Үч күн мурун АКШга барган президент Жапаров Ютадагы тоо туризмине байланышкан долбоорлор менен таанышып, Нью-Йоркто StoneX Group кеңсесине барды. The New York Times басылмасындагы кыргыз экономикасына байланышкан макала боюнча дагы пикирин билдирди.
New York Times жана санкция
Президент Садыр Жапаров 21-сентябрда АКШга иш сапарынын алкагында Нью-Йоркто StoneX Group кеңсесине барып, корпорациянын жетекчилиги менен жолукту.
“Ынтымак ордо” тараткан видеодо Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасы өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөштөн улам көтөрүлүп жатканын айтканын көрүүгө болот. Президент буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор мамлекет башчыга, премьер-министрге чейин таасир этип келген болсо азыр алар толугу менен жок болгонун айтты. Ал эми коррупцияга каршы күрөш бир аз оор болуп жатканын, азыр да толук жоюла электигин билдирип, Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын кошумчалады.
“The New York Times'тан өткөндө окуп калдым. Кыргызстандын экономикасынын көтөрүлгөнүн абдан жакшы жазыптыр. Бирок “Орусия менен Украинанын согушуна байланыштуу Кыргызстан Кытайдын жана Европанын товарын Орусияга ташып, ошондон улам экономикасы көтөрүлүп жатат. Болбосо көтөрүлбөйт эле” деп жазыптыр. The New York Times муну туура эмес жазган. Биз Орусияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан да товар экспорт кылабыз. Бирок согуш товарларын эмес. Биз согушка тиешеси бар бир да товарды документ боюнча да, факт түрүндө да жиберген жокпуз. Биз санкциялык чектөөлөрдү, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз”, - деди президент.
Өткөн аптада The New York Times басылмасы Кыргызстандын экономикалык чоң секириги тууралуу макаласын жарыялап, Кыргызстандын өзүндө дагы бир топ талкуу жараткан эле. Басылма “санкциялар киргизилип, ири эл аралык корпорациялар Орусиядан чыгып кеткенден кийин орус экономикасы дүйнөдөн обочолонуп калганын, ушундай шартта Кыргызстан Орусияга товарлардын үзгүлтүксүз келип турушуна шарт түзгөн негизги каналдардын бирине айланганын” дагы белгилеген. Кыргыз расмийлери экономикалык өсүш реэкспорт эсебинен эле эмес, салык жана бажы төлөмдөрү өскөнүн, мамлекеттик капиталдын салымы көбөйгөнүн, “Кумтөрдүн” кирешеси өскөнүн жүйө тартууда. Кыргызстандын экономикасы соңку эки жылда 11% жогору өсүш менен чыкты. Дүйнөдөгү соңку жылдардагы геосаясий кырдаалды эске алганда, көптөгөн өлкөлөрдө экономикалык өсүш майда арыштар менен эле саналууда. Кыргызстандын секириги өлкө ичинде дагы, сыртында дагы талданып, оптимисттик маанайды жаратты. Америкалык басылма мына ошол өсүштүн үлүшүн рэкспорт менен байланыштырган эле.
Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлеринин Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы санкцияларынан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептелген мамлекеттердеги компанияларга да экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
Кыргызстандагы компанияларга 2023-жылы май айында биринчи жолу санкция салынган. Кыргыз бийлиги жеке компанияларды текшерүүгө алып жатканын билдирип, банктарга салынган санкцияларды алууга чакырган.
2026-жылдын июнуна карата 31 кыргызстандык компания Батыш өлкөлөрүнүн санкциясына илинген. Анын ичинде беш банк – “Керемет банк”, “Капитал банк”, “Толубай банк”, “Евразиялык сактык банкы” жана “ЭкоИсламикБанкы” бар. Министрлер кабинети быйыл май айында санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу Кыргызстандагы 50 ишкананын ишин токтоткон. Өкмөт бул компанияларга АКШ менен Улуу Британия доо койгонун билдирген. “Азаттык” алардын 47синин аталышын аныктаган.
Кыргызстандын бийлиги август айында Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларын кыйгап өтүүгө байланыштуу болушу мүмкүн делген дагы 19 компанияны күч менен жабарын билдирген.
StoneX Group: “Кумтөр” алтынына байланышкан таржымал
Президент Садыр Жапаровдун сапарынын үчүнчү күнүндө StoneX Group компаниясын Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесине барды. StoneX Group дүйнөдөгү ири каржы компанияларынын бири катары саналат.
2021-жылы “Кумтөр” мамлекетке өткөнгө чейин жана Кыргызстандын алтынын сырткы базарга экспорттогон “Кыргызалтын” ишканасы америкалык StoneX Group компаниясы менен алтын жеткирүү боюнча келишим түзгөнү бар. Бирок ушул эле жылы май айында Кумтөр кенинде мамлекеттик башкаруу киргизилген учурда, “Центерра” менен соттук талаштардан улам “Кыргызалтындын” Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясындагы (LBMA) мүчөлүгү убактылуу токтотулган. Мунун айынан StoneX компаниясына жарым тоннага жакын алтынды жеткирүү үзгүлтүккө учурап, форс-мажордук абал жаралган.
Ушундан беш жылдан кийин Кыргызстандын президенти Жапаров Нью-Йорктогу StoneX кеңсесине келди. Бул жолу аны Кумтөрдүн айланасындагы эл аралык жаңжалдын чордонунда турган мамлекет башчысы катары эмес, башкача маанайда кабыл алышканын расмий булактар жазды. Кыргызстандын бийлиги Кумтөргө байланышкан талашын жөнгө салып, кыргыз алтыны эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирди. Ошондуктан эксперттер StoneX өткөндөгү чыр-чатактарды эмес, келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады деп баалады. “Ынтымак ордо” Жапаров компаниянын аткаруучу директору Филип Смит баштаган StoneX Group делегациясы менен жолугушканын кабарлады.
“Мамлекет башчысы StoneX Group компаниясынын ишмердигинин негизги багыттары, анын эл аралык финансылык инфраструктурасы жана дүйнөлүк финансылык жана товардык рыноктордогу иш тажрыйбасы, ошондой эле корпоративдик, институционалдык жана мамлекеттик кардарларды тейлөө жаатындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Тараптар Кыргызстан менен StoneX Group буга чейин баалуу металлдарды эл аралык соодалоо жаатында өз ара кызматташуу тажрыйбасына ээ экенин белгилешти. Мурунку жылдары түзүлгөн ишкердик алакалар жана компаниянын кыргыз рыногунун өзгөчөлүктөрүн билүүсү практикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө негиз түзөт. Буга байланыштуу тараптар өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын, анын ичинде баалуу металлдарды соодалоо, баалардын өзгөрүшүнө байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, эл аралык эсептешүүлөр жана заманбап финансылык инструменттерди пайдалануу маселелерин талкуулашты. StoneX Group компаниясынын эл аралык финансылык инфраструктурасын жана тажрыйбасын Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырууда пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду”,– деп айтылат расмий маалыматта.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз тарап америкалык инвестицияларды, технологияларды жана эл аралык тажрыйбаны тартууга кызыкдар экенин билдирген.
Компаниянын аткаруучу директору Филип Смит StoneX Group менен Кыргызстандын ортосундагы коммерциялык мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн жана тереңдетүүнүн келечеги кең экенин белгилеп: “Компания өзүнүн кыргыз рыногундагы катышуусун кеңейтүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай багыттарында кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ресурстарын жана аракеттерин көбөйтүүгө даяр”, - айткан.
Жолугушуунун соңунда “Элдик Банк” ААК менен StoneX Group ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи өттү.
Ютадагы туризм, америкалык көкбөрүчү
Президент Жапаровдун АКШга иш сапары Юта штатынан башталган. Анда тоолуу аймакта курулган Deer Valley тоо-лыжа курортунун долбоору менен таанышканы расмий кабарланган эле. Жапаров Юта штатынын тажрыйбасы маанилүү экенин Кыргызстанда дагы заманбап тоо туризм өнүктүрүүгө шарттар бар экенин билдирген.
“АКШда көптөгөн штаттар бизге чыгып, Кыргызстанга кызыгуу өтө чоң. Ушул сапарда Юта штаты биз үчүн ыңгайлуу болду. Бизде азыр бир канча чоң штаттар менен кызматташуу пландарыбыз бар. Билесиздер, бул сапардын алдында президентибиз Сеул шаарында Борбор Азия – Түштүк Корея саммитинде болду. Анан ошондон түз эле учуп келип, АКШнын батышына келип конду. Анан ошол жерде биз Юта штатын сунуштадык, президентибиз колдоого алды. Анткени Юта - тоолуу аймак, бизге өтө жакын. Шаарлары дагы, тоолору анан ошол тоо-кен, туризм тармагы”, - деди Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов.
Элчинин айтымында, кызматташтык бардык штаттар менен эле жүрүүдө. Акыркы кездерде IT, энергетика секторунда дагы Ютада сабак алчу шарттар бар экенин белгиледи.
Юта штатында президент Жапаровду учактан түшөрү менен тосуп алган топтун арасында америкалык көк бөрүчү Лэдд Хауэллдин болгону дагы кыргызстандыктар үчүн кызык болду. Анткени Хауэлл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына такай келип, АКШ көк бөрү командасын жетектейт жана соңку оюндардын жылдызы болуп калды.
“Быйыл эле апрелде Юта штатынын сенатынын төрагасы Стюарт Адамс делегация менен келип, президент менен жолуккан. Андан сырткары Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинетинин төрагасы менен жолугушууларды өткөргөн. Мына, соңку Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дагы АКШнын чоң командасы келип катышып, анын ичинде эң негизгиси көк бөрү командасы оюн көрсөтүп кетти. Ошол көк бөрү командасынын негизги мүчөлөрү Юта штатынан келишкен. Эң негизгиси кечээ көрдүңүздөр, биздин президентибиз Юта штатындагы олимпиада өткөргөн жайды көрүп келди. 2002-жылы Кышкы олимпиада оюндары ошол Юта штатында өткөн. Эми 2034-жылы кайрадан Юта штаты Кышкы олимпиаданы өткөрүүгө камылга көрүп жатат. Ошол олимпиадага кантип даярданышы керек, кантип ошондой укукту жеңип алышыбыз керек деп биздин президент кызыгып, барып көрдү. Биздин делегацияга көрсөтүп, Кудай буюрса, балким келечекте Кышкы дүйнөлүк олимпиада оюну Ала-Тоодо өткөрүп калар”, - дейт дипломат, Кыргызстандагы Монголиядагы мурдагы элчиси Айбек Артыкбаев.
АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттары башталууда. Анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы сөз сүйлөйт.
Кыргызстан буга өзгөчө маани берип жатканын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов дагы белгилеп жатат. Анткени Кыргызстан быйыл тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мөөнөтүн 2027-жылдын 1-январынан тартып баштайт. Коопсуздук кеңеши эл аралык тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган БУУнун негизги органы болуп эсептелет. Анын курамына беш туруктуу жана ар бир эки жылда алмашып турчу он мамлекет кирет. Кыргызстандын бийлиги бул окуяны “өлкөнүн эң маанилүү жетишкендиктеринин бири” жана “тарыхый жеңиш” деп атаган.
“Коопсуздук кеңешине шайлангандагы биздин өзүбүзгө алган жоопкерчилигибиз бар. Бириккен Улуттар Уюмунун өзүнүн ролун, макамын бекемдеши керек. Азыр өтө чоң тобокелчиликтер, коркунучтар жаралууда. Ошол эле согуштар, башка жаңжалдар. Президентибиз өзүнүн интервьюсунда айткан, биздин Кыргызстаныбыз ошол жоопкерчиликти алат. Бириккен Улуттар Уюмун сактап калышыбыз керек, уставын бекемдешибиз керек. Улуттар Уюму чоң мамлекеттер болобу, кичинекей мамлекеттер болобу, баарынын тең атынан туруктуу өнүгүүсүнө жол ачуу зарыл. Анан бир тараптуу санкциялар болобу, эл аралык мыйзамды, укукту бузуу маселелерине ушул Бириккен Улуттар Уюмунун, анын жетекчи органы Коопсуздук кеңешинин дагы ролун жогорулатуу” , - деди Байсалов.
Шерине