Талас облусунун Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, райондук прокуратура мамлекеттик менчик боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерген учурда мамлекеттик автобаза 4,7 гектар жери менен кошо 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктаган.
"Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды", - деп билдирди башкы көзөмөл кызматы.
Мурдагы мамлекеттик объектилерди "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен мамлекетке кайтаруу иши бир нече жыл мурун башталган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана прокуратура тарабынан менчикке чыгарылып, "максатсыз пайдаланылып жатканы" айтылган мүлктөр да кайтарылган же ээлери өз каалоосу менен өткөрүлүп берген учурлар арбын катталган. Мындай мүлктөрдүн мамлекетке өткөндөн кийин эмне болгону тууралуу маалыматтар көп учурда белгисиз бойдон калат.
УКМК тарабынан мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү мекеменин жетекчи кызматкерлери өздөрү менчиктеп алганына даттанган ишкерлер болгон. (ZKo)
Шерине