Чүй облусунун Жайыл районунда 30 жаштагы аялдын өлүмүнө байланышуту кылмыш иши козголду. Шектүү катары маркумдун 1988-жылы туулган күйөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы 28-сентябрда кабарлады.
Маалыматка караганда, Кара-Балта шаарынын Октябрь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат 23-сентябрда түшкөн. Алдын ала кароо учурунда маркумдун денесинен жаракаттар аныкталган. Окуя болгон жерден тиешелүү далил буюмдар алынып, Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Бул бир апта ичинде батирден аялдын сөөгү табылган экинчи учур. 25-сентябрда дагы Токмок шаарындагы батирлердин биринен 73 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Милиция маркумдун денесинде жаракаттар бар экенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.
Учурда эки окуянын жагдайларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда соңку учурда аялдын өлүмү менен коштолгон зомбулук фактылары көп катталууда. Аялдардын укугун коргоочулар мындай иштердин көбү "өзүн өлтүрүү, суицидге барды" деген негизде жабылып каларын белгилеп келет.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголгон. Мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. Ошондой эле былтыр Кылмыш-жаза коедксинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") боюнча 36 кылмыш иши козголгон. Жалпысынан бул багыттагы укук бузууларга байланыштуу 6 миңден ашуун протокол түзүлүп, зарыл чаралар көрүлгөнү кабарланган.
Кыргызстанда 2026-жылдын сегиз айында (январь айынан август чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 18 миң 862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы сегиз айына салыштырганда 32,1% же 4585 фактыга көп. (КЕ)
Чүйдө бир аптада киши колдуу болгон эки аялдын сөөгү табылды
Шерине