Кыргыздын кыйындары атылган күнгө 75 жыл
1938-жылдын 5-8-ноябрь күндөрү Кыргыз Совет Республикасынын ал кездеги көрүнүктүү жетекчилери, алдыңкы илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Москванын буйругу менен түн жамына атылып өлтүрүлгөн. 75 жыл мурун чогуусу менен бир чуңкурга көмүлгөн 138 маркумдун сөөгү 1991-жылы казылып алынып, сый-урмат менен кайрадан жерге берилген. Сталиндик репрессиянын тегирменине кабылып, Ата-Бейитте түбөлүк жай тапкандар арасында Кыргызстандын тарыхына кирген Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Эркинбек Эсенаманов жана башкалар бар. Бул күндү эскерип, тарыхтын кара барактарын эстен чыгарбоо өтө маанилүү экенин Төрөкул Айтматовдун кызы, коомдук ишмер Роза Айтматова видео-кайрылуусунда белгилейт. (Венера Сагындык кызы)
Тектеш
Чыгарылыштар
-
Апрель 24, 2024
Байыркы жомокту Ошто койгон Талас театры
-
Апрель 17, 2024
Сүйүү жана эркиндик: "Жамийланын" мюзиклде жаңырышы
-
Апрель 06, 2024
"Апрель окуясы бардык бийликке сабак". Таластагы эскерүү
-
Апрель 02, 2024
“Музейдин ичи тар, кышында жылыбайт”. “Ата-Бейит” кароого муктаж
-
Апрель 01, 2024
"Тасма пираттарына чара көрүлүшү керек"
-
Март 29, 2024
"Оор заманда да ырды, чыгармачылыкты таштабадык"