Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

«Мекеним Кыргызстан» талапкерлердин тизмесин жарыялады


«Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан шайлоого барчу талапкерлер.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан шайлоого барчу талапкерлер.

«Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы парламенттин VII чакырылышына аттанган талапкерлеринин тизмесин жарыялады.

19-августта «Мекеним Кыргызстан» партиясы IV жыйын өткөрүп, парламентке бара турган талапкерлердин тизмесин жана программасын бекиткен.

Партиянын "Фейсбуктагы" баракчасына жарыяланган тизме төмөнкүчө:

  1. Мирлан Бакиров
  2. Улан Садалиев
  3. Ибрагим Жунусов
  4. Татьяна Кузнецова
  5. Бакытбек Дүйшембиев
  6. Улан Сырдыбаев
  7. Марлен Маматалиев
  8. Элнура Алканова
  9. Жыргалбек Турускулов
  10. Искендер Матраимов
  11. Таабалды Тиллаев
  12. Гүлкан Молдобекова
  13. Канат Аманкулов
  14. Ахматбек Келдибеков
  15. Канатбек Азиз
  16. Бактыгүл Молдогазиева
  17. Данир Иманалиев
  18. Эрлист Акунбеков
  19. Кылычбек Исамамбетов
  20. Гүлмира Шакирова

18-августта «Ата Журт» партиясы күздө өтчү парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен чогуу бара турганы белгилүү болгон.

Бирок ушул эле күнү «Ата Журт» партиясы маалыматты төгүндөп, басма сөз кызматы Келдибеков өзү башка партиянын курамында шайлоого аттанууга акысы бар экенин, бирок партиянын атынан меморандумга кол коё албай турганын билдирген.

Ага чейин «Мекеним Кыргызстандын» катарына «Табылга», «Бирик» партиялары кошулган болчу.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.

Ушу тапта «Мекеним Кыргызстандын» шайлоо фондунда жети млн. 735 миң сом бар экени кабарланган.

19-августта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев «Мекеним Кыргызстан» партиясын бийликчил күч катары сыпаттаган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ат салышарын алгач 44 партия билдирип, төртөө ар кандай себептерден улам жарыштан чыккан.

Партиялар 20-августтан кечикпей курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августтан калбай Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек болчу. (ST)

XS
SM
MD
LG