Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 8-апрель, 2020 Бишкек убактысы 23:56

Караколдогу депутаттардын чыры


Каракол.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кызматташы, КСДПнын шаардык кеңештеги мүчөсү Тууганбек Чолпонбаев сабаганын айтып, УКМКга арыз жазды.

Шаардык кеңештин депутатына байланышкан ушул жана башка иштерди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) териштире баштады.

Каракол шаардык кеңешинде 12-апрелде шайлоо өтөт. Тууганбек Чолпонбаев анын аты аталган окуяларды шайлоого байланыштырууда.

Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Табылга» партиясынын мүчөсү Азамат Айтбаев кызматташы, КСДПнын мүчөсү Тууганбек Чолпонбаевге каршы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгына арыз жазды. Айтбаевдин «Азаттык» радиосуна айтканына караганда, ага депутат Тууганбек Чолпонбаев 25-февралда жыйындан кийин кол көтөргөн.

Азамат Айтбаев.
Азамат Айтбаев.

«Шаардык кеңештин сессиясында Каракол шаарынын мэринин былтыркы иши тууралуу отчётун укканбыз. Аягында мен кызматташтарымды мэрдин отчётун жактырууга чакырып, сөз сүйлөгөм. Мени 18 депутат колдоп, мэрдин отчёту кабыл алынды. Ошол замат эле Чолпонбаев мени залдан чакырып чыгып, коңшу бөлмөгө алып кирип алып, кулак түпкө сокту. Эшикти жаап алып, дагы бир нече жолу бети-башыма, ичке урду. Ал мени: «Мэрдин отчётун өткөрбөш керек эле, сен неге саботаж кылып жатасың?» деп соккулап жатты. Сабап туруп эле кайра «жүрү эшикке» деп, сыртка чыкканда кайра кучактап кечирим сурады», - деди Азамат Айтбаев.

Бирок Каракол шаардык кеңешинин депутаты Тууганбек Чолпонбаев кесиптеши Азамат Айтбаевдин «мени сабады» деген дооматын төгүндөп жатат. Анын айтымында, апрель айына белгиленген жергиликтүү кеңештин шайлоосу жакындаган сайын түрдүү саясий оюндар башталды.

Эгер мен Азаматты чапсам, бир жери көк ала болуп, изи калат эле.

«Менин ага колум тийген эмес, бул бала-менен аласа-бересем деле жок эле. Тескерисинче, көп жерден колуман келишинче жардам бердим. «Жакында кайра депутаттыкка келесиңби?» десем: «Жок, мен келбейм» деди эле. Азыр эми Интернетте «мени сабады, коркутту» деди. Анын оюнда мэрдин бир жылдык отчётун кабыл алышыбыз керек эле. Бирок мэр өзү тыңгылыктуу иштебесе эмне үчүн «макул» деп кабыл алышыбыз керек? Мен Азаматтын атасындай болгон эле адаммын, эгер мен Азаматты чапсам, бир жери көгала болуп, изи калат эле. Мен да эми сотко кайрылып, тийиштүү чара көрүлүшүн талап кылам. Менин оюмда Азамат болгону саясий оюндун куралы болуп калды», - деди ал.

Ал арада УКМК Каракол шаардык кеңешинин депутаты кызматташын сабады деп шек саналып жатканын 27-февралда расмий билдирди. Маалыматка караганда, депутат арам акчаны адалдаган, салык жашырган деп да шек саналууда. Бул фактылардын негизинде депутат Жазык кодексине ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо (215-берене), бийликтен аша чабуу (321-берене) боюнча шек саналып, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Бирок Тууганбек Чолпонбаев УКМКнын маалыматын четке какты:

«Менин үстүмдөн УКМК эч кандай иш козгогон жок, бул шайлоо алдындагы оюндар. Мен бирөөнүн оокатын тартып алып көргөн эмесмин».

Тууганбек Чолпонбаев шаардык кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү. Бирок быйыл апрелде өтө турган шайлоого ал ушул партия менен же башка партия менен катышары же катышпасы белгисиз.

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев эки депутаттын ортосундагы окуяга укуктук баа берилиши керек деп эсептейт. Ошондой эле, ал бул маселени өз көзөмөлүнө алып, акырына чейин туура жыйынтыкты күтө турганын айтты:

Акылбек Осмоналиев.
Акылбек Осмоналиев.

«Бул жөн гана адамдар эмес, булар жергиликтүү кеңештин азыркы учурда иш алып барып жаткан депутаттары, анын үстүнө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деген да кептер чыгып калды. Демек, бул сөздөр жөн жеринен чыкпайт. Окуяны ийне-жибине чейин текшерип, ага укуктук баа бериш керек. Ал тургай келе жаткан шайлоого да катышууга акысы барбы же жокпу деген нерсе каралышы керек. Мен облустун жетекчиси катары бул маселени өз көзөмөлүмө алам».

Каракол шаардык кеңешине келерки шайлоо 12-апрелде болот. Учурда шаардык кеңеште «Табылга», КСДП, «Кыргызстан», «Республика - Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиялары жалпысынан 31 мандатка ээ. Көпчүлүк мандат «Табылга» (12), КСДП (6) партияларына таандык.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кундуз Сырдыбаева

    Кундуз Сырдыбаева "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG