Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Пашинян Армения жакында Евробиримдикке кошулуу боюнча арыз берерин билдирди

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян.

Армения жакын арада Евробиримдикке кошулуу боюнча расмий арыз берүү жараянын баштайт. Бул тууралуу 24-августта парламентте сүйлөп жатып өкмөт башчы Никол Пашинян билдирди. Ал Орусиянын Евразия экономикалык биримдигинде калуу же Еврошаркетке кошулуу боюнча референдум өткөрүү талабы тууралуу да сөз кылды. Пашияндын айтымында, мындай референдумду Ереван Евробиримдикке расмий арыз тапшырып, оң жооп алгандан кийин өткөрсө болот.

Ага чейин мындай чечимди добушка салуу эрте экенин армян лидери баса белгиледи.

Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Орусия, Беларус, Казакстан жана Кыргызстан быйыл май айында биргилешкен билдирүү таратып, Ереванды тез арада референдум өткөрүп, тандоо жасоого чакырышкан. Документте ошондой эле уюмдун жыл соңунда өтө турган жыйынында Армениянын мүчөлүгүн токтотуу маселеси каралары кошумчаланган. Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын Евробиримдикке кошулушуна каршы эмес экенин, ошол эле арада Ереван эки уюмга тең мүчө боло албастыгын айткан.

Ошол эле учурда Орусия бийлигинин башка өкүлдөрү Пашинянды кескин сындап, мазактоого чейин барышкан. Пашинян өз билдирүүсүндө Орусияны Армениянын аймагындагы темир жол инфрастуруктурасын үчүнчү өлкөнүн башкаруусуна өткөрүп берүүгө чакырды. Алардын айтуусуна караганда, учурда аны Орусиянын Темир Жолдору ишканасы тейлеп, Арменияга эл аралык темир жол түйүнүнө аралашууга тосккоолдук жаратууда.

Пашиняндын айтымында, АКШ колдогон «Трамптын эл аралык тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү жолу» TRIPP долбоору ишке ашкандан кийин Армения Ирандын жана Борбор Азиянын темир жол тармактарына чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле Орусия менен темир жол байланышы калыбына келет.

TRIPP Армениянын аймагы аркылуу Азербайжандын негизги бөлүгүн Нахчыван менен байланыштырууну жана кеңири Транскаспий транспорттук каттамына кошулууну көздөйт.

Армениянын премьер-министри ошондой эле «Карабах долбоору жабылганын» дагы бир жолу билдирди. Муну менен ал Тоолуу Карабактын аймагына жана Азербайжанга карата аймактык дооматтардан баш тартууну айтып жатат. Пашиняндын билдиришинче, Армениянын жаңы Конституциясында Карабак тууралуу сөз болбойт.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG