Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

Тарыхка жасалган эки жүздүү саясат: Кулчулук мүнөздөн кантип арылабыз?


Бишкекте 9-май - Жеңиш күнүндө өткөн "Өлбөс полк" жүрүшү. 2019-жыл. Иллюстрация сүрөт.
Бишкекте 9-май - Жеңиш күнүндө өткөн "Өлбөс полк" жүрүшү. 2019-жыл. Иллюстрация сүрөт.

Орусия Украинага бастырып киргенден бери постсоветтик чөлкөмдө деколонизация, десоветизация түшүнүктөрү кайра актуалдашты. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору, профессорлор Аалыбек Акунов жана Тынчтыкбек Чоротегин менен 90-жылдардагы демократиялык кыймылдар, десоветизация, тарыхка жасалган мамиле тууралуу талкуулайбыз.

"Улуу агабыздын этегин мындан ары да кармап жүрөлү" дегендер бар"

- Бүгүнкү биздин талкууга тарых илимдеринин доктору, профессор, белгилүү саясат таануучу Аалыбек Акуновдун Кыргызстандын 30 жылдык тарыхына арналган - 1991-жылдан 2022-жылга чейинки доорду камтыган 3 томдук чоң тарыхый эмгегинин жарыкка чыгышы себеп болду. Бул китептен десоветизация, эгемен жылдардагы урунтуу окуялардын баары камтылган экен. Сөздү китептин редактору катары Тынчтыкбек агай, сизден баштайлы. Угармандарга аталган эмгек жөнүндө кыскача маалымат бере кетсеңиз. Бул китепте эгемендиктин 30 жылдык дооруна калыс, чынчыл баа берилдиби?

Тынчтыкбек Чоротегин
Тынчтыкбек Чоротегин

Тынчтыкбек Чоротегин: Негизи бизде десоветизация, деколонизация аракеттери кайра куруунун эң соңку жылы - 1989-жылы эле башталган. Кыргызстан кечигип баштады, бирок жигердүү баштады. Ошентсе да биздин бир топ жарандарыбыздын аң-сезиминде эски түшүнүктөр кала берүүдө. Учурдагы Орусиянын Украинага карата баскынчы согушунан кийин аталган процесстердин мазмуну, орчундуулугу ого бетер күчөдү. Менимче, бул китептин өзү постсоветтик Кыргызстанда эч жарыялана элек терең иликтөө болуп саналат. Абдан көп тарыхый фактыларга шилтеме жасалат. Андан тышкары, хрестоматиялык да өзүнчө жыйнагы бар. Демек, бул тарыхый булак-даректерге таянып жазылган эмгек. Анан бул китептин эң башкы өзгөчөлүгү - окурман, азыркы жаңы муун өзүнүн тарыхын жаңыча, цензурадан эркин, посткоммунисттик көз караш менен караганга толук мүмкүнчүлүк алат. Кээ бир китептер же макалалар бар, алар дагы эле эски инерция менен советтик түшүнүктөрдү андан ары чагылдырышууда.

"Биз улуу агабыздын этегин мындан ары да кармап жүрөлү" деп айткандар да бар. Ал эми колубуздагы китепте кайсы саясатчы эгемендик үчүн чындап күрөшкөн, а кайсы саясатчы эскичил көз карашта кала бергени да талданган. Менин оюмча, объективдүү, калыс жана жаңы көз караштагы мыкты монографиялык изилдөө болуп эсептелет. Эң негизгиси, мында деколонизациянын маңызы тыкыр ачылып берилген. Эгемендик үчүн, мамлекеттин көз каранды эместиги үчүн болгон күрөштүн баардык баскычтары жакшы көрсөтүлгөн. Айтмакчы, китепте Кыргызстандын Украина менен байланышы тууралуу да жаңы маалыматтар бар.

- Орусия Украинага бастырып киргенден бери постсоветтик чөлкөмдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө деколонизация, десоветизация деген түшүнүктөр актуалдашты. Анын маанисине жетип да, жетпей да сөз кыла баштадык. Кыргызстанда да талкуулар кызуу жүрүүдө. Постсоветтик мейкиндикте бул эмне үчүн маанилүү? Кыргызстанда эмне үчүн маанилүү?

Аалыбек Акунов
Аалыбек Акунов

Аалыбек Акунов: Баары аң-сезимде, аңдап-баамдоодо экен да. Коммунизм учурунда, чындык бирөө эле, марксизм-ленинизм гана чындык деп айтылып турган кезде төрт-бештен ашуун муун жашады да. Эң жаманы, советтик режим эркин ойлонгондорду жок кылды. Репрессияда бир көзүн тазалады, андан кийин согушта дагы кырып-жойду. Ошонун кесепетинен кулчулук аң-сезим бекем орноп калган экен да. Азыр эгемендикке жетип, бирөөлөргө жетеленме болбой өзүбүзчө көз каранды эмес мамлекет курабыз дегенге келгенде кулчулук аң-сезим катуу тоскоол болуп жатат. Элдин бир бөлүгү бизди мурдагыдай эле бирөөлөр башкарса, жол көрсөтсө, жумуш берсе деп, дагы деле күтүп жатат. Негизги коркунуч ушул болууда. Ушунун үстүнөн, аң-сезимди өзгөртүүнүн үстүнөн иштешибиз керек. Биз ким элек, бүгүнкү күнгө кантип келдик дегендей, биз өз тарыхыбызды билишибиз керек.

Бирөө өзгөрүү үчүн отуз жыл жетиштүү десе, дагы бири аз деп айтып жатат. Бирок биз отуз жыл аралыгында тагдырды чече турган окуяларды баштан кечирдик. Ошол эле учурда Украинанын мисалында, Грузиянын мисалында тышкы күчтөр бизди жөн койбой жатат. Алар өздөрүнүн шовинисттик саясатын ишке ашырып жатканда биз да алардын таасирине кабылып калып жатабыз. Ушул сыяктуу ички, тышкы тоскоолдуктарга туруштук берип, кырдаалдан чыгып кетүү үчүн аң-сезим эркин болуш керек экен. Азыр маалымат өтө көп, ар бир адам ал маалыматтардын кайсынысы туура, кайсынысы туура эместигин өзү талдап көрүп, туура чечим чыгарышы зарыл. Анан өзү кабыл алган чечимге өзү жоопкерчиликтүү болгонду үйрөнүшү керек. Биз ошол деңгээлге жеткенде гана бутубузга турабыз. Азыр заман ушуну талап кылууда. Көпчүлүк өзү ойлонуп, өзү чечим кабыл албай жатат. Жоопкерчилик жок болуп жатат. Кылган ишине жооп бербейт. Бул китепте ошол тууралуу да жазылды, айтылды.

Эки белгилүү адамды мисал келтирейин, биринин жашы учурда сексен бештен ашып калды. Ал өзгөрүптүр. Ал: "Мага Ленин орденин беришти, "Жигули" берди, "Волга" берди, депутат кылды. А байбичем экөөбүз күнү-түнү тынбай балык кармай бериптирбиз. Тонналап балык кармаптырбыз. Эми карагылачы, Ысык-Көлдө балык калбай калды. Биз тиги-бу берип сыйлап койсо эле ушинтип өзүбүзгө өзүбүз кыянат кылган экенбиз!" - деп, эми абдан кейип айтып жатат.

А экинчиси да белгилүү киши, ал дагы эмгектин баатыры. Бирок ал өзгөргөн жок. "Ой, иштесең эле койлор жүзүнө жүз токсон сегизден тууйт", - деп дагы эле мурдагы сөзүн кайталайт. Тигинин аң-сезими өзгөргөнү менен мунуку өзгөргөн жок. Жашыргандарын, жел козулар болгондугун эч качан айтпайт.
Коммунистик бийлик кулап, аны көзөмөлдөп турган режим эбак жок болсо деле өзгөрө албай жатат. Тилекке каршы, ушундайлар көп болууда.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун Кыргызстандын 30 жылдык тарыхына арналган 3 томдук тарыхый эмгеги.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун Кыргызстандын 30 жылдык тарыхына арналган 3 томдук тарыхый эмгеги.

Тынчтыкбек Чоротегин: Алыке агайдын сөзүнө бир кошумча. Кул мүнөздүк деп жакшы айтып жатат. Бир мисал келтирейин. Орусияда биздин миллион же андан ашуун эмгек мигранттарыбыз бар. Айрымдары ал жактын жарандыгын алган. Эгерде Кыргызстанда Орусияга карата көз каранды эмес кадам жасалса эле: "Ой, кокуй! Бизди багып жаткан ал жактагы мигранттар эми эмне болот?!" - деп ызы-чуу салышат. Өзбектердин мигранттары биздикинен бир нече эсе көп. Өзбек бийлиги, расмий Ташкент Жамааттык коопсуздук келишими, Бажы биримдиги сыяктуу уюмдарга кирбей эле койду. Ташкентке асмандан таш жааган жок да. Алар өздөрүнүн көп тарамдуу саясатын улантып жатат. Бул жерде биз мигранттарыбызды курал катары колдонуп, эгемендигибизге эч качан шек келтирбешибиз керек. Ушул дагы биздин эски, кулчулук мүнөзүбүз менен байланыштуу болуп жатат.

Латын графикасын, алфавитин кайра калыбына келтирсек эле Кремль бизди жазалайт деп, бийликтин айрым өкүлдөрү да ушул ойго жетеленип жатат. Эч ким эч кимди жазалабашы керек. Көп тарамдуу, дипломатиялык багыттагы мамлекет өзүнүн ички саясатын жүргүзүш үчүн бөлөк өлкөдөн эч кандай уруксат сурабашы шарт. Эгемендигибиздин баркына жетип, ошон үчүн күрөшүүгө тийишпиз.

- Эч нерсе болбойт деп айтып жатпайсызбы? Бирок Кремль айрым учурда биздин тил саясатыбызга же Бишкектин башка бир кадамдарына мигранттарды колко кылып кыр көрсөткөн учурлары бар. Эмне үчүн биз совет мезгилиндеги тарыхыбызга кайра кайрылып, калыс баа берели десек, же десоветизация тууралуу маселе көтөрсөк, Кремль тырчыйт?

Тынчтыкбек Чоротегин: Алыке кошумчалаар. 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхы боюнча бизде жазылган эмгектерге Орусиянын айрым окумуштуулары өздөрүнүн биздеги элчиликтери аркылуу тырчыгандай мамилесин билдиришти. Атүгүл бир тарыхчы айым ошол 16-жылкы көтөрүлүштүн жана оторчулук доордун тарыхын өз алдынча жазышыбыз керек экен, борбор азиялыктар бузуп жатат деп, жакында ички теле каналдардан айтып чыкты. Бирок ар бир эл өз тарыхын өзү жазууга тийиш. Мен бир эле мисалды айттым.

Аалыбек Акунов: Ушул эле ойду уласак. СССР жоюлду, эгемен болдук деген маселе бир эле акты менен бүтүп калбайт экен да. Эгерге мурда СССР 15 республикага бөлүнсө, эми ошол бөлүнүү андан ары жүрүп жатат. Ошол процесс учурда абдан ылдам темпке түштү. Баары өзгөрүп жатат. Борбор мурда Фрунзе деп аталчу да. Эми Бишкек деп өзгөрттүк. Бирок ошол Бишкектин ичиндеги төрт райондун аты дагы деле коммунисттик да. Ошолордун аталышын өзгөртөлү деп, парламентте маселе көтөрүлгөндө биз жакшы болот турбайбы деп кубанып калдык. Бирок ошолорго жергиликтүү коммунисттердин ысымын берели дешкени - аң-сезимдин өзгөрбөй жатканы. Коммунист дегени бул идеянын кишиси, анын улуту болбойт да. Орус коммунист жаман, кыргыз коммунист жакшы деген туура эмес да. Эгемен мамлекет катары ошол коммунисттик идеологияга өз мамилебизди билдиришибиз зарыл, анткени биз андан баш тарттык. Райкомдун биринчи катчысынын 100 жылдыгын өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүп жатышпайбы. Биз ушинтип коммунисттик лидерлердин юбилейлерин эле өткөрүп калдык. Бирок ошону менен бирге эле ошолордон запкы тарткан, алар репрессия кылган кишилерди да эскерип жатабыз. Репрессияны ким кылды? Репрессияны америкалыктар келип кылган жок да! Репрессияны коммунистер кылды да! Элди бөлүп-жарбайлы деп, азыр алардын аты-жөндөрүн ачык айтпай жатышат. Ким айгак болгон, ким-кимди чапкан - ошолордун аты-жөнү архивде жазылып турат да. Алар өзүбүздүн эле коммунисттер болгон да.

- Репрессия курмандыктарын да, партократтарды да эскерип жатабыз деп айтып жатасыз да, туурабы?

Аалыбек Акунов: Ооба, экөөң тең сыйлап, экөөнө тең эстеликтерди коюп жатабыз. Экөөнүн тең юбилейлерин өткөрүп жатабыз.

Подкастты бул жерден угуңуз:

Тынчтыкбек Чоротегин: Алыкенин сөзүн ушул жерден улап кетейин. Мисалы, Алыке жазган бул китепте Усубалиев тууралуу дагы, Раззаков тууралуу дагы калыс жазылган. Бизде юбилейлик маареке алдында бир киши жөнүндө (мисалы, Усубалиев же Раззаков жөнүндө) сөз болсо жалаң мактап туруп алышат. Ал эми бул китепте болсо андай эмес. Алардын өзү да репрессиячыл, жазалоочу машинанын бир бурамасы болгондугу так көрсөтүлүп жатат. Экөө тең коммунисттик режимдин ыктыярдуу аткаруучулары болгон жана учурунда экөө тең жазалоону жүргүзүшкөн. Мисалы, Кубанычбек Нурбеков сыяктуу бир катар көрүнүктүү инсандар Усубалиевдин учурунда жазаланса, Раззаковдун учурунда манас таануучулар жазаланган. Ушулардын баардыгын окурман аңдап-түшүнсүн үчүн автор жанагы фактыларды ийне-жибине чейин көрсөтүп жазган. Кийинки токсонунчу жылдардагы эгемендик жылдарда бизде жемкорлук кантип пайда болгондугу, Бернштейн деген сыяктуулар кантип келип чыккандыгы фактылардын негизинде көрсөтүлгөн.

Бизде Аскар Акаевди же Курманбек Бакиевди кайра алып келип, кайра төргө отургусу келген кишилер бар. Бирок бул китепте тиги президенттердин Кыргызстандын тагдырына орду толгус зыян келтиргендиги жөнүндө маалыматтар камтылган. Аталган факты-маалыматтарды салыштырып окубастан, бир беткей караганда, сиз башында айтып өткөндөй деколонизация, десоветизация жагы өксүк болуп кала берет.

"Истеблишменттин эски саясаты"

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө. Фрунзе (Бишкек) ш., 27.10.1990. - Кыргызстандагы коммунисттик режимге каршы "КДК" уюштурган саясий ачкачылык шартында Кыргызстан Компартиясынын ошондогу лидери Абсамат Масалиев президенттик алгачкы шайлоодо өтпөй калып, Жогорку Кеңеш 1990-жылы 27-октябрда туңгуч президент катары реформаторлор канатынын өкүлү, академик Аскар Акаевди шайлады. Бул сүрөт А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учурунда тартылган. Анын артында – Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Жогорку Кеңеште ант берүүдө. Фрунзе (Бишкек) ш., 27.10.1990. - Кыргызстандагы коммунисттик режимге каршы "КДК" уюштурган саясий ачкачылык шартында Кыргызстан Компартиясынын ошондогу лидери Абсамат Масалиев президенттик алгачкы шайлоодо өтпөй калып, Жогорку Кеңеш 1990-жылы 27-октябрда туңгуч президент катары реформаторлор канатынын өкүлү, академик Аскар Акаевди шайлады. Бул сүрөт А.Акаевдин президенттикке ант берип жаткан учурунда тартылган. Анын артында – Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы, Кыргызстан Жогорку Кеңешинин төрагасы Абсамат Масалиев. 1990-жылдын 27-октябры. “Майдан” эркин гезитинин архивинен.

- 1980-жылдардын аягында, 90-жылдардын башында ушундай кыймылдар жигердүү башталган деп агай жогоруда айтып кетпедиби. Эмне үчүн кийин кайра ушул партократтар саясий аренага чыгып алышты? Эмне үчүн ошол токсонунчу жылдардагы демократиялык кыймылдардын чынжыры үзүлүп калды?

Тынчтыкбек Чоротегин: Кой терисин жамынган карышкырлар ар дайым болот экен. Бизде үч ынкылап болуп өтпөдүбү. Анан эле баягы - муну истеблишмент деп коёт - бийликтеги катмарлар жаңы бийлик ээсине ыктап алып, эски саясатын жүргүзүп келишти. Өздөрүн демократ деп айтышат, а иш жүзүндө демоктарияга каршы иштешет.

Аалыбек Акунов: Ошол нерсе бул китепте алгачкы президент Акевдин мисалында жазылды. Акаевге демократияны байланыштырышып, демократиялык коомду курабыз деп ишенишкен экен да. Муну ал өзү да айтыптыр. Чын-чынына келгенде Акаев демократ эмес экен. Ошону далилдеп жаздым. Параграф да «Акаев демократ болгон эмес» деп аталат. 1990-жылы 25-майда драмтеатрда уюштуруу иш-чарасы болуп, 24 уюм биригип, КДК түзүлбөдүбү. Ошол КДК 25-майда чогулганы менен, ага чейин кызуу даярдыктар жүргөн. Ошол даярдыктан жүрүп жатканда, ага каршы партия да даярданды. Бийлик башында Масалиев турган. А Акаев Москвада депутат экен. Ал Москвадан Акаевди: "Сен келип буларды кичине тизгинде, биз тарапка бур", - деп чакыртып жатпайбы. Анан Акаев келип кыйытып коммунисттик партияны жактап сүйлөптүр. Ал жерде демократтар отурган да. Алар кол чаап сүйлөтпөй, аны трибунадан кубалап түшүшкөн.

КДК кыймылы. 1991-жыл
КДК кыймылы. 1991-жыл

Ошентип, ал кайра кетет. Учурдагы белгилүү журналисттер Кубат Чекиров менен Бакыт Орунбеков ошоякта университеттин журналистика бөлүмүндө окуп жүрүшкөн экен. Алар гезит чыгарышып, жайында Акаевди издеп таап, маек алышыптыр. Ошол фактыны келтирдим. Алар: "Аскар Акаевич, баардык республикаларда демократиялык процесстер жүрүп жатат, сиз дагы Кыргызстанга барып, президент болуп демократияны орнотпойсузбу?" - деп сурашса, Акаев: "Ой, балдар! Мен илимдин кишисимин. Анүстүнө партиянын акырынан тамак жеп калдым. Мен партократмын. Бийликке демократтар, жаштар келгиле", - деп жооп берет. Анан эле үч-төрт айдан кийин, октябрь айында президент болуп калып жатпайбы. Президент болгондон кийинки алгачкы кадамдарын талдап көрсөк, демократияны курайын деген ою да жок экен, айткандары куру сөз экен. Баардык кылган иши авторитардык режимди көздөптүр. Ушунун баарын тизмектеп жаздым.

Президент аталган менен Акаевде кадыр-барк болгон эмес да. Саясат таануу илиминде бийлигиң болгон менен кадыр-баркың жок болсо, анда сенин чечимдериң ишке ашпайт деп айтылат. Кадыр-барк болуш керек. Мисалы, Масалиевдин кадыр-баркы бар эле, а Акаевде жок болчу. Анткени ага андай кадыр-барктын кереги деле жок эле. Балким, илим жагында болгондур. Бирок бийликте жок болчу. Ошол себептүү авторитардык режимди түздү да.

Тынчтыкбек Чоротегин: Бул тууралуу мен кошумчалап айтып кетейин. 1994-жылдын сентябрындагы окуялар тууралуу айтпай, көбүнчө аттап кетишет. Бизде парламентаризмге эң чоң сокку урган, Акаевдин эң зыяндуу иши дал ошол Жогорку Кеңешти жансыздандырып салганы болду. Эркин депутаттарды жасалма түрдө келтирбей коюп, парламенттин ишине жасалма түрдө тоскоолдук кылган. Ал эми ага кызмат кылгандарга, (алардын ичинде Апас Жумагулов да бар эле) тактап айтканда, эгемен өлкөбүздөгү демократияны түптөөгө каршы чыккандарга эгемен мамлекеттин баатыры деген наам берилип жаткандыгынын өзү да эки жүздүүлүк. Ошондон кийин ал референдум өткөрүп, президенттик бийликти күчөтүп, президентти да, аткаруу бийлигин да көзөмөлдөгөн көзөмөл палатасы деген болгон, ошону президентке баш ийдирген. Ага чейин ал Жогорку Кеңешке баш ийип турган. Жанагы алтын кризиси боюнча депутаттар импичмент жарыялаганга жакын калышкан. Ошентип, парламент кол бала болуп калгандан кийин анын арааны ачылды.

Аалыбек Акунов: 1990-жылы октябрь айында президент болуп шайланбадыбы. Жогорку Кеңеш, депутаттар шайлады. Ал эми 1991-жылы 12-октябрда элдик шайлоо өткөрүп, эл тарабынан шайланды. Ошол шайлоо мыйзамды одоно түрдө бузуу менен өткөн. Бул демократтын кылар иши эмес да. Биз дайыма 31-августту декларация кабыл алынган күн катары белгилейбиз. Бирок ошол күнү отурум болгон. Декларациядан бөлөк да маанилүү документтер кабыл алынган. Ошол документтердин биринде коммунисттик партия жоюлсун, менчиги улутташтырылсын деген чечим кабыл алынган. Отурумда биринчи жолу Кыргызстанда президентти шайлоо жөнүндө мыйзамды кабыл алышкан. Буга чейин андай мыйзам болгон эмес. Мына ошол президентти шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 8-беренесинде талапкерди көрсөтүүнүн жол-жобосу жазылган.

Талапкерди партиялар, коомдук уюмдар көрсөтөт деп айтылган. Атүгүл өзүн-өзү көрсөтсө болот деп да белгиленген. А эгер эч ким көрсөтпөй калса, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен көрсөтсө болот деп жазылган. Ошол мыйзамды кабыл алышкандан кийин, 10-сентябрда, 10 күндөн кийин гезитке чыгат. Гезитке жарыялангандан кийин күчүнө кирет деп жазылып турат. Бирок ошол эле күнү, отуз биринде (күчүнө кире электе) Жогорку Кеңеш Акаевдин талапкерлигин көрсөтөт. Тарыхта легендарлуу деп айтылып калган парламент эч кандай легендарлуу болгон эмес. Ал жөн эле чөнтөк парламент болгон. Ал жалаң коммунисттерден турган кошоматчы парламент болгон. Ошол себепүү Акаевди ошентип көрсөтүп коюшат. Ал эми 8-беренеде такыр эч ким көргөзбөй койсо гана Жогорку Кеңеш көрсөтөт деп жазылып турбайбы. А депутаттар чү дегенде эле көрсөтүшкөн. Ал 96% менен утуп жатпайбы. Шайлоону да октябрдын он экисинде шашылыш түрдө өткөрүшкөн. 12-октябрда өзү шайланса, 13-октябрдагы биринчи жарлыгы Бернштейнди дайындоо тууралуу болгон. Китепте ушулардын баары жазылды.

Тынчтыкбек Чоротегин: Угарман, окурмандар биз сөз кылып жаткан китеп жалаң Акаев жөнүндө экен деп түшүнүп калышпасын. Бул китепте ар бир президенттин бийлиги талданган, алар тууралуу кеңири маалыматтар камтылган. Мисалы, Курманбек Бакиев кантип авторитардык режимди чыңдоого аракет жасагандыгы, Алмазбек Атамбаевдин да ушундай аракет жасагандыгы айтылат. Алмазбек Атамбаев менден кийин өзүмдүн досум президент болсун деп, ал дагы чоң зыян келтирген. Анан аны Медведев-Путин сыяктуу оюнга айландыргысы келди. Бирок президент болуп алган досу кайра аны түрмөгө камап койду. Иш жүзүндө абакка Атамбаев эле эмес, биздин демократиялык багыттын өзү түштү.

"Деколонизация дегенди тез арада жандандырышыбыз зарыл"

“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын" өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы. Ж.Жекшенин жеке архивинен.
“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын" өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы. Ж.Жекшенин жеке архивинен.

- Мунун өзү постсоветтик чөлкөмдө бийликте дагы деле автократтар же жеке басар бийлик кала бергенин көрсөтүп жатат. Ал эми Балтика өлкөлөрүндө Советтер Союзу тараганга чейин окуялар таптакыр башка нукта өнүгүптүр. Соңку эле жаңылыктарды карасак, мындан бир ай мурда Литвада коомдук жайлардагы десоветизация - совет мезгилиндеги көчөлөрдүн аталыштарынан, эстеликтерден арылуу боюнча мыйзам кабыл алынды. Мыйзамды окусам: "Тоталитардык жана авторитардык режимдердин жана идеологиянын үгүт-насаатына туюу салынсын" деп жазылыптыр. Балтика өлкөлөрүндө советтик жашыруун архивдерди да ачып салышты. Бул процесс бизге окшогон Борбор Азиядагы өлкөлөрдө жай жүрүп жатат. Мунун себеби эмнеде?

Аалыбек Акунов: Ошол тууралуу да китепте жазылды. Балтикадагы жана социалисттик лагерге кирген Чыгыш Европадагы өлкөлөрдө демократиялык процесстердин ылдам кеткени аларда совет бийлине чейин демократия болгон. Совет бийлиги ал демократияны жок кылган да. Алар мурдагы демократияны кайра калыбына келтирди. А биз болсо демократияны жаңыдан түптөп жатабыз. Чоң айырмачылык ушунда. Аларда демократиянын салты, эрежелери болгон. Кийин коммунистер басып алгандан кийин советтик диктаторлук бийликти орноткон. Ал эми бизде, Борбор Азиядагы азыркы беш республикада ошондой бир изденүү жүрүп жатат. Ар кимиси өзүнүн жолун издеп жатат. Ошол жолду издөө процесси бизде да жүрүп жатат. Биз өзүбүз тажрыйба топтоп жатабыз. Басып өткөн отуз жылдык тарыхыбызды изилдеп, ошондон туура тыянак чыгара тургандай жерге келдик.

Тынчтыкбек Чоротегин: Борбордук Азия өлкөлөрдүн ичинен либералдык аракеттер бизде биринчи башталды. Мисалга алсак, "Ата-Бейит" көрүстөнүнүн ачылышы деле бизге жакшы жардам берди. Тилекке каршы, мындан башка эч нерсе жасай элекпиз. Архивдер дагы эле жабык бойдон. Ал эми Өзбекстанда азыркы президенттери Мирзиёевдин тушунда репрессия курмандыктарынын музейлери дээрлик ар бир облуста ачылып жатат. Эгемендик кыймылы болчу деп, басмачылык кыймылын толук акташты. Ушул сыяктуу иштер жүрүп жатат. А бизде башында жакшы башталып, кийин токтоп калды.
Казакстанда да жылыш бар. Алар «Алаш Ордого» жана анын лидерлерине арналган бир нече томдогон китептерди чыгарышты. Бизде болгону Жусуп Абдырахманов жана башкалар тууралуу он томдук гана архивдик маалымат жарыяланды. Бул мухиттин бир тамчысы гана. Биздин бийлик башындагылардын да, кээ бир илимдин төбөлдөрүнүн да мээсинде туура эмес кылып, Кремлдин жинине тийип коюшубуз мүмкүн деген ой сиңип калган. Биз өз тагдырыбызды өзүбүз чечишибиз керек. Балтика боюндагы, Чыгыш Европадагы, коңушу Монголиядагы багыттарды эске алууга тийишпиз. Ошондуктан сиз берүүнүн башында айтып өткөн десоветизация жана деколонизация дегенди тез арада жандандырышыбыз зарыл.

"Улуттук крокодил" тууралуу

- Сиз Өзбекстанды, Казакстанды мисал келтирип жатпайсызбы. Мага аларда тарыхый эс-тутумду ойготуу катуу жүрүп жаткандай сезилет. Ушуну улай менде бир суроо пайда болду. "Улуттук крокодилдер" тууралуу уктуңуздар да. Орусиядагы илимий жыйында биздин окумуштуулардын бири ушундай сөз айтып, коомчулукта катуу талкуу болуп кеткенден кийин ал илимпозго сөгүш беримиш болдук. Ушундай кеп-сөздөр каяктан чыгат? Биздин окумуштуулардын көз карашы, деңгээли ушундай болсо, жалпы көпчүлүк каякка барат?

Тынчтыкбек Чоротегин: Профессор Аалыбек Акуновдун китеби дал ошондой ой жүгүрткөндөргө багытталган. "Силер муну окугула, өз тарыхыңарга башкача көз караш менен карап көргүлө" дегендей. Менимче, бул ошол жакка барып алып, жагынып сүйлөгөн жалгыз киши эмес. Андайлар бул жерде да абдан көп. Атүгүл бул жерде туруп алып, Орусияга кайра кошулуп алалы дегендер да жок эмес. Жаштык кезиндеги кээ бир жакшы көрүнүштөрдү эстеп, советтик түзүлүштү эңсегендер да бар. Алар СССРдин зыяндуу жактарын көргүсү келбейт. Жаштыгы ошол доордо өткөнү үчүн баардыгы жаркын көрүнө берет. Ошолор сыяктуу орусиячылдарды тарбиялаш үчүн алардын колуна да мына ушундай ошол коомду тыкыр иликтеп-талдаган данектүү китептерди беришибиз абзел. Ошондон кийин да алардын көз карашы өзгөрбөсө, менде мындай бир сунуш бар. Эгеменчил, жарандык көз карашты чагылдыра албаган кишилерди жогорку окуу жайларды башкарууга жолотпош керек. Анткени алардын моралдык акысы жок.

Аалыбек Акунов: Ушул китепте аталган маселенин экинчи жагдайы жазылды. Кыргызстан өз алдынча эркин мамлекет боло албай кала турган болду, өзүн-өзү башкара албай кала турган болду, башкалардын этегин кармабаса оокат кыла албай турган болду дегенге жеткирип жатышат да. Демократиянын баркын кетирип жатышат. "Демократия дегениңер ушубу?! Жыргаткан жок го?! Андан көрө совет мезгили эле жакшы турбайбы! Орустар менен эле болгонубуз жакшы болчу" - дешип, элдин башын айлантып жатышат. Демократиянын эң негизги шарты – бул таза шайлоо, башкача айтканда, тандоо эркиндиги. Отуз жылда бир таза шайлоо өткөн жок. Акаев биринчи шайлоосуна эле одоно мыйзам бузуулар менен барган. Демократия болсун үчүн таза шайлоо болууга тийиш. Таза шайлоодо эл өзүнүн тандоосун билдирет да. Отуз жылдан бери элдин тандаганын көрө элекпиз. Биз демократпыз, демократияны курабыз, демократиялык жолду тандадык деген менен демократиянын өзү жок. Жок нерсени күнөөлөбөш керек да. Учурдагы биздеги кыйынчылыктарга демократия күнөөлүү эмес, демократиянын жоктугу күнөөлүү деген идея китепте айтылган.

Демократия иш жүзүндө орноп, шайлоо таза өтүп, сөз эркиндиги болуп туруп анан жашоо жаман болсо, анда демократия жаман экен деп айтат элек. Бийлик биз демократиялык жолду тандап алдык деп жар салганы менен, биз ал жолго али түшө элекпиз да.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG