Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

Акаев: Горбачёв Кыргызстандын эгемендигин колдогон


CCCРдин президенти Михаил Горбачёв Бишкекте Кыргызстандын Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылып жаткан учур, 1991-жылдын 5-ноябры.
CCCРдин президенти Михаил Горбачёв Бишкекте Кыргызстандын Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрүнө кайрылып жаткан учур, 1991-жылдын 5-ноябры.

91 жашында көз жумган мурдагы советтик лидер, СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв тууралуу аны менен бир нече жолу жолуккан мурдагы кыргыз президенти Аскар Акаев "Азаттыкка" маек курду.

- СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачёв 91 жашында көз жумду. Сиз Советтер Союзундагы 80-жылдардын аягы жана 90-жылдардын башында Горбачёвдун тагдырын жана жалпы эле тарыхтын нугун өзгөрткөн окуяларга аралашкансыз. Михаил Горбачёвдун артында калтырып кеткен негизи мурасы деп сиз эмнени эсептейсиз?

Аскар Акаев: Михаил Сергеевич Горбачёв, менимче, 20-кылымдагы эң атактуу, эң тарыхый адамдардын бири, саясий лидер катары тарыхта өзүнүн чоң изин калтырды. Анткени ал 1985-жылы Советтер Союзунда биринчи жолу адамдык жүзү бар социализм курам деген чоң демилге, чоң максат менен иштей баштады жана демократия, эркиндик алып келди. Себеби, Советтер Союзунда сөз эркиндиги өтө тартыш эле.

Советтер Союзунун орунда ондон ашык эгемен мамлекет пайда болду. Ал ошолордун бардыгынын тарыхында эң чоң роль ойноду деп эсептейм.

Ал киши дүйнөлүк саясатка жаңы ой жүгүртүү алып келди жана чоң программасын баштады. Анын эң чоң жетишкендиктери - бул Батыш менен социалисттик дүйнө ортосундагы стратегиялык тең салмактуулуктун сакталышына, өзөктүк куралга чек коюу боюнча эң чоң демилгелерди көтөрүп, Батыштын чоң лидерлери менен макулдашууга жетише алганы.

Менимче, зор тарыхый иш жасап кетти. Ал кишинин иштери эч качан унутулбайт. Тарыхтагы изи кылымдар бою сакталат.

- Сиз буга чейинки маектериңизде Михаил Горбачёв менен алгач ирет 1989-жылы жолукканыңызды айткан жайыңыз бар. Горбачёв СССРдин президенти катары акыркы сапарын 1991-жылдын ноябрында Кыргызстанга жасаганы да белгилүү. Ал киши менен президент катары жакындан сүйлөшкөнсүз. Андан бир нече күн өтпөй Советтер Союзу расмий ыдырап, Горбачёв башкара турган мамлекети жок калган. Ошол кезде Михаил Горбачёв СССРден кийинки доор, эгемендигин жарыялаган жаш мамлекеттер тууралуу кандай ойлору менен бөлүштү эле?

- Эң оболу, биз 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялаганда Михаил Сергеевич Горбачёв эч каршылыгын көрсөткөн жок. Каршы сөз айткан жок. Ал киши туура тапты.

Себеби, 19-августта ГКЧПнын убагында биз, Кыргызстан, Горбачёвдун СССРдин президенти, реформатор катары колдодук. Демократияны, эркиндикти алып келген жетекчи катары колдодук. Ошондуктан эгемендүүлүктү жарыялаганда Кыргызстанга эч кандай каршы сөзүн айткан жок.

Тескерисинче, өзүң айтып кеткендей, ноябрь айында Советтер Союзунун акыркы президенти катары биринчи жолу расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

Кыргызстанга келип, жер реформалары, демократия эркиндик, сөз эркиндиги кандай ишке ашып жатканын өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угуп, абдан сүйүнүп, бизди абдан колдоп кеткен. Андан көп убакыт өтпөй СССР кулап калды.

Дагы бир чоң нерсени айтат элем. Горбачёв дүйнөдөгү жаңы ой жүгүртүү саясатынын автору катары белгилүү. 1985-жылдан баштап биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жардамы менен Ысык-Көл форумун уюштуруп, ага бүткүл дүйнөдөн эң атактуу адамдарды чакыртып, «дүйнөнү кандайча өзгөртөбүз деп, согуш болбосун, атом бомбасы колдонулбасын, адамзаттын алдындагы эң маселелерди биргелешип чечели» деген идеяларын алга сүрөгөнүн да айта кетким келет.

Кыргыздар айткандай, Михаил Сергеевичтин арты кайрылуу болсун! Ал кишинин адамзаттын алдында эмгеги зор. Тарыхый адам. Кошумча айтайын дегеним, ал киши менин да президентим.

- Аскар мырза, ошондо Михаил Горбачёв Кыргызстандын эгемендигин колдогон десек болобу?

- Колдогон, сөзсүз. Биз эми СССРден чыгып кетели деген максат койгон эмеспиз да. Горбачёвдун ошол эле эркиндик, демократия саясатынын уландысы болуп калмак. Ошондуктан ал киши колдогон.

Профессор Илзе Циртаутас, Чыңгыз Айтматов, Михаил Горбачев ж.б. “Ысык-Көл шеринесинин” катышуучулары менен. Кыргызстан. 18-июль 1997-жыл.
Профессор Илзе Циртаутас, Чыңгыз Айтматов, Михаил Горбачев ж.б. “Ысык-Көл шеринесинин” катышуучулары менен. Кыргызстан. 18-июль 1997-жыл.

- Михаил Горбачёв СССРди башкарып турганда кансыз согуш токтоду, Советтер Союзу ыдырап, Кыргызстан сыяктуу эгемен өлкөлөр пайда болду. Дүйнө анын көрөгөчтүгүн баалады. Ошентсе да Орусияда жана айрым мурдагы советтик республикаларда СССРдин ыдырашына күнөөлөгөндөр да жок эмес. Сиздин баамыңызда Горбачёвдун башкы катачылыгы эмне болгон? Ал кулап бараткан, алсыраган державаны демократиялаштыра алат беле?

- Сөзсүз катасыз адам болбойт. Дүйнөнүн тарыхында ката кетирбей иштеген бир дагы лидерди таба албайсыңар. Ошондой эле Михаил Сергеевич да тарыхый лидер катары кетирген каталары да болгондур. Бирок, менимче, ал кишинин дүйнөнүн тарыхындагы жаңы курулуш, жаңы бурулуш жагынан жасаган иштери абдан көп. Ошондуктан бул кишинин позитиви көп.

- Михаил Горбачёвдин доорунда башталган процесстердин соңунда эгемендикке жеткен Кыргызстан бүгүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. Бул убакыт ичинде өзүңүз түздөн-түз баштан өткөргөн оош-кыйыштуу окуялар болду. Соңку геосаясий кырдаалды, дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү эске алганда Кыргызстандын эгемендигин бекемдөө үчүн эмне керек? Эмне кылуу керек?

Аскар Акаев: Эң оболу, калайык калкыбызды, кыргыз калкын бүгүнкү салтанаттуу эгемендүүлүк менен чын жүрөктөн куттуктагым келет. Элибиз тынччылыкта болсун. Элибизге мен ынтымак, биримдик каалайм. “Ырыс алды ынтымак” дегендей, биримдикте болсо, менимче, Кыргыз мамлекетинин, кыргыз калкынын келечеги кең деп эсептейм.

Өсүп-өнүккөн мамлекет курууга толук мүмкүнчүлүк бар. Эң негизгиси, биримдикте жана ынтымакта болуп, келечекке умтулуу керек. Эгерде биз артыбызды карап, артыбызда болгон кемчиликтердин баарын эле талкуулай берсек, анда эч кандай жакшылыкка жетпейбиз.

Мына Советтер Союзунун ураганынын эң бир негизги фактору ошол болду. Себеби улуу согуштан кийин Советтер Союзу өтө өсүп-өнүккөн мамлекетке айланган. Биринчи болуп космоско чыкканбыз. Биринчи компьютер жасаганбыз. Биринчи атомдук электр станциясын курганбыз. Саясатчылар, лидерлер, мына Хрущев Сталинди жамандады, анан Брежнев келип, Хрущевду жамандады. Мына ошентип отуруп биз элдин энергиясын артка буруп койдук.

Ошондуктан мен өткөн кеткенге көп көңүл бурбай, келечекти ойлонуп, бийик максат коюп, жеңди түрүп, жакшылап маңдайдан тер чыгарып иштеп, көп-көп жакшылык жаратса, ошондо келечегибиз кең болот.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG