Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:36

"Адамдан улам аргумент". Чыгармалардын репрессияланышы


Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Репрессия менен саясий диктатура киндиктеш деген аныктама бергеним бар. Репрессиялар - саясий, диний, идеологиялык топтун үстөмдүгүн орнотуунун, бийликти ээлеп алуу жана бекемдөөнүн, тез баюунун кандуу жолу, каргашалуу ыкмасы катары эзелки тарыхы, түрдүү формасы. Ошентсе да маалыматтын аздыгынанбы же кызыгуу зарылчылыгы жетишсизби, айтор көпчүлүк репрессия десе, 1933-1937-жылдарда туу чокусуна жеткен саясий кыргын-сүргүндү түшүнөт.

Советтик доордогу репрессиялардын масштабын, мүнөзүн, категориясын, процесстин жүрүшүн, этаптарын, курмандыктардын тагдырын али толук тактай элекпиз. Кесепетин аныктап, сабактарын алууга тийишпиз. Чындыгында репрессиянын тарыхы узак, түрү көп, формасы арбын. Адам өзү эле эмес, акыл куугунтукталган, билим жектелген, көркөм чыгармалар, илимий эмгектер репрессияланган, жок кылынган, өрттөлгөн.

XX кылымда тоталитардык режимдер китептерди, чыгармаларды, эркин ойду репрессиянын курмандыгына айланткан.

Коммунисттик партиянын идеологиялык максаттарына ылайык массалык манипуляциянын жана пропаганданын куралы катары советтик цензура масштабдуу мүнөзгө ээ болгон. Жок кылынган китептердин тизмеги 600дөн ашкан, ал эми жок кылынгандан кийин да “спецхран” аталган жабык жайларда миллиондогон экземпляр китептер, журналдар көздөн далдоо бекем катылган.

Цензуралык индекс 400гө чукул баракка араң сыйып, 10 миң чыгарма тизмеге кирген. Октябрь революциясынан кийин басма сөз Ревтрибуналы, Аскер-революциячыл цензура, Мамбасманын саясий бөлүмү ж.б. аталган цензуралык органдар 1922-жылга чейин ар кимиси өз алдынча иштеп келген. Кийин алар бириктирилип, Главлит аталып, Эл комиссарлар советине караштуу борбордук органга айланат.

1988-жылы гана иши солгундап, 1991-жылы СССР менен кошо жоюлган. Главлит бардык республикаларда кубаттуу мекеме болгон жана интеллектуалдык ишмердүүлүккө катуу көзөмөл жүргүзгөн.

РСФСРдин Главлитинин жетекчиси Н.Г. Садчиков бардык союздук жана автономиялык республикалардын цензуралык мекемелерине 1938-жылы жиберген циркулярында басмадан чыгарууга тыюу салынган, кокус чыгып кетип, бирок кийин жок кылынган же китепканалардан алынган чыгармалардын бирден нускасын алардын авторлору тууралуу толук мүнөздөмөлөрдү, аннотациясы, чечимдин көчүрмөсү, библиографиялык маалыматтар менен кошо борборго жөнөтүп турууну милдеттендирет. Демек, жылчыксыз жабуу, чектөө иши өтө кылдат жүргөн.

Чыгармаларды куугунтуктоонун эки түрү бар: “персонификациялык” жана “мазмундук”. Рим укук системасында да колдонулбаган argumentum ad hominem (Адамдан улам аргумент) принциби колдонулган. Мисалы, чыгарманын автору репрессияга тушукса, анын бардык эмгектери автоматтык түрдө репрессияланган (алынган, тыюу салынган, жок кылынган). Ал тургай репрессияланган адамдын ысымы аталган чыгарма да сүрмө топко кошо кабылган.

Акылга сыйгыс куугунтук

Жорж Оруэллдин “Айбан ферма” деген атактуу чыгармасы бар. Октябрь революциясына пародия. Китепте большевиктик диктатура катуу сындалат. КГБ Жорж Оруэллди досьеде “Советтер Союзу тууралуу эң коркунучтуу китептин автору” деп мүнөздөгөн. Китепке тыюу салынган.

1988-жылы гана “Родник” журналы аркылуу окурмандардын колуна тийген. Диктатура жана тоталитаризм тууралуу Жорж Оруэллдин “1984” деген да бир китебинде “Чындык министрлигинин” чиновниктери ою, пикири кооптуу авторлор “нелицо” аталып, чыгармалары өрттөлүп, “күлү сапырылып кетиши керек”. Ошол “санда жоктордун” курамына авторлору кесилген, атылган, өлкөдөн чыгарылган, эмиграцияга кеткен, жазаланган, сындалган, партиялык талкууда шектүү, ишенимсиз, ниети бузук, айтор “персона нон-грата” аталган чыгармалар кирген.

Ж.Оруэллдин “Айбан фермасы” китебинен, Ынды Кара (А.Акунов), Ильяс Каныбек которгон.
Ж.Оруэллдин “Айбан фермасы” китебинен, Ынды Кара (А.Акунов), Ильяс Каныбек которгон.

Партиялык талкууда сынга тушуккан чыгармаларды, алардын авторлорун оор тагдыр күткөн. Анна Ахматова менен Михаил Зощенко компартиянын борбордук комитетинин 1946-жылы августа “Звезда” жана “Ленинград” журналдарын сындаган токтому чыккан соң куугунтукка кабылып, чыгармаларына тыюу салынган.

Эки журналдын талкалаган талкууда партиялык аткаминер А.Жданов доклад жасагандыктан, чыгармаларга карата тарыхый илимде “ждановщина” аталган куугунтуктун масштабын 1934-жылы советтик жазуучулардын Бүткүл союздук биринчи съездине катышкан 600 делегаттын 1950-жылга карата 3/1 репрессияга кабылышы тастыктап турат.

Не бир шедевр чыгармаларга тыюу салынган. Михаил Булгаковдун “Собачье сердце”, “Мастер и Маргарита”, Эрнест Хэмингуэйдин “По ком звонит колокол”, А.И. Герцендин “Былое и думы”, Борис Пастернактын “Доктор Живаго”, Иван Буниндин “Окаянные дни” сыяктуу чыгармалары цензурага кабылат.

СССР Бириккен Улуттар Уюмун негиздөөчү мамлекеттердин бири, анын Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн бири. Бирок 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк декларациясы 1989-жылга чейин тыюу салынган адабияттардын тизмесинде болчу.

“Мазмуну зыяндуу” деп эсептелген чыгармаларды куугунтуктоо да акылга сыйгыс окуялар менен коштолгон. Мисалы, 1939-жылы 23-августа Молотов-Риббентроп пактысына кол коюлат. Ошондон тартып 1941-жылдын күзүнө чейин фашизмди, нацизмди, Германияны, Гитлерди жана нацисттик лидерлерди сындаган чыгармаларга катуу тыюу салынган.

Биринчи Дүйнөлүк согуш учурундагы орус-герман согушун баяндаган тарыхый чыгармаларга тыюу салынат, ал тургай айрым эпизоддор окуу китептеринен алынат, Германияга терс мүнөздөмө берген китептер жок кылынат.

Акылга репрессия, чыгармага куугунтук жагынан СССР менен фашисттик Германиянын саясатында окшош учурлар аз эмес. Гитлердин пропаганда министрлиги да советтик репрессиядан ашса ашкан, асты кем калган эмес. 1933-жылы 10-майда немис философторунун, жазуучуларынын, психологдорунун, окумуштууларынын 25 миң китеби бир түндө өрттөлгөн.

Кытайда 1956-жылы Мао Цзэдун бийликке келген соң башталган “маданий революция” аталган репрессия дээрлик он жылдан ашуун уланып, миллиондогон киши курмандыктарынан тышкары “козголоңчулар” деп аталган бандиттер менен хунвэйбиндер кытай элинин байыркы мурастарын кыйратып, жүздөгөн храмдарды, монастрларды талкалап, байыркы кол жазмаларды, баалуу тарыхый эстеликтерди, миңдеген китептерди, картиналарды өрттөп, жок кылышкан.

Акыл-билимди жектөө, чыгармага репрессия эмки заманда токтогону жок. Динге жамынган экстремисттик топтор жана террористтик уюмдар диктатордук режимдер жасаган ишти жырткычтык менен улантууда. Маселен, талибдер (террористтик уюм) биринчи жолу Ооганстанда бийликти басып алганда 2001-жылы Бамин өрөөнүндөгү байыркы эстелик Будданын скульптурасын жардырып жиберген, Ирак менен Сирияда “Ирак жана Леванта ислам мамлекети (ИГИЛ)” аталган террористтер байыркы цивилизациялардан калган архитектуралык шедеврлерди, жадакалса эски мечиттердин айрымдарын (мисалы, Ибн аль-Валид мечитин) “ширк” атап, таптакыр кыйратты, эски кол жазмаларды өрттөп, тарыхый эстеликтерди, баалуу мурастарды жексен кылды.

Маселе көз карашта деле эмес окшойт, куурагыр террористтер Ооганстандан Сомалиге чейинки аймактарда өздөрү кыйраткан тарыхый эстеликтерди сатып, пулга айлантты.

Кыргыз көркөм дөөлөттөрүнө чабуул

Советтик доордогу акыл-ойго, чыгармаларга куугунтук Кыргызстанда да туташ жүргөн. Байыркы Римде Nomina sunt odiosа (Жек көрүндү ысымдар), христиан чиркөөсү Index Librorum prohibitorum (Тыюу салынган китептердин индекси) деп атаган чектөөлөрдүн советтик версиясы болгон репрессияга кыргыз элинин көркөм дөөлөттөрү - оозеки чыгармачылыгы кабылды. Ири алдыда “Манас” эпосу, фольклор, ойчул акындардын санат-насаат, терме ырлары куугунтукталды.

"Манас" эпосу, заманачыл ойчул акындардын чыгармалары ревизияланып, элдик фольклордун үлгүлөрүн "жат элементтерден", "буржуазиялык мотивдерден", "улутчул образдардан" арылтуу аракети илимге, улуттук аң-сезимге, тарыхый эс-тутумга, элдик руханий маданиятка эбегейсиз сокку урат. Ал тургай санжыра тарых жана тарыхый инсандарга байланышкан баяндар куугунтуктоого негиз болду.

Мисалы, Касым Тыныстановдун 1924-жылы жарыяланган “Жаңыл мырза” тарыхый-лирикалык поэмасы жана “Академиялык кечелери” куугунтукка кабылган чыгармалардын анабашы. Жалгыз эмес, анткени 1933-жылы “Правда” гезитине чоң макала чыгып, кескин сындалган.

Тыныстановдун 1927-1929-жылдары басылып чыккан “Эне тил” окуу китебинде макал-лакаптар, элдик поэзиядан саптар мисал келтирилгени үчүн “буржуазиялык-улутчул” мазмунду камтыган деп катуу сынга алынып, автор партиядан чыгарылган. “Социалисттик келечекти чанып, өткөн доорду эңсеген, федолизмди жана бай-манаптардын образын даңазалаган зыяндуу идеялар камтылган” деп башталат куугунтук. Анын күчөйт, улам бир аныктама менен килейген кылмыш ишине айланып, атууга өкүм чыгат. Автору эл душманы болсо, анын чыгармалары аман калмакчыбы, кошо репрессияланат.

Заманачыл деп аталган ойчул акындардын поэзиясы куугунтукка түгөл туш болгон. Акындар поэзиясы өзү тургай, аларды кеп кылган чыгармалар улутчул, эскичил аталып, адабият журтунан алыс кубаланган. Маселен, окумуштуу Тазабек Саманчиндин Молдо Кылычтын чыгармачылыгы жөнүндө 40-жылдары жазган илимий эмгектери ”улутчул” “космополит” деп айыпталып, автору куугунтукка алынган.

Партиялык ишмердин атынан “ждановщина” деп аталып, идеологиялык негизде интеллигенция өкүлдөрү буржуазиялык улутчулдукка, эскичилдикке айыпталат, акыры репрессияланат. Алгачкы филолог-илимпоздор Ташым Байжиев жана Зияш Бектенов ошол капшапка кабылат.

8-класс үчүн окуу китебине авторлор элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн классификациялап, иргеп, кыскача түшүндүрмөлөр менен жабдып киргизген экен. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын поэмалары, санат-насаат ырлары камтылыптыр. 1947-жылы окуу китеби чыгат. Адегенде мактоого арзыйт. Анан кыраакы партия кесепеттүү улутчулдуктун белгилерин табат. Алгач кызматтан алынып, анан түрмөгө кесилишет, лагерге айдалышат.

Ташым Байжиев 1948-жылы 9-декабрда саясий жактан ката, зыяндуу “Кыргыз советтик фольклору” жыйнагын чыгарганга жол бергендиги үчүн Илимдер академиясынын фольклор жана “Манас” секторунун башчылыгынан, кийинки эле жылы апрелде кыргыз адабияты боюнча окуу китептериндеги жана эмгектериндеги саясий каталары үчүн кенже илимий кызматкерликтен бошотулат.

10-класс үчүн окуу китебин жазган Тазабек Саманчин да китеби үчүн репрессияланат. Ошентип Ташым Байжиев, Зияш Бектенов жана Тазабек Саманчин сыяктуу адабияттын, илимдин өкүлдөрү чыгармаларга карата ошол 1949-1953-жылдардагы репрессиянын курмандыктары.

1949-жылы февралда Кыргызстан КП(б) V съездинде Кыргыз ССРинин Жазуучулар Союзу идеологиялык кемчиликтери үчүн сынга алынат. Цензура, курулай айыптоолор, куугунтук күч алат. А.Токомбаевдин 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн баяндаган ыр менен жазылган романы “Кандуу жылдар” деген ат менен 1935-жылы жарыяланган. Улутчул мазмуну үчүн айыпталып, автор кыйла запкы жеген. Роман кийин интернационалдык сюжеттер менен толукталып, орус-кыргыз достугун даңазалаган эпизоддор, каармандар менен жамаачыланган соң “Таң алдында” деген ат менен кайра басылган.

1952-жылы К. Маликовдун “Балбай” романы буржуазиялык улутчулдукка, бай-манаптардын образын даңазалагандыгы үчүн айыпталат.

30-жылдардагы массалык репрессияга негиз болгон “кылмыштардын” категориялары толукталып, буржуазиялык улутчулдук, эскичилдик, кастык ниетиндегилер, идеологиялык саботаж, зыянкечтер сыяктуу жаңы статьялар колдонула баштайт.

Акыл-ойго, адабиятка, көркөм өнөр менен илимге, эркин ойго карата репрессиянын эпкини 90-жылдарга чейин кирип келген. Маселен, ойчул акындардын бир тобунун чыгармалары 1988-жылы Илимдер академиясы тарабынан чыгарылган “Кыргыз оозеки адабиятынын очерктерине” Калыгул, Арстанбек Буйлаш уулу, Алдаш молдо, сыяктуу орошон акындар кирген эмес. Китептери чыккан жазма акындар Молдо Кылыч, Молдо Нияз “Очерктердеги” жазгыч акындар тизмегине да кирген эмес.

Репрессияланган Казыбек 2022-жылы гана расмий акталды. Цензуранын илебин биз да сезип калдык. Үзөңгүлөшүм, досум Арслан Койчиев экөөбүз студент кезибизде “Мухаммед кыргыз – Тагай бий” деген макала жазып, аныбызды советтик Кыргызстандын бир да гезит-журналына чыгара албай койгонбуз. Айлабыз кетип, атамдын теңтуштарынын бири чоң гезиттин баш редактору экен, ага кайрылсак, “Кой, балам, мунуң жарабайт. Партиялык кызматкердин уулу болсоң, феодалдык доордогу ханды даңазалаганды токтот, сөз тиет, эч ким жарыялабайт. Андан көрө комсомолдун тарыхын жазып, каръераңды жаса” деген кеңешин берген эле, жарыктык киши. Бул 1989-жылдын жай айы эле.

Репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо жөнүндө мыйзамды жакшыртуу маселеси туура козголду. Инсандар менен бирге запкы жеген чыгармалар да акталганы оң. Советттик доордо куугунтукталып, тыюу салынган, проскрипциялык тизмеге кирген, жарыяланбай калган, сөздүн чыныгы маанисинде репрессияланган чыгармалардын жана китептердин библиографиялык тизмегин түзүү зарылдыгы бар.

Башка мамлекеттерде бул ишке ашканы үчүн, артта калбайлы максатында эмес, тарыхый чындыкты калыбына келтирүү муктаждыгынан улам бул ишти жүзөгө ашыруу абзел. Албетте, чыгарылбай калган же тыюу салынгандын баары эле орошон чыгарма, кылымда бир жаралчу шедевр деп айтуудан алыспыз. Бирок да көркөм нарктын ээси эл, чыгарма элге арналган.

Элге элдин уулдары жараткан чыгармалар кайтарылууга, бир кезде айыпталып кеткен чыгармалар акталууга, мыйзам чегинде реабилитацияланууга тийиш.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG