Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

Өзбекстан интернетте сөгүнгөндөрдү кантип тыят?

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстан интернеттеги акаарат келтирүү жана кемсинтүү үчүн жоопкерчиликти күчөтүүдө. Мурда мындай учурлар Жазык кодекси аркылуу жөнгө салынса, эми Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске да өзүнчө берене киргизилгени турат.

Айрым эксперттер бул кадамды онлайн зомбулукка каршы маанилүү чара катары баалашканы менен жаңы эреже сөз эркиндигине жана сын-пикирлерге басым катары колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу бар.

"Ишибизди сындасын, өзүбүздү кемсинтпесин"

Ташкенттик белгилүү журналист Анора Содикова интернетте акааратка кабылганы үчүн сотко кайрылгандардын бири. Ал 2025-жылы блогер Мирсаид Хайдаровго каршы сотко доо арыз берип, Facebook’та “акаарат жана жалаа мазмунундагы бир нече пост жарыялагандыгы үчүн" моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү талап кылган.

Ташкент шаардык соту журналисттин доосун канааттандырган, ал эми Хайдаров бул чечимге макул эместигин билдирген.

Анора Содикова
Анора Содикова

“Ишибизге нааразы болушсун, материалдарыбызды “профессионал деңгээлде эмес” деп сындашсын, макул. Бирок адамдын жекелигине өтүп, жаман сөздөр менен акаарат кылышын каалабайм”, - дейт Содикова.

Мындай жагдайларга башка коомдук ишмерлер да кабылган. Маселен, белгилүү алып баруучу Нилуфар Сотиболдиева Instagram’да аны акаараттаган адамды сотко берип, 100 миллион сум моралдык чыгым талап кылган. 2025-жылы сот айыпталуучуну бир жылга тарбиялык иштерге тартуу менен журналисттин пайдасына чечим чыгарган.

Интернетте кемсинтип жана сөгүнүп комментарий жазгандарга каршы сотко кайрылгандардын арасында ырчы Каниза да бар. Ал бир канча жолу интернеттеги акаарат айткандар менен күрөшүп, сотто уткан.

Байкоолорго караганда, Өзбекстанда интернетте пикирин ачык айткан кыздарга, ырчы жана журналист аялдарга карата кемсинтүү же “тарбиясына байланыштуу” сын сөгүнүү аркылуу айтылган учурлар көп кездешет.

Жазык кодексинин 140-беренесине ылайык, интернетте адамдын абийирине шек келтирүү үчүн айып пул, милдеттүү коомдук иштер же эки жылга чейин тарбиялык иштер каралган.

Учурда Олий Мажлисте (парламент) талкууланып жаткан жаңы мыйзам долбоору Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү көздөйт жана интернеттеги акаарат, кемсинтүү, сөгүнүү үчүн өзүнчө берене сунушталууда.

“Мыйзам долбоорунда телекоммуникация жана интернет тармагында уят сөздөр менен сөгүнүү, ыплас аракеттер жана коомдук тартипти бузган башка жүрүм-турум үчүн да административдик жоопкерчилик белгиленүүдө. Бул норма коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын камсыздоого багытталгандыгы менен маанилүү”, - деп айтылат Мыйзам чыгаруу палатасынын Telegram каналында жарыяланган маалыматта.

"Сын менен акааратты айырмалай билүү зарыл"

Документ быйыл февраль айында биринчи окууда жактырылып, Сенатка жөнөтүлгөн. Ал бекитилип, президент кол койсо, интернеттеги жүрүм-турум өзүнчө укуктук негизде жөнгө салынат.

Журналист Анора Содикова мыйзам кабыл алынса анын колдонулушунда так чек болушу керектигин белгилейт:

“Биз жарыялаган жаңылыктардын же видеолордун астына акаарат келтирген жана нааразы пикирлер толуп кетет. Көп учурда аларды тазалоого мажбур болобуз. Бирок азыр сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса сын-пикир да акаарат катары белгиленип калбаса болду. Ошого көңүл бурушубуз керек. Тактап айтканда, сын менен акааратты айырмалай билүү зарыл. Эгер акаарат болсо, жаран жооп берсин. Бирок кимдир бирөө “министрге же акимге нааразымын, кызматтан кетсин” десе, бул үчүн административдик жаза берилсе, анда туура эмес”.

Эркин журналист Шахрух Саипов акыркы жылдары Борбор Азия боюнча социалдык тармактардагы талкууларды мониторинг кылып келет:

Шахрух Саипов
Шахрух Саипов

“Айрыкча TikTok жана Instagram сыяктуу платформалардагы түз эфирлерде же комментарийлерде акаарат келтирген же сөгүнгөн, уят сөздөр көп кездешет. Мындай учурлар үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү - мамлекеттин онлайн чөйрөдөгү адептик жана укуктук нормаларды чыңдоого багытталган кадамы катары каралышы мүмкүн. Бирок нормалар так жана ачык болбосо, алар сөз эркиндигине же сын-пикир айтууга басым катары колдонулушу мүмкүн”.

Президентке акаарат келтиргендерди жазалоо тажрыйбасы

Өзбекстанда соңку жылдары “интернетте президентке акаарат келтирди” деген негизде жарандарды жоопкерчиликке тартуу тажрыйбасы колдонула баштады. Жазык кодексине 2021-жылы киргизилген нормага ылайык, 158-берененин 3-бөлүгүндө президентти кемсинтүүгө каршы өзүнчө жоопкерчилик каралган.

2024-жылы 24 жаштагы Ситора Бозорова президенттин туугандары тууралуу сын-пикир жазган посттору үчүн беш жылга эркинен ажыратылган.

Жергиликтүү басылмалар Жогорку соттун маалыматына таянып жазган кабарга караганда, ошол жылы кеминде 10 киши президентке акаарат келтиргени үчүн деген негизде камалган. 2025-жылы Ташкент облусунда 18 жаштагы жигит Instagram’да президентти кемсинткен деп эки жылга кесилген.

“Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, мындай мыйзамдар кабыл алынып жатканда “онлайн зомбулук” же “акаарат” сыяктуу түшүнүктөр так аныкталышы жана укуктук жактан колдонуу практикасы ачык болушу маанилүү. Өзбекстанда интернеттеги сөгүнүүгө каршы мыйзам долбоору онлайн чөйрөдө жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган кадам болушу мүмкүн, бирок анын ийгилиги негизинен мыйзам нормаларынын тактыгына, сот практикасына жана коомчулуктун ишенимине байланыштуу болот”, - дейт журналист Саипов.

Шерине

XS
SM
MD
LG