Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Жумаев Таласта Нурдан Орунтаевдин аты аталган жаңжал боюнча комментарий берди

Эрмат Жумаев.
Эрмат Жумаев.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен “Тооашкан” компаниясынын жетекчиси Данияр Айбашов “Манас Ордо” комплексинде болгон жаңжал боюнча комментарий берди.

Эрмат Жумаев 23-августта Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо айтылгандай, окуя 22-августта болгон. Данияр Айбашов “жумушка байланыштуу түшүнбөстүктөр болгонун” айтып, “ал чырга курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тиешеси жок экенин” кошумчалаган.

“Ал жерде Эрмат Жумаевич адамдарды тынчтандырып, ажыратып жүргөн эле. Сөгүнгөн адам да Эрмат Жумаевич эмес. Курулушта ар кандай кырдаал болот”, - деди ал.

Эрмат Жумаев болсо “Манас Ордо” комплексинде “ич ара түшүнбөстүктөр болгонун” ырастап, маселе чечилгенин билдирди. Бирок экөө тең жаңжал кимдердин ортосунда чыкканын так айткан жок.

23-августта социалдык тармактарда “Манас Ордодо” мушташ болгону тууралуу видео тарап, Нурдан Орунтаевдин да аты аталган. Маалыматка ылайык, уруш министр “Манас Ордодогу” курулуштун жүрүшү менен таанышуу үчүн барганда чыккан. Видеону тартып жаткан белгисиз адам аны бирөө чапканын айтып, кишилер түртүшүп-тартышып жаканын көрүүгө болот. Видеодо Нурдан Орунтаев да бар. Ал окуя боюнча комментарий бере элек.

Таластагы “Манас Ордо” комплексинде реконструкция иштери жүрүп жатат. Быйыл эгемендик майрамы Таласта белгиленет. (BTo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG