Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Өзбекстанда блогер, Казакстанда журналисттер абакка кесилди


1-декабрда өзбекстандык блогер Олимжон Хайдаров "опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган", "бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген", "жалаа жапкан" деген кинелер менен сегиз жылга эркинен ажыратылды. Жактоочусу блоггерге тагылган айыптардын баары негизсиз экенин айтууда.

Ошол эле күнү Түркмөнстанда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Худайберди Аллашов кармалды. Ал кармалардан бир нече күн мурда жергиликтүү полиция бөлүмүнө чакырылган. Ал жактан сабалып, электр тогу менен кыйноого алынган. Ошондон бери дайынсыз болууда.

Ал эми 5-декабрда Алматыда журналист Владимир Северный жети жылга, анын жубайы Наргиз Северная сегиз жылга эркиндигинен ажыратылды. Аларга "Өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалоо" беренеси менен айып тагылды. Журналисттер өздөрүнө козголгон кылмыш иштерин "буйрутма" деп эсептешет.

Өзбекстандык блогер сегиз жылга кесилди

1-декабрда Өзбекстандын Фергана райондук соту блогер Олимжон Хайдаровду "опузалап ири өлчөмдө акча талап кылган", "бийлик өкүлүнүн беделине шек келтирген", "жалаа жапкан" деген кинелер менен сегиз жылга эркинен ажыратты. Хайдаров социалдык тармактарда бийликтин дарегине ачуу сындарды жазып келгени менен белгилүү болчу.

Олимжон Хайдаров 8 жылга эркинен ажыратылды. 1-декабрь, 2023-жыл.
Олимжон Хайдаров 8 жылга эркинен ажыратылды. 1-декабрь, 2023-жыл.

Андан тышкары сот блогерге караштуу бардык социалдык тармактардагы каналдарды, баракчаларды жана топторду жабууга өкүм кылды.

Сотто Олимжон Хайдаровго каршы көрсөтмөлөрдү негизинен жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, анын ичинен Кокон шаарынын акими Маруфжон Усмонов, Өзбекстандын Фергана облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери беришти.

Тергөөнүн версиясына караганда, блогер "Коканд Истиклол" соода жайынын жетекчилигин сындаган материал даярдап, кийин аны жарыялабоо үчүн 10 миң доллар сураган. Тергөөчүлөр билдиргендей, Хайдаров 7,5 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган.

Бирок атын атагысы келбеген адвокаттардын бири "Азаттыктын" өзбек кызматы менен байланышып, блоггерге тагылган айыптардын баары негизсиз экенин жана тастыкталбаганын айтты.

Шарифа Мурод.
Шарифа Мурод.

Ал эми соттук отурумга катышкан өзбекстандык блогер Шарифа Муроддун айтымында, Олимжон Хайдаровго каршы көрсөтмө берген күбөлөрдүн айткандары бири-бирине төп келбейт:

"Бири-бирине туура келбеген, угуп отурган биздин күлкүбүздү келтирген көрсөтмөлөр айтылды. Күбөлөрдүн сөздөрү бири-бирине дал келбей турду. Сотто алты күбөгө сөз берилди, бирок алтоо ар башка кепти айтты".

Хайдаровдун камакка алынышы социалдык тармактарда чоң талкуу жаратып, көпчүлүк бийликтин кысымына кабылган блогерлер көбөйө баштаганын айтып жатышат. Алар акыркы убактагы кармоолорду өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон кысымдын күчөшү катары сыпатташууда.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Олимжон Хайдаровдун сегиз жылга эркинен ажыратылганын айыптады.

HRW уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Риттман 5-декабрдагы билдирүүсүндө: "Соттун Хайдаровду сегиз жылга кесүү өкүмү, анын ичинен өз оюн эркин билдирүүгө байланышкан айыптын тагылганы Өзбекстандагы сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарынын эркиндигине терс таасирин тийгизет" , - деп белгиледи.

Блогер буга чейин социалдык тармактардагы кайрылууларында өзүн “саясий туткун” деп атаган. Ал ири коррупциялык схемаларды ачыктаганы үчүн камалганын айтууда.

"Алгачкы жылдардагы жакшырууга карабай, сөз эркиндигин жана маалымат эркиндигин урматтоо жаатындагы тенденциялар терс нукта кетти жана президент Шавкат Мирзиёевдин "Жаңы Өзбекстанында" бул укуктар барган сайын чабуулдарга кабылып жатат", - деп жазды Риттман.

Укук коргоочу медиа тармагында иштегендерди куугунтуктоонун дагы бир нече мисалын келтирди.

Эл аралык Freedom House уюму 2023-жыл үчүн чыгарган отчётунда Өзбекстанды Интернет эркин өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Уюмдун эсебинде, президент Шавкат Мирзиёевдин реформаларына карабастан, Өзбекстан авторитардык мамлекет бойдон калууда.

Ал эми "Чек арасыз кабарчылар" уюму 2023-жылы басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде кошуна мамлекет 180 өлкөнүн арасынан 137-сапка жайгаштырылган.

Казакстанда журналист жубайлар соттолду

5-декабрда Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту журналист Владимир Северныйды жети жылга, анын жубайы Наргиз Севернаяны сегиз жылга эркинен ажыратты. Аларга "Өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалоо" беренеси менен айып тагылды.

Владимир жана Наргиз.
Владимир жана Наргиз.

Айыптоочу тарап журналист жубайларды 11 жылдан эркинен ажыратуу жазасын сураган. Айыпталуучулар өз аракеттеринде эч кандай кылмыштын курамы жок экенин айтып, соттон аларды актоону өтүнгөн.

"Мен билбей турам, бирок бул иш Владимир Северныйды жок кылуу үчүн уюштурулган деп ойлойм. Менин күйөөм аскердик кабарчы катары армиядагы коррупция, суицид жана чоңсунуу (дедовщина) тууралуу иликтөөлөрдү жасачу. Андыктан анын ишине тоскоол болгусу келгендер ушул ишке барды го деген ойдомун", - дейт соттун өкүмүн күткөн Наргиз Северная.

Айыптоо өкүмүнө ылайык, жубайлар 2019-жылы өлкөдөгү кофеканалардын бири жөнүндө терс маанидеги макаланы жарыялабоо үчүн анын ээсинен 200 миң теңге (432 доллар) алышкан. Андан соң алар Казакстандын аскер кызматкерлери үчүн азык-түлүк жеткирген "Берекет Ф" фирмасынын ээсинен 15 миллион теңге (32,4 миң доллар) талап кылышкан. Быйыл апрелде бул сумманын бир бөлүгүн (5 миллион теңге) алып жаткан учурда кармалышкан.

Сот отурумуна катышкан "Настоящее Время" телеканалынын кабарчысы билдиргендей, Наргиз Севернаяга карата чыккан өкүмдүн күчүнө кирүү мөөнөтү кийинкиге жылдырылса, күйөөсү Владимир Северный эпизоддордун бири боюнча акталды.

Владимир Северный узак жылдар бою аскердик кабарчы болуп иштеген. Жубайлар кармалардын алдында Наргиз Северная армиядагы көйгөйлөр жөнүндө айтып келген күйөөсүнө каршы чагымчыл аракеттер күтүлүп жатканын соцтармактарга жазган.

Активисттер Казакстанда сөз эркиндигине каршы жапырт куугунтук жүрүп жатканын, активист, журналист, блогерлерди камоо иши кеңири жайылганын айтып келет.

Алсак, октябрь айында Казакстандын Ички иштер министрлиги "Бәсе" YouТube каналынын авторлору, казакстандык Айдос жана Наталья Садыковдорго "социалдык, улуттук, диний кастыкка шыкактаган" деп айып тагып, издөө жарыялаган.

Украинада жашаган Айдос Сыдыков "Азаттыктын" казак кызматына берген комментарийде кылмыш иш козгоонун артында саясат бар экенин айткан. Алар негиздеген каналда казак бийлигин сындаган роликтер жарыяланып, кандуу Январь окуяларынан кийинки сот процесстери чагылдырылып келет.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун 2022-жылындагы индексинде басма сөз эркиндиги боюнча коңшу Казакстан 134-орунда турат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы кармалды

Ал тапта Түркмөнстанда "Азаттыктын" түркмөн кызматынын мурдагы кабарчысы Худайберди Аллашов кармалды. Журналисттин жакындарынын айтуусунда, аны 1-декабрь күнү Дашөгүз облусундагы үйүнөн кармап, күч менен автоунаага салып кеткен. Ошондон бери дайынсыз болууда.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, Аллашов кармалардан бир нече күн мурда жергиликтүү полиция бөлүмүнө чакырылган. Ал жактан сабалып, электр тогу менен кыйноого алынган. Азырынча бул маалымат ырастала элек. Анын суракка чакырылышынын себеби да белгисиз.

Худайберди Аллашов.
Худайберди Аллашов.

Худайберди Аллашов "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен 2016-жылы октябрь айынан декабрга чейин кызматташкан. Декабрда укук коргоо органдары анын радио менен кызматташарын билип, апасы экөөнү насвай сактоо боюнча жалган айып менен камакка алышкан.

Анда эне-бала жергиликтүү полиция бөлүмүндө кыйноого алынганы кабарланган. Мындан тышкары Мамлекеттик коопсуздук кызматы журналисттин жубайы Эжеш Аразгылыжеваны да суракка чакырган.

Чет өлкөлүк дипломаттардын жана эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен Аллашов менен апасы 2017-жылы февралда бошотулган. Бирок Түркмөнстандын мыйзамдарында насвай сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги жок экенине карабастан, сот аларды шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыраткан.

Аллашов эркиндикке чыккандан кийин "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен кызматташтыгын токтоткон. Бирок укук коргоо органдарынын ага карата куугунтугу улана берген. Мамлекеттик коопсуздук жана Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери журналисттин Дашөгүздөгү үйүнө тез-тез каттап, аны эч себепсиз эле коркутуп кетип турган. Коркутуулар өзгөчө "Азаттыкта" Түркмөнстандын Дашөгүз облусундагы окуялар жөнүндө макала чыккан учурларда болуп турган.

2019-жылы октябрда Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин кызматкерлери аны кармап кетип, бир нече саат кыйнап, ур-токмокко алган. Ошол эле күнү кечинде журналисттин апасы өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин ал жүрөгү кармап каза болгон.

Былтыр май айында жергиликтүү акимчиликтин аткаминери Аллашов менен анын жубайын катуу сабап, Эжеш Аразгылыжева ооруканага жеткирилген. Журналист өзү да медициналык жардамга муктаж болуп, дарыгерлерге кайрылган.

Түркмөнстандын авторитардык бийлиги маалыматты катуу көзөмөлгө алып, медиа агенттиктерин, социалдык түйүндөрдү жана кат алмашуу тиркемелерин чектеп, жаап келет.

Түркмөнстан жыл сайын Басма сөз жана интернет эркиндиги боюнча эл аралык уюмдардын тизмесинде акыркы орундарды ээлейт. Өлкөдө социалдык түйүндөр жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун сайттары ачылбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG