Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турганын айтты (видео)


Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясынын жыйынында. 17-август, 2020-жыл.
Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясынын жыйынында. 17-август, 2020-жыл.

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди. Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү.

«"Ата Мекен" партиясын түптөгөн лидерлер, мен - Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов жана башкалар Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катышпайбыз. Биз жаңы, жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ушулар тартсын. Анткени алардын заманы келди», - деди Текебаев.

Текебаев шайлоого катышпайт, "Ата Мекенди" Акаев баштайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

«Ата Мекен» партиясынын жыйыны Бишкекте Маданият министрлигинин имаратынын алдындагы аянтчада ачык асман алдында өттү.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралып жатат.

«Жаңы дем» саясий альянсына бириккен Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Наталья Никитенко, ишкер Тилек Токтагазиев баштаган саясатчылар шайлоого «Ата Мекен» партиясынын туусу астында баратышат. Бул топко кошулган «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев кийин кайра чыгып кеткен.

Мыйзам боюнча шайлоого катышкысы келген саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, 25-августка чейин талапкерлердин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) бериши керек. Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG