Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:00

Келдибеков: президент журт атасы экенин көрсөтө алды (видео)


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой турганын, президент журт атасы экенин көрсөтө алганын айтты. Ал бул тууралуу 15-октябрда «Азаттыктын» «Эки бир» эксклюзив маегинде билдирди.

- Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин «мен баланча партиядан келдим. Мен КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм» дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозиция, позиция дебей, Атамбаевдин убагында куугунтукта жүргөндөрдүн эч кимисине карабай, кылган эмгегине жараша баарын мамлекеттик иш-чараларга чакыра баштады. «Менин партиялашым же Атамбаев мени колдоду эле» дебей, ошол учурда желип, уурдалып кеткен нерсенин баарын ачыкка чыгарып, жоопко тартып жатат, - деди Келдибеков.

Акматбек Келдибеков буга чейин Социалдык фондду, Мамлекеттик салык кызматын жетектеп, парламент спикери да болгон. 2012-жылы Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткенден кийин ага кылмыш иши козголгон.

Келдибеков «Коррупция» беренеси боюнча соттолуп, 2016-жылы мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген. Саясатчы ага козголгон ишти саясий куугунтук деп атаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG