Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:40

Сталин, Солженицын, Экибастуз


Сталиндик эмгек түзөтүү лагериндеги катаал турмушту сүрөттөгөн «Иван Денисовичтин өмүрүнүн бир күнү» деген Александр Солженицындын чыгармасы жарык көргөнүнө ушул аптада 50 жыл толууда. Чыгармада автор өзү отуруп чыккан Экибастуз эмгек лагериндеги окуялар көркөм баяндалган.

Ноябрда талаа-түздө, шамал ызырынган бул шаарда көчөдө калгандан кудай сактасын. Сууктун күчү 20 градуска жетип, муздак шамал сөөккө жетет. Казакстандын түндүк-чыгышындагы бул шаарда совет бийлигинин ГУЛАГ (Главное управление исправительно-трудовых лагерей, трудовых поселений и мест заключения) деген аталыштагы эмгек лагерлеринин бири болгон. Андан бери ал лагер бузулуп, ордуна спорт стадиону тургузулган. Экибастуз музейинин гиди Дарига Токаева ал түрмөлөрдө кандай шарт болгондугун мындайча эскерди:

- Лагер ичи жылытылбаган барактардан турган. Аларда абдан суук болгон. Бул лагерге адамдарды кармалганда кийип жүргөн кийими менен алып келишкен. Суук ушундай катуу болгондуктан, адамдар жутта өлгөн малдай кырылган.

Экибастузда он миңдеген советтик айыпкер, анын ичинде орус жана казак интеллигенция өкүлдөрү, чечендер, беларустан, украиндер, балтика элдеринин өкүлдөрү, немис жана жапан согуш туткундары келип түшкөн.

Лагердин эң атактуу айыпкери, орус жазуучусу Александр Солженицын мында 1950-жылдардын башында отурган. Ал анти-советтик үгүт-насааты үчүн сегиз жылга кесилип, акыркы үч жылын ушул жерде өткөргөн.

Солженицындын лагердеги катаал турмуш тууралуу «Иван Денисовичтин турмушунан бир күн» деген атактуу чыгармасы мындан туура 50 жыл мурда "Новый мир" журналында жарык көргөн эле. Ушул мааракеге байланыштуу дүйнөдө Советтик ГУЛАГды, анын ичинде Экибастуз лагерин эскеришүүдө. Ал эми Экибастуздун өзүндө айрым шаар тургундары советтик доордогу түрмө тууралуу билгилери да келбейт.

Ерканат Султан Экибастуздун тургуну, Солженицын отурган лагер тууралуу ал эл оозундагы кепти кайталады:

- Билебиз, алар казактарды кысып, жашоо берген эмес.

Коңшу өлкөдөгү Экибастуз көмүр жана суу менен иштеген электр энергиясын өндүрүүчү ишканалары менен таанылган.

Балким шаар тургундары бул лагерде канчалаган азаптуу күндөрдү өткөргөн Солженицинге боор тартабы деп ойлосоңуз жаңыласыз. Алар маркум жазуучуну казак жерине "суук колун салгысы келген күчтөрдүн шыкакчысы" деп эсептешет.

Белгилүү болгондой, жазуучу 1990-жылы Казакстандын түндүк аймактары Орусияга берилиши керек деген маңыздагы макаласы менен казактардын куйкасын куруштурган. «Орусияны кайра куруу» деген макаласынан кийин ал кезде СССРдин курамында болгон Казак жумуриятында кадимкидей улуттар аралык согуш чыгып кете жаздаган.

Экибастуздун дагы бир тургуну Жумакелди Касенов тумагын баса кийип, тончон бараткан экен. Солженицындын атын укканда эле аксакал ал "жеткен чыккынчы" деп кашын түйдү:

– Билем аны. Экибастузда түрмөдө отурган орус жазуучусу. Анын акыркы макаласы казактарга каршы жазылган. Биз аны кабылдаган эмеспиз.

Ошого карабастан, «Денисович» жана Солженицин шаардын тарыхында ташка тамга баскандай түбөлүккө терең из калтырганын моюна алуубуз керек. Жергиликтүү музейде жазуучунун сүрөттөрү илинген, учкул сөздөрү жазылып турат. Анын аялы жиберген китептер да турат. Бир мезгилде Экибастузга жазуучу келет деп күтүшкөн, бирок ал ооруп калып, көп өтпөй 2008-жылы дүйнө салган.

Ал эми музейдин кызматкери Надежда Сторожуктун айтымында, анын китебинин башка каармандарынын бири Экибастузга келган. «Келгенде ал лагердин тикенектүү тосмосун көрөм деп ойлогон. Анын ордуна гүлдөгөн шаарды көрдү» деди сыймыктануу менен Сторожук.

XS
SM
MD
LG