Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:47

Tolom.kg: Мэр Жунушалиевдин кызматтык машинеси 56 жолу жол эрежесин бузган

Айбек Жунушалиев
Айбек Жунушалиев

Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин кызматтык автоунаасына 65 миңге жакын айып пул жазылганы тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды. Tolom.kg мамлекеттик порталынын көчүрмөсү тартылган сүрөттөрдөн мэрдин машинеси 56 жолу жол эрежесин бузганы көрсөтүлгөн.

Бул маалымат соцтармактын колдонуучуларынын нааразылыгын жаратып, талкууга алынды.

Tolom.kg порталындагы жаңы маалыматка караганда, кызматтык автоунаага салынган айып пул табылган жок.

Мэриянын басма сөз кызматы айып пул төлөнүп, айдоочу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн "Азаттыкка" билдирди.

Айып пул кимдин эсебинен төлөнгөнү тууралуу маалымат айтылган жок.

"Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн токтомдор айдоочуларга "Түндүк" тиркемеси аркылуу, электрондук форматта жөнөтүлөт. Мындан сырткары айып пулу бар-жогун Tolom.kg мамлекеттик порталы аркылуу тактаса дагы болот. (КЕ)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG