Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Бишкектеги жолугушуусунда Еревандын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) мүчөлүгү кайрадан талкууланды.
Кремль таркаткан видео тасмадан сүйлөшүү бир кыйла чыңалган абалда өткөнү көрүнүп турат.
Никол Пашинян “Мезгили келгенде так тандоо жасоо керектигин түшүнөм. Болгону биздин позиция азыр ошол мезгил бышып жетиле электигинде болуп жатат. Бизге ал азыр керек эмес. Анткени бизде азыр альтернатива жок. Иш жүзүндө альтернатива түзүлө элек. Ал түзүлгөндө, эгер түзүлсө, ошондо биз, албетте, референдум аркылуу же ансыз эле тандоо жасайбыз”, - деди.
Ал эми Владимир Путин “Калктын тандоосу ар дайым болушу керектиги менен макулмун. Анда ошону жасагыла да. Бүттү. “Силер эмнени каалайсыңар, тигиндейби-мындайбы?” деп кайрылыш турган иш да. Болду”, - деп жооп берди.
Путин референдумда армян эли кандай тандоо жасаса аны сыйлай турганын, бирок соода-экономикалык саясатты кабыл алынган чечимдерге карап жүргүзүү зарыл экенин билдирип, Никол Пашинянды референдум боюнча чечимди мүмкүн болушунча тезирээк кабыл алууга чакырды.
“Бул маселе боюнча кийин референдум өткөрүү зарыл деп ачык айтып жүргөнүңүз эсимде. Мен ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын соңку саммитинде сиздин позицияңызды колдоп, Армениянын премьер-министри Никол Воваевич Пашинян бул боюнча ачык айтканын билдирип, кесиптештеримди да колдоого чакыргам. Анткени биз бул маселени канчалык тезирээк тактап алсак, ошончолук жакшы болот. Себеби бизге да Армения менен мамилелерди, биринчи кезекте экономикалык багытта, мындан ары кандай өнүктүрөрүбүздү түшүнүү зарыл. Айрым маселелер, мисалы, айыл чарба продукциясы, техникалык маселе боюнча Евразия экономикалык биримдиги менен Европа Биримдигиндеги талаптар таптакыр дал келбейт”.
Пашинян, өз кезегинде, Армения менен Орусиянын ортосундагы алака конфликттик кырдаалда башка мазмунда болгонун, азыр чөлкөмдө тынчтык орногондон кийин жагдайга жаңы көз карашта кароо зарыл болуп турганын билдирди. Мындан улам Европа Биримдигине кирүү же Евразия экономикалык биримдигинде калуу боюнча референдум өткөрүү маселеси бышып жетиле электигин, так чечим кабыл алуу боюнча убакыт келе турганын айтты:
“Биз Орусия менен Армениянын ортосундагы, ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги келишимдик базаны буга чейин да, андан кийин да талдап чыктык. Ачыгын айтканда, биз Армениянын Орусия жана Евразия экономикалык биримдиги алдындагы милдеттенмелеринин бузулушун тапкан жокпуз. Анткени Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү келишимде эгерде өлкө биримдиктен чыгууну чечсе, эмне кылуу керектиги так көрсөтүлгөн. Ал жерде мүчө мамлекеттин биримдиктен чыгарылышына жол бере турган эч кандай жобо жок. Эгерде өлкө Евразия экономикалык биримдигинен чыгууну чечсе, ал өнөктөштөрүнө алты ай мурун кабарлашы керек деп жазылган. Биз өнөктөштөрүбүзгө биримдиктен чыгууну көздөп жатканыбызды азырынча билдире элекпиз”.
Путин Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинен кийин журналисттер менен баарлашуусунда Армения маселеси Карабак көйгөйүнөн улам башталганын белгиледи. Анан, Арменияга Гюмридеги аскер базасы керек эмес болсо, эртең эле чыгып кетүүгө даяр экенин билдирди.
Армениянын ЕАЭБдеги мүчөлүгү тууралуу маселе соңку жылдары улам-улам талкууланып келет. Өзгөчө Орусия Еревандын Европа Биримдигине карай жүз бурушуна тынчсызданып, бир эле учурда эки уюмда жүрүшүнө каршылыгын билдирүүдө.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ушул жылдын май айында Астанада өткөн саммитте Арменияны мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө Евробиримдикке кошулуу же ЕАЭБдин курамында калуу маселеси боюнча жалпы элдик референдум өткөрүүгө чакырышкан.
7-августта Пашинян Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) жыйынында да алдын ала даярдык иштерин жыйынтыктабай туруп Армения Евробиримдикке кошулуу жана Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчөлүгү боюнча маселеге байланыштуу референдум өткөрбөй турганын айткан.
Саясат талдоочу, Кыргызстандын Азербайжандагы мурдагы элчиси Кайрат Осмоналиев Армениядагы кырдаал Ереван менен Москванын ортосундагы кадимки пикир келишпестиктердин чегинен чыгып кеткен деп эсептейт:
«Бул жерде Европа Биримдиги менен саясий жакындашууну, ага мүчө болуу үчүн расмий арыз берүүнү жана реалдуу мүчөлүккө өтүүнү бири-биринен айырмалоо зарыл. Бул үч башка процесс. Армения Европа Биримдиги менен мамилесин өнүктүрүп, реформаларды жүргүзүп, экономикалык жана саясий байланыштарын кеңейте алат. Муну менен катар ЕАЭБдеги мүчөлүгүн да дароо токтотпой турушу мүмкүн. Бирок узак мөөнөттүү перспективада Европа Биримдигине жана ЕАЭБге толук мүчөлүктү бир мезгилде сактап калуу дээрлик мүмкүн эмес. Пашинян өзү да Армения бул эки интеграциялык биримдикке бир учурда толук мүчө болуунун шайкеш эместигин түшүнөрүн билдирген. Ошондуктан, бүгүнкү негизги суроо «Орусиябы же Европабы?» эмес. Негизги маселе – Армения коопсуздуктун, экономиканын жана эл аралык позициянын кайсы моделин тандайт?»
Саясат таануучу Рубен Меграбян Ереван өз чындыгына карай кадам шилтей бериши керектигин айтат.
"Путиндин маалымат жыйынында биз Орусиянын позициясы өзгөрбөгөнүн баамдадык. Ал күтүлгөн да эмес. Мындан улам, биз Армения Путиндин каалоосуна карап өз эгемендигин курмандыкка чала албашын түшүнүшүбүз керек. Армения өз билгенин кылат. Башка маселе – Орусия менен алакадагы бул кризис мүмкүн болушунча башкарылма нукта болушу керек. Бирок, Орусиянын позициясына жана анын Арменияга карата муздак риторикасына карасак, жең ичинде Б планы да болушу керектигин түшүнүп турабыз. Орусия бураманы катырып киргенде, кандайдыр бир бир жактуу чечимге өтүш керек. Анткени, Армения көбөйтүү таблицасы деңгээлиндеги жөнөкөй акыйкатты Москвага аягы жок эле түшүндүрүп отура албайт".
ЕАЭБ, ЖККУ, КМШга мүчө Ереван Батыш менен жакындашууну көздөп, Москванын катуу кысымына кабылган.
Армения 2024-жылы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) бардык түзүмдөрү менен кызматташууну токтоткон. Андан бери ЖККУга мүчө мамлекеттердин бир катар жыйындарына катышкан жок. Ереван 2022-жылы Азербайжан талаштуу Тоолуу Карабак аймагын көзөмөлүнө алганда жана эки өлкө ортосунда чек ара чырында жардамга келбегени үчүн ЖККУга нааразылыгын бир канча жолу билдирген.
Арменияда Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам 2025-жылдын март айында кабыл алынган. Мыйзам Евробиримдикке дароо кошулуу жөнүндө эмес, өлкөнү уюмга интеграциялоо процессин баштоо жана даярдоо механизмин камтыйт.
Шерине