Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Украина Эгемендик күнүн белгилеп жатат. Киевге Британиянын премьери барды

2026-жылдын 24-августу. Киев. Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын жубайы Елена Зеленская Эгемендүүлүк күнүндө Эскерүү тактасына гүл коюп жатышат.
2026-жылдын 24-августу. Киев. Украинанын президенти Владимир Зеленский жана анын жубайы Елена Зеленская Эгемендүүлүк күнүндө Эскерүү тактасына гүл коюп жатышат.

Украина Эгемендүүлүк күнүн быйыл бешинчи жыл катары менен Орусия ачкан кеңири масштабдагы согуштун шартында белгилөөдө. Президент Владимир Зеленский майрамга арналган кайрылуусунун басымдуу бөлүгүн согушка арнады. Ал өлкөнүн коргонуу өнөр жай комплексинин маанисин өзгөчө белгилеп, Украинанын Орусиянын аймагына терең кирген багыттардагы соккуларына да токтолду.

Ал ошондой эле санкциялык басым, анын ичинде АКШ тарабынан көрүлүп жаткан чаралар акыры Орусияны сүйлөшүүгө отурууга мажбурлайт деген ишенимин билдирди. Кытайга кайрылып, Орусиянын өзөктүк курал тууралуу коркутуп-үркүтүүлөрүнө реакция кылууга чакырды.

Киевдеги салтанатта мамлекеттик жетекчилердин жана чет өлкөлүк коноктордун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Президент Зеленскийдин жарлыгы менен "Украинанын баатыры" наамы үчүнчү мурдагы "Азов" батальонунун командири Андрей Билецкийге ыйгарылды. Мындай наам дагы бир катар аскер кызматкерлерине берилди.

Эгемендүүлүк күнүнө карата Киевге Молдованын президенти Майя Санду, Эстониянын президенти Алар Карис, Люксембургдун премьер-министри Люк Фриден жана Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта келишти. Дагы бир катар чет өлкөлүк лидерлер Украинага бул күндү утурлай барган.

Киевге Улуу Британиянын премьер-министри Энди Бернем да келди. Анын сапары алдын ала жарыяланган эмес. Бул Бернем британ өкмөт башчысы кызматына келгенден бери Украинага алгачкы сапары, кызматка киришкенден кийинки биринчи чет өлкөлүк сапары болуп калды.

Маалыматтарга караганда, Бернем Киевде Украинанын алыс аралыкка учуучу ракеталарды өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча жаңы демилгелерди жарыялайт.

Владимир Зеленскийдин жарлыгы менен Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн британ эли "Украина элинин ыраазычылыгы" аттуу ардак белгиси менен сыйланды.

Бернем менен Зеленский Киевде Украинага колдоо көрсөткөн 34 мамлекетти бириктирген "каалоочулар коалициясынын" жыйынын өткөрүшөт. Франциянын президенти жана Германиянын канцлери баштаган бир катар лидерлер ага видео байланыш аркылуу катышат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Америка Кошмо Штаттарынын атынан Украинанын элин Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына жарыяланган билдирүүдө Вашингтон Украинанын эгемендигин колдоону улантарын жана орус-украин согушун сүйлөшүү жолу менен жөнгө салып, туруктуу тынчтыкка жетишүү аракеттерин уланта берерин белгилеген. Ошондой эле украин элинин кайраттуулугу менен туруктуулугу жогору бааланып, АКШ экономика жана коргонуу тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоого даяр экени айтылган.

Беларустун президенти Александр Лукашенко да Украина элин майрамы менен куттуктады. Ал беларус жана украин элдеринин тарыхый тагдырлары бири-бири менен тыгыз байланышта экенин, эки элди кылымдарды камтыган салттар, жалпы жеңиштер жана оор сыноолор тууралуу эстеликтер бириктирип турарын белгиледи. Лукашенко Минск менен Киев ишенимге, өз ара урматтоого жана тең укуктуулукка негизделген пайдалуу кызматташтыкты келечекте кайра калыбына келтирет деген пикирин билдирди. Ошондой эле украин элине тынчтык жана бакыт каалаганы тууралуу билдирүүсүн анын басма сөз кызматы таратты.

Украина 24-августта Эгемендүүлүк күнүн белгилеп жатат. Мындан 35 жыл мурун, 1991-жылдын 24-августунда Украинанын Жогорку Радасы (ал кездеги Украина ССРинин Жогорку Совети) өлкөнүн көз карандысыздыгы тууралуу декларацияны кабыл алган. Бул чечим ошол эле жылдын 1-декабрындагы жалпы элдик референдумда колдоо таап, кийинчерээк СССРдин ыдырашына алып келген негизги саясий окуялардын бири болгон.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG