Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу демилгеси тууралуу түшүндүрмө берди.
24-августта “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, анын сунушу колдоо таппаса да Сулайман-Тоонун айлана-тегереги иретке келтирилип, көрктөндүрүлө турганын айтты.
“Бул Министрлер кабинетинин же “Ынтымак ордонун” позициясы эмес. Мен көз карандысыз журналистке интервью берип жатып мэр катары оюмду айттым. Анткени мен Сулайман-Тоого бир нече жолу бардым. Сулайман-Тоонун өзүнө эмес анын астына тротуар салып, веложол куруп, жашылдандыралы деген ойдо болгонбуз. Баары тең эле “ЮНЕСКО уруксат бербейт. Ар бир ташын макулдашышыбыз керек” дешет. Биз анан кантип эле Сулайман-Тоону базар кылып, кафе салып башаламандыкка жол бермек элек”, - деди ал.
Жанар Акаев Министрлер кабинети ага Сулайман-Тоого байланыштуу шашылыш чечим чыгарбай турууну билдиргенин кошумчалады.
Жанар Акаев сонку маегинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиевге Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушун берерин айткан. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты.
Сулайман-Тоо Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине карайт. Ал беш чокудан турат: Буура-Тоо, Шор-Тоо, Рушан-Тоо, Ээр-Тоо жана Кекилик учар. Тоонун капталдарында 400гө жакын петроглифтер жана байыркы жазуулар сакталган. Сулайман-Тоо музей комплексинде 33 миңден ашуун экспонат бар, алардын катарына археологиялык табылгалар, этнографиялык буюмдар жана кол өнөрчүлүк үлгүлөрү кирет.
Сулайман-Тоо 2009-жылы 26-июнда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине “Касиеттүү тоо” номинациясы боюнча киргизилген. ЮНЕСКОнун коргоосуна алынган корук 134 гектарды камтыйт. Бул аймакта Ош турак жайы, Рабат Абдуллахан мечити, Асаф ибн Бурхия күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер жайгашкан.
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жашылдандыруу иштерине жана жаңы курулуштарга тыюу салынганын, бардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык ишке ашат. (BTo)
Шерине