Борбор Азия өлкөлөрүндө президенттердин саламаттыгы жабык тема болуп, ар түрдүү божомолдор жана ушактар менен коштолуп келет. Президенттер ооруп калганы тууралуу сөз тараганда көп учурда расмий түшүндүрмө берилбейт.
Тажикстан: ачык калган суроолор
2026-жылдын февраль айынын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон эки жума бою коомчулукка көрүнбөдү. Социалдык тармактарда жана айрым интернет булактарында тараган анын "жүрөгү ооруп калганы", "чет өлкөдө дарыланып жатканы" тууралуу тастыкталбаган маалыматтарга расмий комментарий берилген жок.
Президенттин “ооруганы” тууралуу түкшүмөл күчөгөн маалда, 15-февралда Рахмон Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын жетекчиси менен жолугуп, Кытай лидери Си Цзинпинге салттуу Жаңы жыл майрамынын урматына видеокуттуктоо жөнөттү. Талдоочулар муну ушак-айыңдарга кыйыр жооп катары да баалашты. Себеби, мурда мындай куттуктоолор адатта жазуу түрүндө жарыяланчу.
Андан кийин Рахмондун Өзбекстандын жана Казакстандын премьер-министрлери менен жолугушуусунан сүрөттөр, Орозо айына карата видеокуттуктоосу да жарыяланды. Бирок эки жумалык тыныгуу жана анын саламаттыгына байланышкан суроолор ачык бойдон калды.
74 жаштагы Эмомали Рахмондун ден соолугу тууралуу кеп-сөз буга чейин да чыккан, бул тема коомчулукта дайыма кызыгуу жаратат.
Тажикстан - Борбор Азияда лидерлердин саламаттыгына байланышкан маалыматтар жабык болгон жалгыз өлкө эмес. Чөлкөм боюнча талдоочу Брюс Панниердин бул жаатта пикири мындай:
“Бул бир жагынан совет доорунан калган салт. Борбор Азияда 1990-жылдардын башында бул олуттуу маселе катары каралган эмес. Бирок Сапармурат Ниязов (Түркмөнстандын мурдагы президенти – ред.) көпкө чейин элге көрүнбөй калганда, адамдар жетекчилер кайда жүргөнүн жана ден соолугу кандай экенин сурай баштаган. Бул аймакта лидер кыска убакыт көрүнбөй калса - кадимки эле көрүнүш, бирок бир нече жума көрүнбөсө, дароо эле ушак-айың чыгат. Себеби жетекчилердин көбү 60 жаштан өткөн, ал эми расмийлер болсо адатта “эс алууда” же “иш менен алек” дегенден башка маалымат бербейт”.
Өзбекстан: мурас калган маалыматтык саясат
Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин он жылдык президенттик убагында анын саламаттыгына байланыштуу эч качан комментарий берилген эмес. Ал тургай анын эс алууга чыккан-чыкпаганы тууралуу да маалымат таратылбайт. Расмий билдирүүлөрдө президент дайыма иштеп жатканы көрсөтүлөт.
Лондондогу Central Asia Due Diligence борборунун жетекчиси, саясат талдоочу Алишер Илхамов бул көрүнүштү өлкөдөгү башкаруу системасына байланыштырат:
"Президент же өкмөт башчылары да катардагы адамдар. Айрым учурда жеңил ооруларга чалдыгышы ыктымал, кээде катуу ооруп, жок дегенде бир аз мөөнөткө өз милдетин аткара албай калышы мүмкүн. Мындай жагдайлар үчүн мыйзамдарда атайын тартиптер каралган. Мындай механизмдер дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Борбор Азия мамлекеттеринде да, жок дегенде формалдуу түрдө, белгилүү бир деңгээлде ушундай жоболор каралган. Бирок бул өзгөчө өнүккөн Батыштагы демократиялык өлкөлөрдүн мисалында ачык көрүнөт. Ал жактарда мамлекеттик институттар жетиштүү өнүккөн жана бийлик бутактарынын чыныгы бөлүнүшү иш жүзүндө бар. Башкача айтканда, бардык бийлик бир гана президенттин же премьер-министрдин колуна топтолуп калбайт. Кошумча механизмдер бар. Бул бийлик боштугуна же чечим кабыл алууда үзгүлтүккө жол бербөөгө жардам берет. Айрыкча улуттук коопсуздукка коркунуч жаралган учурда бул өтө маанилүү”.
Байкоочулардын пикиринде, Өзбекстандагы маалымат саясаты мурдагы президент Ислам Каримовдун мезгилинде калыптанган.
2016-жылдын август айында Каримовдун оор абалда ооруканага жаткырылганы тууралуу алгач эл аралык жана расмий эмес булактар кабар тараткан. Расмий маалымат бир нече күндөн кийин гана берилген. 2-сентябрда мамлекеттик телеканал аркылуу анын каза болгону жарыяланган. Ошол учурда маалыматтык боштук жаралып, ар кандай божомолдор тарап кеткен.
Бул жагдай коомчулуктун ишенимине кандай таасир этерин Брюс Панниер мындайча түшүндүрөт:
“Ислам Каримов 2016-жылы инсульт менен ооруканага жаткырылганы расмий маалымдалганда, коомчулук дароо эле анын каза болгонун божомолдой баштаган. Анткени буга чейин мындай кабарлар айтылган эмес. Ошондуктан Борбор Азияда расмий түрдө “президент оор абалда ооруканага жаткырылды” деген маалымат чыкса, көпчүлүк аны каза болду деп боолгойт”.
Талдоочу Алишер Илхамов белгилегендей, аймакта бийликти убактылуу өткөрүп берүү механизминин жетиштүү иштелип чыкпаганы да лидерлердин саламаттыгына байланыштуу маселени татаалдаштырат:
“Өнүккөн өлкөлөрдө вице-президент деген кызмат бар. Эгер президенттин саламаттыгына байланыштуу көйгөйлөр жаралса, бийлик же чечим кабыл алуу укугу толук же убактылуу түрдө вице-президентке өтөт. Өзбекстанда жана жалпы эле Борбор Азияда вице-президент институту жок. Бул көп жагынан авторитардык режимдер үчүн терс тажрыйба менен байланыштуу. Ислам Каримов бийликке жаңы келген кезде вице-президент кызматын киргизип, бул орунга Шукрулла Мирсаидов дайындалган. Бирок көп өтпөй Каримов менен Мирсаидовдун ортосунда пикир келишпестиктер чыккан. Бийлигине коркунуч жаралат деп кооптонгон Каримов 1992-жылдын башында бул кызматты жойгон. Натыйжада, президент ооруп, мамлекетти башкара албай калган учурда аны алмаштыруунун жол-жобосу да иш жүзүндө жокко чыгарылган. Кыязы, бул тажрыйбадан Борбор Азиядагы башка президенттер да сабак алышкан. Бүгүнкү күндө аймактагы дээрлик бир да өлкөдө мындай кызмат жок. Азыр гана Токаев бул маселени көтөрүп, вице-президент кызматын киргизүүнү сунуш кылууда. Бирок авторитардык башкаруунун логикасы жагынан алганда, ал өзүн мүмкүн болгон мамлекеттик төңкөрүш коркунучунан кантип коргой алары түшүнүксүз бойдон калууда”.
Казакстан: президенттин саламаттыгы — мамлекеттик сыр
2025-жылы Казакстанда “Мамлекеттик сырлар жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, президенттердин, мурдагы президенттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгы жана жеке жашоосу тууралуу маалымат мамлекеттик сыр катары каралып, аны таратууга тыюу салынат.
2026-жылдын 5-январында Turkistan басылмасына жарыяланган маегинде 72 жаштагы президент Касым-Жомарт Токаев саламаттыгы тууралуу “ар кандай кеп-сөздөргө” жана арыктап кеткени боюнча суроого жооп берип, ден соолугуна даттануусу жок экенин айткан.
“Кан басымым туруктуу, нормада. Күн сайын йога менен машыгам, бирок медитация кылбайм. Аптасына бир-эки жолу мурдагы профессионал оюнчу менен теннис ойнойм. Чынында тогуз килограмм арыктадым, бул өзүмдү жакшыраак сезүүгө жардам берди”, - деген Токаев.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда да анын саламаттыгы тууралуу маалыматтардан коомчулук толук кабардар болгон эмес.
2011-жылдын июль айында, мамлекет башчысы кыска мөөнөттүү эс алууда жүргөндө, Германиянын Bild таблоиди Назарбаев Гамбург-Эппендорф клиникасында простата безине операция жасатканы тууралуу жазган. Бирок бул маалымат расмий түрдө четке кагылган.
Назарбаевдин ооруп калганы тууралуу расмий маалымат бир гана жолу - 2016-жылы айтылган. Анын басма сөз катчысы президент суук тийип, пландуу дарылануудан өтүп жатканын жана абалы туруктуу экенин, кооптонууга негиз жоктугун билдирген.
Ошол учурда Назарбаевдин Арменияга пландалган сапары да жокко чыгарылган. Айрым маалымат каражаттары бул сапар ылайыксыз деп табылганын жазышкан.
Reuters агенттиги: “Назарбаевдин саламаттыгы тууралуу адатта комментарий бербеген президенттик администрация Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сейрек кездешкен билдирүү жасап, президент суук тийип дарыланып жатканын айтты. Айрымдар муну жуманын соңунда Ереванда өтө турган, Орусия жетекчилик кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынына барбоо үчүн себеп катары колдонулган болушу мүмкүн деп боолголошкон” ,- деп жазган.
Ал кезде Азербайжан менен Тоолуу Карабактагы армян жикчилдеринин ортосундагы жаңжалдан улам Астана менен Еревандын мамилеси чыңалганы тууралуу маалыматтар тараган.
Борбор Азияда калыптанган саясий системалардын өзгөчөлүгүн баалап жатып, Брюс Панниер Казакстан жана башка өлкөлөрдүн мисалында мындай дейт:
“Борбор Азиядагы саясий системаларда президент болсоңуз, ар кандай себептерден улам ооруп жатканыңызды ачык айтпайсыз. Анткени душмандарыңыз болушу мүмкүн. Өзүңүздү коргой албай калган абалыңызды кимдир бирөө пайдаланып кетишин каалабайсыз. Атаандаштар активдешип, ички күрөш күчөшү ыктымал. Ошондуктан жетекчилер саламаттыгы тууралуу ачык сүйлөөнү каалашпайт. Жабык система президент үчүн ыңгайлуу. Анткени мындай шартта бийлик ичиндеги тиреш же күчтөрдүн тең салмактуулугунун бузулуу коркунучу азаят. Бирок коом үчүн бул белгисиздикти билдирет”.
Кыргызстан: салыштырмалуу ачык тажрыйба
Кыргызстан чөлкөмдө салыштырмалуу ачыктык байкалган өлкө катары аталат. Эксперттер муну саясий чөйрөнүн өзгөчөлүгү, жигердүү медиа жана коомдук көзөмөлдүн күчү менен түшүндүрүшөт.
2016-жылы Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде саламаттыгына байланыштуу Нью-Йоркко пландалган сапарын жокко чыгарган. Ал Стамбулга жеткенде көкүрөк тушу ооруп, сапар ошол жерден токтотулганы кабарланган. Ошондой эле Атамбаевди медициналык замбил менен алып бара жаткан сүрөттөр коомчулукка тараган.
2020-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган маалда саламаттыгына байланыштуу Москвадагы Жеңиш парадына катышкан эмес. Аны менен Орусиянын баш калаасына барган делегациянын эки мүчөсүнөн коронавирус аныкталгандан кийин, Жээнбеков үч күндүк изоляцияга алынганы маалымдалган.
2021-жылы президент Садыр Жапаров көзүнө операция жасатканы тууралуу маалымат берилген. 57 жаштагы мамлекет башчысы өзүн сергек жашоо образын карманган лидер катары көрсөтүп, футбол ойноп турарын айтат.
Медиа-эксперт Асел Сооронбаева Кыргызстандагы жагдайды мындай баалайт:
“Өлкөдө авторитардык режим канчалык күчтүү болсо, мамлекет башчысы элден ошончолук алыстайт. Авторитардык деңгээл төмөнүрөөк болсо, жетекчилер элге жакыныраак болот. Мисалы, Кыргызстанда президенттер ооруп калганын жашырбай, ачык айтып келишет. Бул аркылуу “биз да жөнөкөй адамдарбыз” деген билдирүү берилет. Мында маалымат каражаттарынын эркин иштеши да маанилүү. Кыргызстан узак жылдар бою Борбор Азияда “демократия аралчасы” деп аталып, сөз эркиндиги боюнча алдыда болуп келген. Ошондуктан журналисттер президенттин саламаттыгы тууралуу жазуудан коркпойт. Эгер президент эл көзүнө көрүнбөй калса, журналисттер кызыгып, суроо берип, жооп алууга аракет кылышат. Албетте, мамлекет башчысы ооруса бул тууралуу айтылат, бирок деталдуу медициналык корутундулар жарыяланбайт. Ошого карабастан, аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда лидерлердин оорулары тууралуу маалымат берүү тажрыйбасы кеңири тараган”.
Акыркы жылдары жарандык эркиндик боюнча эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын позициясы төмөндөп баратат. 2025-жылы “Чек арасыз кабарчылар” уюму өлкөнү Басма сөз эркиндиги индексинде 144-орунга жайгаштырды. 2022-жылы Кыргызстан 72-орунда турган.
Түркмөнстан: чектелген маалымат
Түркмөнстанда президенттин саламаттыгына байланыштуу маалымат абдан чектелген. Мурдагы президент Сапармурат Ниязовдун мезгилинен тартып эле лидердин жеке жашоосу, анын ичинде ден соолугу тууралуу маалыматтар ачык талкууланбайт. 2006-жылы Ниязовдун каза болгону расмий жарыяланганга чейин саламаттыгы тууралуу кеңири маалымат берилген эмес.
Бул тажрыйба кийин да уланды. Гурбангулы Бердымухамедовдун жана азыркы президент Сердар Бердымухамедовдун мезгилинде да мамлекет башчынын саламаттыгы тууралуу кеңири маалымат жарыяланбайт.
Талдоочу Брюс Панниер муну мындайча түшүндүрөт:
"Бул жерде негизги маселе - көмүскөлүк. Мисалы, 2019-жылы Гурбангулы Бердымухамедов бир айдан ашык убакыт коомчулукка көрүнбөй калганда, анын абалы оор деген сөздөр тараган. Бирок расмий маалымат берилген эмес".
Эл аралык тажрыйба
Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекет башчысынын саламаттыгы көп учурда ачык маалымат катары каралат. Айрым өнүккөн өлкөлөрдө бул коомдук кызыкчылыкка тиешелүү маселе деп эсептелет.
Мисалы, АКШда президенттер дайыма медициналык кароодон өтүп, анын кыскача жыйынтыктары жарыяланат.
Улуу Британияда 2020-жылы премьер-министр Борис Жонсон реанимацияга түшкөнү расмий айтылып, анын ыйгарым укуктары убактылуу өкмөттүн башка мүчөсүнө өткөрүлгөн.
2024-жылы Букингем сарайы падыша Карл III рак илдетине чалдыкканын билдирген. Бир нече айдан кийин анын келини, Уэльс ханбийкеси Кэтрин, видео кайрылуу жасап, Карл III тогуз айга созулган ракка каршы дарылоо курсун аяктаганын жарыялаган. Британ коомчулугу падышалык үй-бүлө мүчөлөрүнүн оорулары тууралуу ачык сүйлөгөнүнө ыраазычылык билдирген. Бул рак менен күрөшүп жаткан жөнөкөй жарандар үчүн да моралдык колдоо катары бааланган.
Европанын бир катар өлкөлөрүндө лидерлердин олуттуу операциялары же оорулары тууралуу расмий билдирүү жасалып, бул маселе ачыктык принцибинин бир бөлүгү катары каралат.
Шерине