"Жаңжалды согуш эмес, дипломатия менен чечүү сунушум үчүн камалдым"
28 жаштагы Артем Бородин Украинанын Орусия аннексиялап алган Донецк облусунда туулуп өскөн. 2022-жылы февралда Орусия Украинага согуш ачкан учурда Донецкиге барган. Согуш башталгандан бир аз убакыт өткөн соң орусиячыл "Донецк элдик республикасынын" бийлиги Бородинди камакка алган.
Орусиячыл жикчилдер Артемду согушка каршы баракчаларды таратып, "кастыкты козутту" деп айыпташкан:
"Мен Донецкиде төрөлүп чоңойдум, 9-классты бүткөндө Донецк техникалык коллежинде окудум. 2014-жылы биздин аймактагы жарандарга орус паспорту берилген, менин апама да берилген. Кийин мен дагы жаш курагым келгенде Орусиянын паспортун алдым. Апам Москвага жумушу боюнча которулуп, мен да аны менен чогуу барып, Москвада жашадык. Ал жакта "Жумушчу демократия" деген гезитте кабарчы болуп иштеп жүрүп, 2022-жылы январда мекениме - таенем менен жаңы жыл тоскону баргам. Редакциянын тапшырмасы менен Донецкиде узагыраак жүрүп калдым. Анан Орусия Украинага кол салганда согушка каршы чыктым. Бул маанайымды билдирүү үчүн "согушту токтотуп, жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү зарылдыгын" сунуштаган баракчаларды тарата баштадым. 5-март күнү мени Донецкинин Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кармап кетишти. Эки айдай белгисиз бир жертөлөдө кармап турушту. Тергөө, сот жүргөн жок, психологиялык жана башка кыйноо болду".
Камакка алынган учурда алгач табышмактуу жертөлөдө бир нече ай кармалган Артем кийин Донецкидеги тергөө абагына которулган. Аны аймактын орусиячыл жикчилдери "кастыкты жана душмандыкты козутту" деп айыпташса, 2022-жылы 30-сентябрда аймакты Орусия аннексиялап алгандан кийин ага орус Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Кастыкты жана душмандыкты козутуу") боюнча да айып тагылган.
Айтымында, соттук териштирүү учурунда көз карандысыз экспертиза Артем тараткан баракчаларда экстремисттик маанай жоктугун кийинчерээк Москвадагы көз карандысыз лингвистикалык экспертиза тастыктап берген.
"Бишкекте Орусиянын өтүнүчү менен кармалдым"
Артем Бородин тергөө абагында 2022-жылдын декабрына чейин кармалып турган. 2-декабрда Донецкинин Буденный райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Жаңы жылдын алдында ал сотко кайрылып, Москвадагы жубайы жана энеси менен жаңы жыл тосууга уруксат сураган. Сот өтүнүчүн канааттандырган. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланган Артем 2023-жылдын башында Кыргызстанга чыгып кеткен:
"Москвадан кайра Донецкиге кайтууну туура көрбөдүм. Жаңы жылдан кийин эле Кыргызстанга келдим. Эмне үчүн Кыргызстан? Анткени бул жакта постсоветтик башка өлкөлөргө караганда эркиндик бар. Кыргызстан Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө, ал жакта адилеттик бар деп ишенип келгем. Анын үстүнө менде ички паспортум гана бар эле. Убактылуу каттоого туруп, башында Дордойдо иштедим, ишкерлерге электрондук жеке кампа түзүп берчүмүн. Кийинчерээк Ошко барып, жеке мектепте мугалим болуп иштеп жүрдүм. Жайында Ысык-Көлдөгү балдар лагеринде тарбиячы болуп иштеп, 2025-жылы 10-августта Ошко кайтып баратканымда Бишкекте мени милиция кызматкерлери кармашты. Көрсө "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган экенмин. Кармалган күнү эле укук коргоочу уюмдар аркылуу Кыргызстандын бийлигинен башпаанек сурап кайрылдым".
Артемдун айтымында, аны кыргыз милициясы Орусияда издөөдө жүргөнүн негиз кылып кармаган.
Дал ушул окуядан кийин Артемдун Кыргызстандагы жашоосу да жалаң сыноолор менен коштолду.
Өз мекенин ээлеп алган жикчилдердин куугунтугунан качып келген украиналык жаран туура бир жыл бир ай Бишкектеги тергөө абагында кармалып турду. Жергиликтүү адвокаттардын жардамы менен сотко утур-утур кайрылып жатып, быйыл августта Ленин райондук соту аны эркиндикке чыгарды. Бирок прокуратура өкүлдөрү сот чечимине макул болбой, шаардык сотко кайрылышкан. 8-сентябрда Бишкек шаар соту баштапкы чечимди күчүндө калтырды.
Сот залынан бошотулган Артемду Ленин райондук милициясынын өкүлдөрү кармап кетүүгө аракет кылышканын Артемдун адвокаты Асел Аргымбаева "Азаттыкка" билдирди:
"8-сентябрда Бишкек шаардык соту прокуратуранын Артем Бородинди камоо өтүнүчүн четке кагып, аны эркиндикке чыгарды. Биз сотто утуп алдык. Бирок соттун имаратынан чыгарыбыз менен Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери аны кайрадан кармап кетүүгө аракет кылышты. "Тек-жайын аныкташыбыз керек" дейт. Биз макул болбой, журналисттерди чакырганыбызда кетип калышты. Учурда Артем жашынып жүрүүгө аргасыз".
Асел Аргымбаеванын айтуусунда, сотто "Донецк элдик республикасы" деген өлкө жоктугун, ал эми аталган аймак Украинанын карамагында экенин, Орусия ал жакта жасалган кылмыш үчүн адамды экстрадициялоону талап кылууга укугу жоктугун белгилеген. Жыйынтыгында сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, Бородинди бошоткон.
Адвокат Бородинди Бишкектен орусиялык күч кызматтары кармап кетүү коркунучу бар экенин четке какпайт.
"Учурда Бородин жашырынып жүрүүгө аргасыз. Анткени ал мекенине барса өмүрүнө коркунуч жаралышы толук ыктымал", - деди Асел Аргымбаева.
Быйыл июлда Орусия Ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн кеңейткен. Украинадагы согуш учурунда жасалган мындай кадамды айрымдар кооптонуу менен кабыл алышкан.
2022-жылы Орусия Украинага согуш ачып, басып кирген. Дал ушондон кийин согушка каршы чыккан айрым орус жарандары Бишкекке качып келген. Бирок алардын кээ бирлерин кыргыз милициясы кармап, Орусияга өткөрүп берген учурлар болгон.
Куугунтуктан улам 2022-жылы Кыргызстанга качып келген орусиялык активист Алексей Рожков Бишкектен кыргызстандык күч органдарынын колуна түшүп, Москвага экстрадицияланган. Орусияда сот аны "террорчулукка" айыптап, 16 жылга эркиндигинен ажыраткан.
Украинадагы согушка каршы пикирин ачык билдирип, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду сындап жүргөн активист Мансур Мовлаевди Кыргызстандын соту “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп айыптап, алты айга эркинен ажыраткан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин сот залынан бошотулган. Кийинчерээк ал өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон.
Кыргыз бийлиги Украинадагы согуш боюнча нейтралдуу позицияда экенин билдирип келет.
Шерине