Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

"Манас ордодогу" жаңжал: Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы кайра талкууда

Курулуш министри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусунда. Апрель, 2026-жыл
Курулуш министри Нурдан Орунтаев президент Садыр Жапаровдун Ош шаарынын тургундары менен жолугушуусунда. Апрель, 2026-жыл

Таластагы "Манас ордо" комплексиндеги жаңжал коомдо талкууга түштү. Ага курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев да катышканы тууралуу маалымат тарады. Бийлик өкүлдөрү муну четке кагууда. Окуядан соң мамлекеттик кызматкердин жүрүм-туруму боюнча маселе козголду.

Милиция ишти териштирүүдө

Таластагы "Манас Ордо" комплексинде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен "Тоо ашкан" курулуш компаниясынын башчысы Данияр Айбашовдун ортосунда жаңжал болгону тууралуу видеолор ишемби күнү соцтармактарга тарады. Ал видеолордо Орунтаевдин жүзүн аныктап көрүүгө мүмкүн эмес. Бирок тасмада сүрмө топтогу орой сөздөр менен жаңжалдашып жаткан адамдар көрүнөт. Бул тасманы соцмедиага алгачкылардан болуп жарыялаган, учурда чет өлкөдө жүргөн жарандык активист Самат Кушбек жаңжалда министр курулушчуларга кол көтөргөнүн айткан.

"Азаттыкка" окуянын атын атагысы келбеген күбөлөрүнүн бири айтып бергендей, "Манас ордо" комплексинин 11-сентябрда боло турган ачылышына даярдыгын көрүү үчүн курулуш министри Нурдан Орунтаев 21-августта барган. Ал курулуш иштеринин солгун жүрүп жатканына нааразы болуп, ишти жоопкерчилигине алган курулуш компаниясынын жетекчиси Данияр Айбашовго талап койгон учурда түшүнбөстүк жаралган. Министрдин орой мамилесинен улам башка жумушчулар Айбашовго болуша кетишкен. Ортого министрди коштоп жүргөн облус жетекчиси Эрмат Жумаев түшүп, арачалоого аракеттенген.

Ызаланган Айбашов министрдин үстүнөн жергиликтүү милицияга арыз менен кайрылганы айтылган.

Талас облустук милициясы "Манас ордо" комплексиндеги окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатканын, бирок эч кимден арыз түшпөгөнүн "Азаттыкка" билдирди.

"Жогорудагы факты 2026-жылдын 22-августтунда Талас РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуяга байланыштуу эч кимдин арыз доосу жок экенин билдиришкен, "азыркы учурда териштирүү иштери улантылууда" деп билдирди милиция.

"Чечишип алдык"

"Манас Ордо" комплексинде жаңжал болгонун жергиликтүү бийлик четке каккан жок.

Кийинчерээк УТРКнын кабарчыларына министр менен жаңжалдашканы айтылып жаткан подрядчы компаниянын ээси Данияр Айбашов менен президенттин облустагы өкүлү Эрмат Жумаевдин болгон окуяны "боло жүргөн пикир келишпестик, тараптар сүйлөшүп, чечишип алдык" деп айтып бергени жарыяланды. Бирок экөө тең жаңжал кимдердин ортосунда чыкканын так айткан эмес.

"Ал жерде иш учурунда түшүнбөстүк болуп кеткен. Аны өзүбүз чечишип алдык. Нурдан Кемеловичтин тиешеси жок. Эрмат Жумаевич ортого түшүп, адамдарды тынчтандырып жүргөн эле. Сөгүнгөн адам да ал эмес. Курулушта ар кандай кырдаал болот. Буйруса 11-сентябрда курулушту аяктап, Таласка көп туристтер келет деген эле ойдобуз", - деген анда Данияр Айбашов.

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев да ушундай таризде маек берди:

"Улуттук комплексте Данияр мырза менен ич ара түшүнбөстүктөр болуп кетти. Бирок анын баарын чечишип алышты, эч кандай бири-бирине нааразычылыктары жок. Ал жерде мен ажыраштырып, элди тынчтыкка чакырып аткам. Сөгүнүп аткан да мен эмес эле. Эл менен, курулушчулар менен мамилебиз кандай экенин Таластын эли баалап, эл баасын берсин. Чет мамлекетте отуруп алып, өзүнүн мамлекетине кыянаттык кылып, каршы иштеп, жалган маалымат таратып, элди туура эмес жолго чакырган адамга да өз баасын берет деп ишенем", - деген ал.

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин жүрүм-турумуна байланыштуу маселеге чекит коюуга убакыт келгенин айткандар болду. Президенттен, Министрлер кабинетинин төрагасынан министрге чара көрүлүшүн талап кылышкан.

Саясатчы, учурда Кой-Таш иши боюнча айыпталып, абакта жаткан Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан төмөнкүдөй пикирин айтты:

Азат Равшан
Азат Равшан

"Акыл-эстүү адам сөзү менен жеткирет. Манас атабыздын ыйык ордосуна барып, бирөөнү сабап, оозго алгыс сөздөрдү угуп, чатак чыгарганы менимче өтө уяттуу нерсе. Бул министрдин биринчи жолу мындай кылып жатканы эмес, буга чейин да болгон, бул министр биринчи иретте кызматынан кетсин", - деди ал.

Азырынча Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жана Нурдан Орунтаевдин өзү бул окуя боюнча комментарий бере элек.

"Чиновниктин жүрүм-турумуна президент көңүл бурууга тийиш"

Министр Нурдан Орунтаевдин айрым сөздөрү коомчулукта буга чейин да сынга алынып келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында Нурдан Орунтаевдин ипотекалык үйлөргө байланыштуу сөзүндө жарандардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтканын сындаган.

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

"Нурдан Орунтаевдин “Ачык кабинет” долбооруна катышкан күнү мыкты, ачык уюштурулган. Бирок бир гана сөзү бүтүндөй оң таасирди жокко чыгарды. Мамлекеттик ипотекалык программа боюнча курулган унаа токтотуу жайларынын жетишсиздиги тууралуу журналисттин суроосуна, Нурдан Кемелович, “мамлекеттик ипотекалык программанын катышуучулары, адегенде насыясын төлөп бүтүп, анан автоунаа сатып алышы керек” деп жооп берди. Бул такыр эле коомдук пикирди аңдоонун жоктугу жана олдоксон сөз. Биздин жарандар турак жайга жылдап акча топтоп, насыя алып, күнү-түнү иштеп жатышат. Ал эми министр аларга качан машине сатып алуу керектигин үйрөтүп жаткандай болууда. Бул билдирүү бүтүндөй аткаруу бийлигине чоң резонанс жана катуу сынды жаратты. Мындай сабатсыздыкка жол берилбеши керек. Ар бириңерден мына ушул нерседен сабак алууңарды талап кылам”, – деген эле Адылбек Касымалиев.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 9-июлда өкмөт мүчөлөрүнүн бир күндүк ишин көрсөтүү өнөктүгүнүн алкагында маек куруп жатканда журналисттердин бири: “Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөргө автоунаа коюучу жайлар курулбай жатат”, - деген. Министр “МИКтин негизги милдети автоунаа токтотуучу жай менен эмес, жарандарды үй менен камсыздоо экенин” айткан.

“Баарыбыз машинеде жүргүбүз келет, бирок адегенде батир үчүн насыяны төлөп, анан машине алалы”, - деген Орунтаев.

Журналист Жаннат Токтосунова министр Орунтаевдин орой мамилесине мамлекеттик жогорку деңгээлде баа берилиши керек деп эсептейт.

Жаннат Токтосунова
Жаннат Токтосунова

"Улуу көч кайда барса, кичүү көч ошол жакка барат. Коомдогу оройлук, мушташ, сөгүнмөй күнүмдүк, кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жүрүм-туруму боюнча этикалык кодекс бар. 2023-жылы редакцияланып, жарлык менен бекитилген. Алар бул кодексти окушабы, өздөрүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин билишеби деген суроо туулат. Элдин төлөгөн салыгынан - мамлекеттик бюджеттен айлык алып иштеген жетекчи кызматкерлер өзүнүн жүрүм-туруму менен башкаларга үлгү болушу керек. Ооба, мен түшүнүп атам абалын, Эгемендик майрамы быйыл Таласта өтөт, 11-сентябрга өтө аз калды, балким жетишпей жаткандыр, бирок куруучуларды жакадан алып, кол көтөрбөй эле, башка чараларды көрсө болмок. Ошол эле Орунтаевдин орун басары июлдан бери Таласта жүрөт. Ага чейин эмне кылып жүрүштү эле? Бул окуянын коомчулукка бат тарап, элдин кыжырын келтиргенине да Орунтаевдин буга чейинки кекетип-мокоткон, орой мамилелери катталганы себеп. Ошондуктан, бул окуяда да "Орунтаев кылган" деген сөз тарап кетти. Өкмөт башчыдан буга чейин эскертүү алган. Эми президент гана калды. Буга президент көңүл буруп, өз оюн айтышы керек".

Соңку кездери Кыргызстанда айрым жетекчилердин кол алдындагы кызматкерлерине, жарандарга корс мамиле жасаганы, ачык кагып-силккени көндүм адатка айланганы айтылып келет. Мындан улам коомчулукта сын, доомат көбөйдү. Президент Садыр Жапаров бир катар жетекчилерге орой болбоо, кызмат абалынан аша чаппоо боюнча эскертүү берген.

2026-жылы сентябрь айында президент Жапаров Ош шаарынын ошол кездеги мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берген. Президенттин администрациясы шаар башчысы мындай жазаны "этика ченемдерин аткарбаганы үчүн алганын" маалымдаган. Көп өтпөй, ноябрь айында мамлекет башчы Жеңишбек Токторбаев менен Бишкектин мэри Айбек Жунушалиевди электр энергиясын чектөөлөрдү текшерген рейди үчүн "бөрк ал десе баш алганы" үчүн сынга алган. Анда да элге орой мамиле жасабоо тууралуу эскерткен.

"Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер. Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!"

2025-жылдын март айында президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун кыргыз-тажик чек арасындагы Баткендин Достук айылынан көчүп жаткан элге жасаган орой мамилеси сынга кабылып, эскертүү алган. Ал эмоцияга алдырганын айтып, элден кечирим сураган.

Былтыр социалдык тармактарда Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаевдин кол алдындагы кызматкерлерге кылган мамилеси талкууланып, бул көрүнүштөн улам дагы мамлекеттик кызматкерлердин этикасы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG