Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

19-августта үч партия жыйын өткөрөт


Кыргызстандын желеги. Бул сүрөттүн кабарда аты аталган партияларга тиешеси жок.
Кыргызстандын желеги. Бул сүрөттүн кабарда аты аталган партияларга тиешеси жок.

19-августта үч партия жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу багытындагы программаларын жана талапкерлерин талкуулайт. Алар: «Реформа», «Кыргызстан» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жетектеген «Реформа» партиясы 2020-жылдын жай айларында негизделип, күздөгү парламенттик шайлоого катышарын жарыялашкан. Курамында өлкөдөгү коррупцияга каршылык көрсөтүп келаткан #RЕакция кыймылынын мүчөлөрү, жарандык активисттер бар. Шайлоого катышуу үчүн беш миллион сомдук күрөөнү да партияга активисттер чогултуп атышат.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат.

«Кыргызстан» саясий партиясы 2010-жылы түзүлгөн. Төрагасы - Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ат салышарын алгач 44 партия билдирип, төртөө ар кандай себептерден улам жарыштан чыккан.

Партиялар 20-августтан кечикпей жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин 25-августтан калбай Борбордук шайлоо комиссиясына бериши керек. «Бир Бол», «Мекенчил», «Ата Мекен», «Ордо» партиялары жыйын өткөрдү. (SE)

XS
SM
MD
LG