Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

NYT басылмасы Кыргызстан A7 компаниясына санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшкөнүн жазды

The New York Times басылмасынын редакциясы. Иллюстрациялык сүрөт.
The New York Times басылмасынын редакциясы. Иллюстрациялык сүрөт.

The New York Times (NYT) гезити Орусиянын A7 каржы компаниясы Батыштын санкцияларын айланып өтүү үчүн ар кайсы өлкөлөрдөгү ишканалардан эл аралык тармак түзгөнүн жазды. Иликтөөдө Кыргызстан бул системанын негизги бутактарынын бири болгону белгиленген.

Басылманын маалыматына караганда, A7 жасалма компанияларды, криптовалютаны жана өзгөртүлгөн соода документтерин пайдаланып, орусиялык компаниялардын эл аралык төлөмдөрүн жүргүзгөн. 2025-жылдын алгачкы төрт айында A7 аркылуу санкциялык чектөөлөргө туш болгон 500 миллион доллардан ашык операция жүргүзүлгөн. Анын 130 миллион доллардан ашыгы Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексинде колдонулушу мүмкүн болгон товарларга байланыштуу.

Журналисттер A7 менен байланышкан компаниялар Кыргызстандын банктарында алты эсеп ачып, алар аркылуу доллар жана кытай юаны менен 100 миллион доллардан ашык операция жүргүзгөнүн аныкташкан.

Иликтөөдө Кыргызстанда 2024-жылы түзүлгөн Соода компаниясы да аталат. Басылманын версиясы боюнча, A7 менен байланышкан операциялардын биринде компания болжол менен 1 миллион долларга унаа килемчелери, полироль, коргоочу көз айнек жана башка товарлар сатып алганы көрсөтүлгөнү менен, каражаттар иш жүзүндө дрондордун компоненттерин сатып алууга багытталган.

Мындан тышкары, NYT A7нин жасалма эсеп-фактураларды түзүүгө мүмкүндүк берген атайын программасы болгонун жазды. Мисалы, 2025-жылдын мартында Орусиялык VPK Techno Systems компаниясы болжол менен 46 миң долларга сигнал өлчөөчү сенсорлорду сатып алган. Кийин A7нин схемасында документтеги товарлар кыргызстандык Соода компаниясы сатып алган LED жарнамалык панелдер катары көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк ошол эле кытайлык соодагер аркылуу дагы 300 миң долларлык соода кылынган.

NYT A7нин тармагына байланышкан 40 эсеп боюнча 4 миңден ашык банктык операцияны изилдеген. Беш ай ичинде төлөмдөр 80ден ашык өлкөнүн банктары аркылуу жүргүзүлгөн.

Иликтөөдө Кыргызстандагы тышкы сооданын жана банк секторунун өсүшү да каралган. NYT келтирген маалыматтар боюнча, коммерциялык банктардын кирешеси 2021-жылдагы 42 миллион доллардан 2024-жылы 354 миллион долларга чейин өскөн. Кытай жана Европа компанияларынан Кыргызстанга товар жеткирүүлөрү ошол эле мезгилде 8 миллиард доллардан дээрлик 23 миллиард долларга көбөйгөн.

A7ни 2024-жылы молдовалык качкын олигарх Илан Шор жана Орусиянын мамлекеттик "Промсвязьбанкы" түзгөн. NYT Батыштагы чалгын кызматтарынын үч өкүлүнө таянып Шор Кремль менен түз байланышта экенин жазган.

Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков иликтөөнүн авторлоруна өлкө өзүнүн каржы системасын мыйзамсыз пайдалануунун мүмкүн болгон учурларына олуттуу мамиле кыларын жана санкцияларды айланып өтүүгө каршы чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

NYT быйыл Кыргызстан A7 менен байланышкан бир катар түзүмдөрдүн, анын ичинде Соода компаниясынын да ишин токтотконун белгилейт. Андан кийин A7нин операциялары башка өлкөлөргө көбүрөөк которулган.

The New York Times иликтөө үчүн A7нин он миңдеген ички документтерин, анын ичинде кат алышууларды, бухгалтердик документтерди, кардарлар базасын, программалык кодду жана банктык операциялар тууралуу маалыматтарды изилдегенин билдирди.

The New York Times басылмасы буга чейин да Кыргызстандын экономикалык чоң секириги тууралуу макаласын жарыялап, ал Кыргызстандын өзүндө дагы бир топ талкуу жараткан эле. Басылма “санкциялар киргизилип, ири эл аралык корпорациялар Орусиядан чыгып кеткенден кийин орус экономикасы дүйнөдөн обочолонуп калганын, ушундай шартта Кыргызстан Орусияга товарлардын үзгүлтүксүз келип турушуна шарт түзгөн негизги каналдардын бирине айланганын” дагы белгилеген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров басылманын маалыматтарын четке кагып, "туура эмес жазган" деп билдирген. Жапаров Кыргызстан "согушка тиешеси бар бир да товарды документ боюнча да, факт түрүндө да жибербегенин" белгилеген.(ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG