Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

«Ата Журт» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары шайлоого чогуу барат


Мирлан Бакиров менен Акматбек Келдибековдун бул сүрөтүн 24.kg агенттиги жарыялады.
Мирлан Бакиров менен Акматбек Келдибековдун бул сүрөтүн 24.kg агенттиги жарыялады.

«Ата Журт» партиясы күздө өтчү парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен чогуу барат.

Эки саясий топтун лидерлерлери ушундай меморандумга кол коюшканын, шайлоого «Мекеним Кыргызстандын» желеги менен аттанышарын аталган партиянын өкүлү «Азаттыкка» билдирди. Курултайды 19-августта Бишкектин четинде, жаратылыш койнунда өткөрүшөт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.

«Ата Журт» партиясы 2010-жылы түптөлүп, башында Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров турушкан. Учурда партиянын лидери - Акматбек Келдибеков.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстандын» катарына «Табылга», «Бирик» партиялары кошулган.

«Бир Бол» партиясы менен «Демократ» партиялары, «Бүтүн Кыргызстан» менен «Ак шумкар» партиялары да шайлоого чогуу барары жарыяланган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ат салышууга алгач 44 партия ниетин билдирип, төртөө ар кандай себептерден улам жарыштан чыккан.

Партиялар 20-августтан кечикпей курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августтан калбай Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек. «Бир Бол», «Мекенчил», «Ата Мекен», «Ордо» партиялары курултай өткөрдү. (SE)

XS
SM
MD
LG