Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарды Улуу Британияда жумушка орноштурууну убада кылган шылуун схемалардан сак болууга чакырды. Анда шылуундар чыныгы компаниялардын аталыштарын, жасалма сайттарды, электрондук каттарды жана расмий документтерге окшош кагаздарды колдонушары эскертилди.
Маалыматка ылайык, учурда Улуу Британияда, анын ичинде Pro-Force Limited компаниясына жумушка каттоо ачылганы тууралуу жалган маалыматтар тарап жатат. Алдамчылар өздөрүн Pro-Force компаниясынын кызматкерлери деп тааныштырып, жумуш сунуштарын, компаниянын же британ мекемелеринин логотиби түшүрүлгөн документтерди жөнөтүп, кийин виза үчүн жыйым же башка кызматтарга акча талап кылышы мүмкүн.
"Катта Pro-Force, GOV.UK, Certificate of Sponsorship (CoS) номуру же расмий документке окшош кагаздын болушу анын чыныгы экенин далилдебейт", - деп белгиленген маалыматта.
Мындан тышкары алдамчылар компаниянын расмий сайтына окшош жасалма сайттарды жана бир нече тамгасы айырмаланган электрондук даректерди колдонушу, виза борборуна катталуу боюнча жалган ырастамаларды жөнөтүшү ыктымалдыгы эскертилди. Ошондой эле акчаны жеке адамдардын банк карталарына же эсептерине которууну, паспорттук жана банктык маалыматтарды, картанын реквизиттерин, сырсөздөрдү жана ырастоо коддорун берүүнү талап кылышы мүмкүн.
Чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору билдиргендей, британиялык Pro-Force компаниясы расмий сайтында жумуш издөө же виза тапшырууга жардам берүү үчүн акы албай турганын белгилеп, жарандарды электрондук даректи ар бир тамгасына чейин текшерип, шектүү каттардагы шилтемелерге өтпөөнү, компаниянын расмий сайтын өз алдынча ачууну сунуштайт.
"Улуу Британиянын визасы үчүн жыйым GOV.UK сайтындагы расмий онлайн арыз берүү учурунда түздөн-түз төлөнөт. Белгисиз адамдар берген жеке эсептерге же карталарга акча которууга болбойт. Ошондой эле GOV.UK логотиби жана CoS номуру бар документтер да анын аныктыгын тастыктабайт", - деп жазылган маалыматта.
Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу сунуштары migrant.kg сайтында ачык, так жазылары, каттоо акысыз экени жана анын баштала турган так даталары расмий түрдө гана жарыяланары эскертилди.
2025-жылы Кыргызстанда 150 менчик агенттик 19 400дөй адамды дүйнөнүн 26 өлкөсүнө ишке жайгаштырган. Ошол эле жылы өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) чет өлкөлөргө жумушка орноштурууну убада кылган алдамчылык боюнча 78 кылмыш ишин козгогон. (ZKo)
Шерине