турган кишилер дайындалып, чоң жыйын болгон тура. Ал кезде Талас эмес, Ак-Чий деп коюшчу экен. Ошол жыйында кулакка тартылып, бейкүнөө камалгандардын бошотуп алуу маселеси каралган.

Ак-Чийде Бакай-Атадагыдан бөлөк, ал жерде да өзүнчө чоңураак түрмө болгон экен. Эл башкарган, эл кадырлаган лидерлерди чыгарып алабыз деп, түрмөгө барып, чыгарышат экен. Бирок атайын даярдыктагы куралдуу аскердин огуна туруштук бере алышпай, чегинишиптир. Жазга маал экен. Атам: "Бөөдө кырсык болбосун деп, элге Кудайдын боору оорудубу, эки метрдеги кишини көрсөң көрөсүң, андан ары көрө албайсың, сасык туман басып калды", - деп эскерер эле. Ошол себептүү көп эл жабыр тартпай, аманчылыкта тарап кетти дейт.

Ысмайыл Шабдан уулу
Ысмайыл Шабдан уулу

Заирбек Бактыбаев: Бул киши азыр Үрмарал айылында жашайт. Ал кишинин айтканына караганда атасы ошол окуядан кийин Чаткалга, андан ары Аксыга качууга аргасыз болгон. Апасы Аксыда каза болуптур. А өзү Аксыда да тура албай, Өзбекстанга, Наманганга өтүп кеткен экен. Чартак деген райондо жашаптыр. 1964-жылы гана Кыргызстанга көчүп келген. Мындай тагдырга туш болгондор көп болгон. Биз сөз кылып жаткан окуянын жергиликтүү элге кандай кесепети тийгендигине бул дагы бир мисал. Статистикалык маалыматта ошол кезде Таласта 77 миң калк жашаган деп айтылып жүрөт. Талант агайдын жазган макаласы боюнча миңдей киши көтөрүлүштүн өзүнө түз катышкан экен.

Талант Разаков: Андан көп, миңдей киши эле Үрмаралдын үңкүрлөрүндө качып жүрүшкөн.

Заирбек Бактыбаев: Менин чоң энем көтөрүлүштөн кийин орустар (отряд) аттар менен келип калды дейт. Кыргызча билгени бар экен, билбегени бар экен дейт. Бирөөсү: "Ала-Тоо барба, өлөсүң" деп айтыптыр. Бул дегени "тоого барба, өлөсүң" дегени. Элдин бир бөлүгү камынып, көчүп кеткен экен. Көбү көчпөй, ошол айылдарда калган. Бирок тоого качкандардын айрымдары мүмкүнчүлүк таап, Түштүк тарапка өтүп кеткен экен, кете албай калгандарын тоо арасында атып салышыптыр.

Талант Разаков: Дагы бир нерсени толуктап коёюн. Ушул Таластагы окуянын келип чыгуу себеби айтылат, бирок кесепети тууралуу айтылбайт. Анын кесепети Кыргызстан боюнча тийген. Баардык жерде НКВД органдары ушуну бетке кармап, көп кишилер ошол көтөрүлүштөн кийин атылып кеткен. 1941-жылы декабрь айында Өзгөндө кишилердин бир тобу кармалган. Бир киши козу союп, элди чакырган экен. Кеч күз болгондуктан, элдин көбү бош болгон. Кеп арасында "немис катуу кетип жатат, кандай болоор экен" деген сөз айтылып кеткен окшойт. Молдолор баш болуп 28 киши камалган. Анын ичинен 12 киши атууга кеткен. Уюштурду, башкарды деген шылтоо менен бир молдону камашкан. Улуту тажик экен. Жунусаалы калпа сыяктуу ал молдо да атылып кеткен.

Эл нааразы болгон ушуга окшогон окуялар башка аймактарда да, Баткенде да жүз берген. Мисалы, 1939-жылы буга чейин кыргыздар үчүн болбогон жалпы аскердик милдет киргизилген. Эми кыргыздар аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү болуп калган. Ошондо Зардалыда элдик козголоң чыккан. Зардалынын эли биз мындан ары Кыргызстанга да кошулбайбыз, башкасына да кошулбайбыз, бөлүнүп өзүнчө жашайбыз деп чыгышкан. Курал-жарак алып жолду тосушкан. Анда да эл кармалган. Бул окуяда да молдолор жетекчи катары жазага тартылган. Зардалыдан 14-15 киши атылып кеткен.

Буга окшогон окуялар башка жерлерде да болгон. Таластагы элдик көтөрүлүштү баскандай эле НКВДнын кызматкерлери козголгон элди катуу жазалаган. Ушундай кылсак туура болот экен, бизге сөз тийбей, тескерисинче мактоо угат экенбиз деп ойлошкон. Бул дагы айыл жериндеги репрессиянын бир көрүнүшү.

- Тарыхты эмне үчүн тактайбыз? Бул бизге сабак болсун, келечектеги багытыбыз башкача болсун дейбиз да. Демек, совет бийлигинин репрессиячыл болушу ошол учурда эле эл арасында абдан чоң нааразычылыктарга себеп болгон экен да. Казакстандагы ачарчылык тууралуу айтып калбадыңызбы. Алар азыркы маалда1933-жылдагы ачарчылыкта кимдер жана канча киши каза тапканын тактап жатышат. Биз сөз кылып жаткан Талас окуяларында канча киши камалды, канча киши жабыр тартты, канчасы атылып кетти, кийин кандай актоо аракеттери болду – так маалымат барбы?

Талант Разаков: Жок. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калган. Бул жөнүндө унутуп да калышкан. Эч бир маалымат таппайсыз. Кыргызстандын тарыхы жакшы изилденген эмес да.

- Бирок тактаганга аракет кылышыбыз керекпи?

Талант Разаков: Ооба. Бир жакшы көрүнүш, эми көп нерселер ачыкка чыгып жатат. Биз өз тарыхыбызды изилдеп, иликтеп, тактап жатабыз. Мындан ары да канча киши каза болгонун изилдеп-такташыбыз зарыл. Архивде көбөйтүп жазып коюшу мүмкүн, же азайтып жазып коюшу мүмкүн. 118 киши каза болгон дешет, а камалгандар канча болду, сүргүнгө кеткендер канча болду. Мунун баары так эмес да, мунун баарын такташ абзел. Балким, бул маалыматтар архивдерден издеп көрсө чыгып калышы мүмкүн. Республикалык архивди, бөлөк архивдерди карап көрүш керек.

Кулакка тартылгандар тууралуу айтып өтпөдүмбү, кулак таппай калса өзүнө ылайык оокаты бар кишилерди, маселен, орто дыйкан деп коёлу, ошону кулак деп айдай беришкен. Ырас, башталышында чыныгы байларды камашса керек, бирок кийин алар түгөнгөн да. Эл кыйналып, каатчылык болуп жатса (Анүстүнө Талас Казастанга жакын да) эл аргасыз козголгон да. Биз минтип каякка баратабыз, эртең эмне болобуз деп, ойлонгон да. Элдин козголушуна кулакка тартуунун кесепети себеп болгон.

- Заирбек, тарыхый эс тутум деп жатпайбызбы. Тарыхта бурмаланып, унутулуп кеткен окуялар элдин эс тутумунан оңойлук менен өчпөйт экен. Жанагы сүйлөп берген киши дагы жөө туман басып калганы үчүн элдин көбү аман калды деп айтып жатпайбы. Ошол жерде жашап жаткан эл дагы эмнелерди билет экен? Чоң аталары соттолуп кеткен болсо, балким, актатам деп чуркап жүргөндөр бардыр. Курмандыктардын болжолдуу тизмеси, кайсы айылдардан эл көбүрөөк жабыр тарткандыгы тууралуу билишеби?

Заирбек Бактыбаев: Ошол мен сүйлөшкөн Ысмайыл деген киши өзү атасынан уккан маалыматты көптөн бери айтып берсем деп жүргөн экен. Сөзүнүн башында ушуну мен силерге аманат кылып жатам, силер да бөлөктөргө айткыла деп, мага бир зор үмүт менен айтып берди.

- Демек, бул изилдене турган, тарыхтын ала калган жерин толуктай алган окуя экен да.

Заирбек Бактыбаев: Ооба, бул окуя сөзсүз изилдениш керек. Эгер чындан изилдесе ошол окуялардын көп өңүттөрүн аныктаса болот деп ойлойм. Анткени ошол окуяларга күбө болгондор өздөрү жок болсо да, алардын балдары бар. Ал каргашалуу окуялардын себептерин аныктап, алар тууралуу дагы көп маалыматтарды тапса болот деп ойлойм. Бул окуяларга кандай баа берилиш керек деп, Талант агайдан да сурап кетпедиңизби. Элден сурамжылап, кээ бир маалыматтарды карап көрсөм, Таластагы каргаша да үркүнгө тете трагедиялуу окуя болгон экен. Албетте, Чүйдөгү, Нарындагы, Ысык-Көлдөгү үркүндөрдүн масштабы чоң болгон. Аларга салыштыруу мүмкүн эмес. Бирок ошол тарыхый көрүнүштөр бул жерде да учурап жатат. Мисалы, качкандар өзү гана качпай, энесин кошо өңөрүп, ашуу ашып жатпайбы. Ошонун запкысын көрүп, чет жерде жүрүп жатат. Көбү жолдо атылып калып жатат. Ошон үчүн бул сөзсүз изилденүүгө тийиш болгон тарыхтын бир тилкеси деп ойлойм.

- Талант агай, айтып кетпедиңизби, Таластагы окуядан кийин элди жазалоо күчөгөн, кийинки жазалоолорго ошол окуялар түрткү болгон деп. Сиз архивден бир ишти иликтегенде эле ушунча чоң трагедияны таап чыгып жатасыз. Кабарыңыз болсо керек, учурда архивдерди ачуу маселеси көтөрүлүп жатат. Мыйзамды өзгөртүү парламентте сунушталып, бирок токтоп калды. Ушул маселеде сиздин пикириңиз кандай?

Талант Разаков: Бизге окшогон архивдик материалдар менен иштегендер мамлекеттик жашыруун сырды сактоого милдетүүбүз. Бирок мен иликтеп жаткан маселеде эч кандай мамлекеттик сыр жок. Ошол себептен ачык макала да жазып чыктык. Бул элдин башына түшкөн алаамат. Ушул репрессия маселеси, басмачылык маселеси тууралуу мен "1918-жылдан 1950-жылга чейин Кыргыз мамлекетинин коопсуздук органдарынын пайда болушу жана калыптанышы" деген китеп чыгардым. Ошол китепте бул маалыматтар жазылган.

Азыр Түркия менен Армения бири-бирин геноцидге айыптап жатпайбы. Накта геноцид бизде болгон. "Түрктөр бир жарым миллион армянды кырган" деп жатышат. А бизде эки миллиондон ашуун киши жок кылынган. Фергана өрөөнүндө жашаган кишилердин 1915-жылкы статистикалык маалыматы бар экен. Ага Ош, Жалал-Абад жана Таластын бир бөлүгү да кирген. Ал эми 20-жылдарда эсептешсе, элдин саны 2 миллионго кыскарыптыр. Аз болсо да беш жылда эл өсүш керек да, а бул жерде 2 миллион киши жок болуп кетип жатат. Биздеги Кызыл аскерде көбүнчө армян дашнактар кызмат кылган. Кызыл гвардиянын уюткусун дашнактар түзгөн. Жергиликтүү калкка болгон мамиле тууралуу алардын бирөө: "Базар-Коргонго басмачылар келиптир деп угуп, Анжияндан саат тогузда чыктык. Бир полк жолдо кыргызы болобу, өзбеги болобу, учураганын атып кете бердик", - деп жазат.

Элестетсеӊиз, канча адам өлдү. Азыр мунун эсеби жок. Баары унутулду. Жакшы, жанагы кишидей атасынын айткандары боюнча эстеп калгандар бар экен. Анжияндан Базар-Коргонго чейин жүз чакырымдан кем эмес. Бир полк алдынан чыкканын сурак-сопкутсуз, бала-чака экендигине карабай кырып кете бериптир. Кийин Түркистан Совнаркомдун орун басары И. Хидиралиев: -Жолдош Коновалов, сиз эмне үчүн ушинттиңиз? Элдин баарын атып кете берипсиз го? - деп сураса, "Атпасак, алар басмачыларга кабарлап коймок", - деп жооп берген экен.

Кантип кабарлап коёт? Алар аттуулардан тез жүрмөк беле? Шылтоо да. Геноцид деп ушуну айтса болот. Басмачылардын пайда болушуна биринчи кызыл аскерлер күнөөлүү деп, М.Фрунзе келгенде айткан.

- Кийин алардын жоопкерчилиги каралдыбы?

Талант Разаков: Каралган жок. Армяндарды кетирип ийишти.

- Эмне үчүн биз совет мезгилиндеги кылмыштар тууралуу ачык айта албайбыз, архивдерди ача албайбыз? Эмне тоскоол болуп жатат?

Талант Разаков: Эч кандай тоскоолдук жок. Мына, мен миң даана китеп чыгардым. Эч ким тоскоол болгон жок. Каалагандар алып окушту. Китепканаларга таратып бердим. Буюрса, толуктап дагы чыгарабыз. Бир гана тоскоолук бар. Репрессия учурунда мындай болгон. Бир кыргыз экинчи кыргызды көрө албай жамандаган, үстүнөн арыз жазган. Мындай көрүнүш илим-билимдүү кишилер арасында да, чыгармачыл чөйрөдө да болгон. Атасы бай-манап болчу деп ушактаган. Же улутчул деп жалаа жапкан. А тигиниси болсо, ал өзү "Алаш-Ордодо" болчу деп, каралап жазган. Ошентип, экөө тең эл душманы болуп камалып жатпайбы. Макул азыр архивди ачалы, жанагылар ачыкка чыкса, кырылышып жатып калабыз. Азыр дос, жек-жаат, куда-сөөк болуп жүргөндөр кас душманга айланат.

- Негизги себеби ошол элеби?

Талант Разаков: Ошол. Оперативдүү маалыматтарды ачыктабаш керек. Ал эми Дмитриевкадагы, Зардалыдагыга окшогон көрөтүлүштөр, Өзгөндөгү каргашалуу окуялар тууралуу маалыматтарды эмне үчүн ачыкка чыгарбашыбыз керек? Андайларды ача бериш керек. Коопсуздук комитетинин жооптуу кызматкерлери, арагерлер болуп комиссия түзүп, кайсы архивди ачыш керек, кайсынысын ачпаш керек, карап чыгуулары зарыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG