Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Украинада өмүр бою соттолгон Лапин Татарстандын вице-премьери болду

Александр Лапин
Александр Лапин

Татарстандын башчысы Рустам Миннаханов "Борбор" ("Центр") жана "Түндүк" ("Север") аскер топторунун мурдагы командири Александр Лапин республиканын вице-премьер-министри болорун билдирди. Бул тууралуу Миннаханов Мамлекеттик кеңештеги жылдык кайрылуусунда билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Лапин "атайын аскердик операциянын" катышуучуларына колдоо көрсөтүүнү көзөмөлдөйт (орус бийликтери Украинага толук масштабдуу бастырып кирип, согуш ачканын ушинтип атайт). Бул үчүн Татарстан өкмөтүнүн курамында өзүнчө ушундай бөлүм түзүлдү.

Лапин запастагы генерал-полковник, ар кайсыл жылдарда Сириядагы аскердик топтун штаб башчысы, "Борбор" жана "Түндүк" топторунун командири болуп иштеген. 2022-жылдын күзүндө ал Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров жана ошол учурда "Вагнер" аскердик тобун жетектеген Евгений Пригожин менен жаңжалдашкан. Алар Лиман шаарын алдырганы үчүн Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы Александр Лапинди түздөн-түз күнөөлөшкөн. Көп өтпөй октябрда генерал-полковник Лапин кызматынан четтетилген.

2026-жылдын июнь айында украин соту Лапинди Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салуу, ошондой эле агрессивдүү согушка даярдануу жана жүргүзүү деген айыптар менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, Лапин Беларус менен Орусиядан Сумы, Чернигов, Киев облустарына, ошондой эле Киевге сокку урууда орус армиясынын башында турган.

"2022-жылдын февраль-март айларында бул генерал формалдуу "кагаз жүзүндө" эле командир болгон эмес. Ал түздөн-түз басып алууну уюштуруп, ага баш ийген бөлүктөрдүн аракеттерин пландап, координациялап, буйруктарды чыгарып, аскердик аракеттерди уланышын камсыз кылган", - деп айтылат Украинанын Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Украин тарап орус армиясы баш калаа Киевди, мамлекеттик бийлик органдарын, аскер башкармалыктарын басып алып, өз көзөмөлүнө алууну максат кылганын белгилеген.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG