Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Депутат Жанарбек Акаев шайлоого «Ата Мекен» партиясын баштап барат (видео)


Жанарбек Акаев шайлоого «Ата Мекен» партиясын баштап барат. Партиянын ачык асман алдындагы жыйыны. Бишкек шаары. 17-август, 2020-жыл.
Жанарбек Акаев шайлоого «Ата Мекен» партиясын баштап барат. Партиянын ачык асман алдындагы жыйыны. Бишкек шаары. 17-август, 2020-жыл.

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-августта партиянын жыйынында билдирди.

«"Ата Мекен" партиясы бул ирет шайлоого жаштарды жиберип жатат. Аларды депутат Жанарбек Акаев баштап барат. Эгер ал жакта азчылык боло турган болсок, биз көчөдөн колдойбуз. Көчөнүн күчү кандай экенин Кыргызстан биринчилерден болуп көргөн. Көчөнүн күчү кандай экенин Украина да көрдү. Көчөнүн күчү кандай экенин бүгүн Лукашенко да сезип жатат. Эгерде бийлик бизди укпаса, эгерде бийлик оппозициялык азчылыкты укпаса, көчөнү көтөргөнгө «Ата Мекен» партиясы ар дайым даяр», - деди Текебаев.

Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарында «Ата Мекен» социалисттик партиясынын кезектеги курултайы ачык асман алдында өттү. Анда алдыдагы парламенттик шайлоого талапкерлердин тизмеси аныкталып, платформасы талкууланды. Андан тышкары курултайда партиянын негиздөөчүлөрү Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Асия Сасыкбаева алдыдагы парламенттик шайлоого барбай, жаштарга жол бошоторун жарыялашты.

Текебаев шайлоого катышпайт, "Ата Мекенди" Акаев баштайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт. Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

«Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, Элвира Сурабалдиева, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында баратышат. Бул топко кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев кийин кайра чыгып кеткен. Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG