Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт

Бишкек
Бишкек

29-сентябрда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22.

Бишкекте ала булут каптап турат, жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Шерине

​
XS
SM
MD
LG