Президент Садыр Жапаров "Миграция чөйрөсүндөгү айрым функцияларды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүп берүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" 28-сентябрда кабарлады. Жарлыкка ылайык, чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө, жүрүүсүнө жана эмгек ишин жүзөгө ашыруусуна байланышкан документтерди тариздөө жана берүү функциялары Тышкы иштер министрлигинен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлөт.
Мындан сырткары президенттин иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Кыргызстанда жашап турууга уруксатты тариздөө жана берүү, белгиленген мыйзамдардын негизинде жарандык маселелерин кароо, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды жүргөн жери жана жашаган жери боюнча каттоо жана эсепке алуу, анын ичинде тиешелүү маалыматтык системаларды жана базаларды жүргүзүү функциялары дагы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлөт.
Ушул жарлыктын негизинде, миграция маселелери боюнча департамент түзүлөт.
Кыргызстанда 2026-жылы сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйтүлгөн.
2027-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота дагы 20 миңге көбөйүп, 120 миңге жеткен.
Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. Министрлер кабинети келерки жылдагы квота кайсыл өлкөлөргө кандай бөлүнгөнүн ачыктаган эмес. Кайсыл тармактарга суроо-талап болгону тууралуу дагы маалымат берилбейт.
Эмгек квоталарды бөлүштүрүү 2025-жылы Тышкы иштер министрлигине өткөрүлүп берилген болчу. (КЕ)
Чет элдиктерге жашоого, иштөөгө уруксат берүү, каттоо иши кайрадан Эмгек министрлигине өттү
Шерине